alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
ВидеоМакалалар

Бул оюндарды ойнобогула! Исламды жаман көрсөткөн оюндар!

Сиз ойноп жаткан оюндарда исламга карата жек көрүүчүлүк жана аны жаман көрсөтүүгө болгон аракеттер бар экенин байкабасаңыз керек...

Бүгүнкү күндүн жаштары жалпысынан бир күндө болжол менен 40 миллион саат интернетте же оюн ойноого кетирет.

Оюн ойноп жатып өлүп калгандар да бар экенин билебиз. Канчасы ден-соолугунан ажырады. А дагы канчасы күн-түн дебей телефонун кучактап жатып оюн ойгондон башка иш кылбайт.

Эми түрдүү оюндардын ичиндеги жашыруун элементтерди карап көрөлү. Алар Исламга ачык эле душмандык кылып, мусулман жаштарына таасир тийгизгиси келерин көрсөк болот.

Devil May Cry 3: Dante’s Awakening

Devil May Cry 3

Бул оюнду ойноп бир канча баскычтардан өткөндөн кийин маңдайыңызга бир эшик пайда болот. Ал эшик жөн эле катардагы эшик эмес. Байкадыңызбы? Бир караганда арапча жазууларга окшоп кетет. Ооба, адашкан жоксуз. Бул кадимдки Касиеттүү Каабадагы жазуулар. Бул мусулмандардын зыярат кылуучу Ыйык Жайы!

Оюндун бул бөлүмүндөгү эшик жамандыктын эшиги, башкача айтканда ал жамандыктарга ачыла турган эшик. Мунун бетине да Ыйык Каабанын жазууларын атайлап коюп коюшкан.

Guitar Hero III: Legends of Rock

Guitar Hero 3

Бул оюнда болсо түрдүү ноталардын үстүндө секирип, ал ноталардан түрдүү музыка жаратуу керек.

Башка ушул сыяктуу музыкага байланыштуу оюндардын арасында эң популярдуусу. Кыргызстандан да бул оюнга кызыккандардын саны арбын. Көбүнчө өспүрүм кыздарыбыз бул оюнду ойношот.

Оюнду ойлоп тапкан компания Жылына 3 миллиард доллар киреше табат.

Оюндагы гитара чертип жаткан сахнадагы адамдын бутунун астында Аллах деген жазуу арап тилинде жазылганы көрүнөт.

Call of Duty: Modern Warfare 2

Call of DutyCall of Duty

Бул оюнда сиз согуш ичиндеги “көзгө атар” мергендин каарманы болосуз. 2007-жылы бул оюн дүйнөнүн эң мыкты оюну деп табылган.

Эскилиги жетип, тамтыгы чыккан имараттын ичинде дубалда илинип турган сүрөт көзгө урунат. Анын рамкасын жакшылап карасаңыз Арап тилиндегин хадис жазылып коюлган. Анын кыргызча мааниси: “Аллах өзү кооз, Ал кооздукту жактырат” деп жазылганын окусак болот.

Бул ажатканын ичине бул жазуу атайын эле коюлган деп ойлойбуз. Бул да болсо биздин дин душмандарыбыз тарабынан жасалган иш.

Көптөгөн каршылыктардан улам оюн кайра жаңыланып ошол жердеги жазууну алып салышканы белгилүү.

Resident Evil 5

Бул экшн жанрындагы оюнду Япониялыктар иштеп чыккан. Кыргызстанда да популярдуулугу боюнча алдынкы 5 оюндун катарына кирет. Ал эми дүйнө жүзүндө алдыңкы 10дуктун катарында.

Оюнду кызыгуу менен ойноп, китепканага жеткенде жерде бир жыртылган эски китеп жатканын көрөсүз. Бул кадимки биз мусулмандардын Ыйык Китеби болгон Куран китеп. Анын үстүнөн тепсеп өткүлө дегенсип жерге атайын коюп коюшкан.

Call of Duty 2

Мында да ачык жана даана душманчылыкты көрүүгө болот. Бул оюндагы “the battle of the alien” атту бөлүмүндө атайын көзгө көрүнө тургандай кылып арканкы фонго бир имараттын жарылганы көрсөтүлгөн. Жакшылап караганда ал жарылган имарат кадимки мусулмандардын сыйынуучу жайы болгон мечит экени көрүнөт. Силерди каратып туруп эле мечитиңерди бомбалайбыз дегенди көрсөткүсү келген.

Resident Evil 4

Бул дагы экшн жанрындагы популярдуу оюндардын бири. Андагы чоң эишкке түшүрүлгө оймого маани берип караңыз. Жакшылап караңыз. Азыр мен сизге башка сүрөт көрсөтөм. Экөө коёндой окшош бекен?

Мен көрсөткөн сүрөт Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) кабырын эшиги. Мында Масжиди Набави зомбилердин чабуулунан мурда кире турган эшик болуп саналат. Ал эшиктеги бир эле айырма анын үстүнө шайтандын белгисин кошуп койгон.

Бул да атайын жасалганы көрүнүп турат.

Serious Sam 3: BFE

Serious Sam

Бул оюнда болсо дүйнөгө кол салган башка планетадан келгендер менен согуш болот. Анда Азирети Алинин кабырынын сыртындагы жазуулар өзүндөй кылып жазылганын көрөсүз. Кабырдан болсо түрдүү жандыктар чыгат. Экөөнү салыштырганда даана байкалат.

Counter Strike 1.6

Counter Strike

Бул оюнду ойногон эмесмин деп айтчулар арабызда аз эле болсо керек. Контр Страйк оюнунда террористтерди өлтүрүп жатканыңызда же алар сизге кол салганда алардын “Аллаху Акбар” деп кыйкырганын угасыз. Мунун мааниси террористтин мусулман экенин түшүндүрөт. Аны ойногон адам террорист дегенде дароо мусулман адамды ойлоп калат.

Буга көптөгөн мусулмандар каршы чыгып, муну өчүрүп салуун талап кылгандан кийин гана бул үндү башка кыйкырыктарга алмаштырышкан.

Бул биз байкап калган гана оюндар. Биз билбеген дагы канчалаган оюндар бар. Балдарыбыз бул оюндарды ойноп, аларда ислам жөнүндө башкача түшүнүк калыптанышы мүмкүн.

Урматтуу ата-энелер! Балдарыңардын кандай оюндарды ойноп жатканына маани бериңиздер!

Исламды жаман көрсөткөн башка дагы кандай оюндар бар?

Эгер билсеңиз комментарийге жазыңыз. Чогуу талдап көрөлү.

Булак
Көрөгөч ТВOyunlarda İslamofobi

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button