alternatetext Багымдат: 03:51 | alternatetextКүн чыгуу: 05:44 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:05 | alternatetextШам: 20:14 | alternatetextКуптан: 22:10
Макалалар

1911-жылдагы Ала-тоого алаамат салган зилзала жана түрк боордоштордун жардамы

Ала-тоого алаамат салган зилзала жана түрк боордоштордун берген жардамы. Сөз 1911-жылдагы чоң зилзала тууралуу болуп жатат.

🏷️ 4-январь, 1911-жылы Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл аймагында катуу жер титирөө болуп, күчү 8-10 балга жеткендиги айтылат.

Ошол убактагы геолог Карл Богдановичтин маалыматына ылайык, зилзаладан 740тан ашык киши жабыркап, 1094 үй жана 4545 боз үй талкаланган. Андан сырткары 13 миңден ашык бодо мал жана майда жандыктар өлгөн.

 

Жер титирөөдө Каракол, Токмок, Алматы, Тараз, Ташкент шаарлары да жабыркаган. Жалпы Түркстан боюнча 2 миңден ашуун киши каза тапкан экен. Бул кырсыка Осмон түрктөрү ал убакытта 100 миң сомдон ашуун жардам берген.

 

📌 Бул жер титирөөгө Осмон мамлекетинде эки түрдүү жардам кампаниясы жүргөн. Биринчиси Стамбулда татарлар тарабынан ачылган Сырат-ы Мустаким журналы экинчиси Осмон мамлекети муфтияты.

Журнал алгачкы жолу 12-январдагы санында жер титирөө тууралуу жазып, элдин жардамга муктаж экендигин, бирок, тилекке каршы туугандарга эч кандай жардам бере албай колду жайып туруп бергендигин баяндап, кейип жазган. Журналдын кийинки сандарында да дагы элдин абалын, кыйраган үйлөр, суукта калган элди «Түркстанда азап» деген ат менен макала жазып турган.

📌 Көп өтпөй бул кабарды окуп калышса керек балким, биринчи жолу жардам Стамбулдун Бешикташ деген районундагы бир орто мектептин окуучулары жана мугалимдеринен келген. Алар колдорунан келишинче акча топтоп, кат жазып журналдын офисине жиберген. Катта “кыргыздарга, Ысык-Көлдө апаатка кабылгандарга боорубуз ооруйт, аларга жардам” деген мазмунда кат жолдоп, аты жөнүн жазышкан эмес.

📌Февраль этегинде болсо Стамбулдагы Кырым Студенттер Коому конференция өткөрүп, жардам топтошкон. Андагы жардам топтоо ыкмаларынын бири бир кишинин шахзаада белек кылган сааты жана бир баланын калпагы акцияга коюлуп сатылган жана түшкөн пайда Түркстанга топтолуп жаткан акчага кошулган. Бул жардам журналдын жазганы боюнча 1911-жылдын июнь айына чейин жүргөн. Айрыкча Фатих лицейи жана Ченгелкөй аскердик мектебинин окуучулары жана мугалимдери да акча топтоп жөнөтүшкөн.

📸 “Искра» гезитинин 1911-жыл 16-январдагы чыгарылышы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button