Суроо: Ислам дининде орозонун өкүмү кандай?
Жооп: Ар бир балагат жашына жеткен эркек жана аялга Рамазан айында орозо кармоо парз. Аллах Таала Кураанда: « Оо, ыйман келтирген пенделер! Силерден мурдагыларга парз кылынган сыяктуу эле силерге да орозо кармоо парз кылынды, такыба болууңар үчүн» — деп айткан. Рамазандан башка айлардагы орозолор нафил болуп эсептелет.
Суроо: Орозонун (савмун) тилдеги жана шарияттагы мааниси кандай?
Жооп: Савмундун тилдеги мааниси тыйылуу деген маанини билдирет. Ал эми шарияттагы мааниси, таң аткандан күн батканча жегенден, ичүүдөн, жыныстык катнаш кылуудан орозо кармаймын деген ниет менен тыйылуу.
Суроо: Рамазан айында кандай адамдарга орозо кармабай коюуга уруксат берилет?
Жооп: Оорулуу адам эгер орозо кармаса оорусу күчөп кете турган болсо, сапардагы адамга орозо кармоо оорчулук кылса, анда аларга орозо кармабай коюуга уруксат берилген. Кийин орозо кармоого мүмкүнчүлүгү болгон учурда кайра кармап берет.
Суроо: Оорулуу жана жолоочу адам орозо кармабаган абалында кайтыш болуп кетсе аларга эч нерсе важиб болбойбу?
Жооп: Аларга эч нерсе важиб болбойт.
Суроо: Оорулуу айыкса, жолоочу үйүнө келсе эмне кылуу керек?
Жооп: Орозонун калтырган күндөрүн кайра кармап берет.
Суроо: Булардан башка дагы кимдерге орозо кармабоого уруксат берилген?
Жооп: Боюнда бар жана бала эмизген аялдар эге орозо кармаса өзүнө же баласына зыян боло турган болсо, анда орозо кармабай койсо болот. Калтырган күндөрүн кийин мүмкүнчүлүгү болгон убакта кармайт.
Суроо: Рамазанда орозо кармабоосу важиб болгон адамдар да барбы?
Жооп: Ооба, хайыз жана нифас каны келип турган аялдарга орозо кармоого болбойт.
Суроо: Булар калтырган орозолорун кайра кармайбы?
Жооп: Ооба, кан келүү мөөнөттөрү бүткөн соң кайра кармайт.
Суроо: Кандай адамдарга орозонун калганын кармап берүүнүн ордуна фидя (кармалбай калган орозонун акысын) берүү важиб болот.
Жооп: Рамазанда да, башка убакта да орозо кармоого күчү жетпеген, өмүрүнүн аягына чейин орозонун калганын кармап бере албаган адамга фидя берүү важиб.
Суроо: Фидя кандай болот?
Жооп: Ар бир күн үчүн бир кембагал адамды тойгузуу.
Суроо: Оору же сапар себеби менен орозосун калтырган адам, кийин мүмкүнчүлүгү болгон кезде да орозосун кармабай койсо жана ажалы жетип өлүмгө жакындаса эмне кылуусу керек?
Жооп: Тооба кылып, Аллахтан кечирим тилейт. Жана артындагы калгандарга (валисине) күн сайын бир кембагалды өзүнүн байлыгынан тойгозуп турууну осуят кылат.
Суроо: Рамазан күндөрүндө жаш бала балагат жашына жетсе жана каапыр адам динди кабыл алса эмне кылышат?
Жооп: Күндүн калган бөлүгүндө орозону бузуучу нерселерден тыйылып, кечке дейре орозо кармайт.
Суроо: Кийин ушул күндүн орозосун кармайбы?
Жооп: Жок, бул күн үчүн орозо кармабайт.
Суроо: Рамазандын күндөрүндө эсинен танып калган киши эмне кылат?
Жооп: Ошол эсин жоготкон күн үчүн кийин орозо кармабайт себеби ал күндү орозо кармоого ниет кылган эле. Ал эми эсинен тануусу бир күндөн ашып кетсе, анда кийинки күндөрү үчүн орозо кармап берет.
Суроо: Рамазан күндөрүндө жинди адам айыгып калса эмне кылат?
Жооп: Калган күндөрүн орозо кармайт жана өткөн күндөрү үчүн да орозо кармап берет.
Суроо: Сапардагы адам үйгө келсе, хайыз каны келип жаткан аялдын хайызы бүтсө, бирок экөөсү тең орозо кармоону ниет кылган эмес болсо эмне кылуу керек?

Жооп: Күндүн калган бөлүгүндө, орозонун урматы үчүн аны буза турган иштерден тыйылганы жакшы.

РАМАЗАНДЫН БАШТАЛУУСУ

Суроо: Рамазанда орозо кармоо качан ваажиб болот?
Жооп: Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
— «Жаңы айды көрүп орозону баштагыла жана жаңы айды көрүп оозуңарды ачкыла (орозону токтокула), эгер күн бүркөк болуп ай көрүнбөсө Шаьбанды отуз күн кылып толтургула» — деп айткан. Ошондуктан Шаьбандын жыйырма тогузунда жаңы айды кароо адамдарга ваажиб, эгер жаңы ай көрүнсө орозону баштайт, эгер көрүнбөсө Шаьбанды отуз күн кылып анан орозону баштайт.
Суроо: Шаьбандын жыйырма тогузунда, бүркөк күнү, айды көрдүм деп бир адам күбөлүк берсе ага ишенүүгө болобу?
Жооп: Эгер ал адилеттүү мусулман болсо анын аял-эркек, кул же азат экенине карабастан күбөлүгүнө ишенилет.
Суроо: Күн ачык болсо жана бир же эки адам Шаьбандын жыйырма тогузунчу күнү айды көрдүк деп күбөлүк берсе, алардын сөзү кабыл кылынабы?
Жооп: Жок, мындай учурда көпчүлүк көрүп анык болмоюнча булардын күбөлүгү кабыл кылынбайт.
Суроо: Орозону баштоо ушундай болот экен. Ал эми, бүтүрүү кандай болот?
Жооп: Эгерде күн бүркөө болсо, эки эркек же бир эркек эки аял Шаввал айын көрдүк деп күбөлүк берсе, падыша же казы күбөлүктү кабыл кылат. Ал эми күн ачык болсо, көп жамаат көрүп күбөлүк берсе гана кабыл кылынат жана орозо бүтөт.
Суроо: Бир адам Рамазандын же Шаввалдын жаңы айын көрдүм деп күбөлүк берсе, бирок, анын күбөлүгүн кабыл кылышпаса ал эмне кылат?

Жооп: Эгер ушул иш Рамазанда болсо, орозону кармай баштайт. Ал эми айдын аягында болсо б.а. айттын айыны көрсө, анда эл менен бирге орозо кармай берет, көргөнүнө амал кылбайт.

НИЕТ КЫЛУУ

Суроо: Орозого кандай ниет кылынат?
Жооп: Ниет кылуу дил менен болот. Аллах ыраазылыгы үчүн ушул орозону кармаймын деп кайсы орозону кармоочу болсо ошого ниет кылат. Орозонун түрлөрү:
• Парз орозо. (Рамазан айында кармалуучу отуз күндүк орозо).
• Рамазан орозосунун казасы. (Рамазанда белгилүү бир себеп менен кармай албай калган орозо).
• Бузулган нафил орозонун казасы. (Рамазандан башка айларда соопчулук үчүн орозону баштап, белгилүү бир себептер менен бузуп алган орозо).
• Каффарат орозолору. (Рамазанда эч кандай себеби жок эле оозун ачып алган күндөрү үчүн кармап бере турган айып орозо ж.б.у.с.).
• Назри орозосу. (Бир адамдын: эгер ушундай иш болсо орозо кармап берем деп убада кылып койгон орозосу).
Рамазандын орозосун, нафил жана  назри орозолорун кечинде кылып койгон ниети менен кармаса да болот. Эгерде кечинде ниет кылбаса жана эртеси түшкө чейин ниет кылса боло берет. Ал эми, Рамазандын казасыны кечинде ниет кылуу менен тутуу керек.
Суроо: Мутаь жана кирон кылуучулар (булар туралуу хаж китебинде кеңири маалымат берилет) кубандык кылууга кудурети жетпесе жана орозо кармашса кечинде ниет кылуу мүмкүнбү?
Жооп: Башка каффараттар сыяктуу эле, кечинде ниет кылуу шарт.
Суроо: Нафил орозонун казасы кандай болот?

Жооп: Нафил орозону кармоочу адам ишти баштоодон алдын өзүнө-өзү кожоюн. Баштаган амалын аягына чыгаруу важиб. Эгер бузса баштаган амалдын казасы важиб. Мейли бул амал орозо болсун, намаз болсун, хаж же умра болсун.

ОРОЗОНУ БУЗА ТУРГАН АМАЛДАР

Суроо: Орозону эмнелер бузат?
Жооп:  Төмөнкү учурларда орозо бузулат:
• Майда ташты же данекти жутуп алса.
• Кулагына же мурдуна дары куйса.
• Ичине куюлган дары курсагына жетсе.
• Таң ата элек деген күмөн менен саарлыкта тамак жесе.
• Күн батты деген күмөн менен оозун ачып алса.
• Аялын өпкөндө же кармалаганда же уяттуу жерлерин сүрткүлөгөндө мани түшсө.
Ушул иштердин баарында орозо бузулат жана казасы кармалат, каффарат кылынбайт.
Суроо: Эркек кишинин аспабынын учуна дары тамызса орозо бузулабы?
Жооп: Имам Аьзам менен имам Мухаммадын айтуусунда бузулбайт. Имам Абу Юсуфтун айтуусунда бузулат.
Суроо: Ыхтыярсыз жана мажбур кусса орозо бузулабы?
Жооп: Кусунду оозуна келсе бузулбайт. Атайын мажбур ооз толтуруп кусса бузулат да бир күн казасын кармап берет.
Суроо: Каза да каффарат да качан важиб болот?
Жооп: Атайлап эки жолдун бирине жакындык кылса, азык же даба боло турган бир нерсени жеп же ичип алса орозосу бузулат. Бул үчүн каза да каффарат да важиб болот.
Суроо: Каффарат кандай болот?
Жооп: Бир кулду азат кылуу керек, ага күчү жетпесе катары менен эки ай орозо кармоо керек. Бул алтымыш күнгө Рамазанды жана орозо кармоого болбой турган күндөрдү (алар жөнүндө кийин айтылат) аралаштырбоо керек. Эгер ага да күчү жетпесе, анда алтымыш кембагалды тойгозуу керек.
Суроо: Рамазандан башка орозону бузса каффарат болобу?

Жооп: Жок, Рамазандын казасын бузса да каффарат болбойт.

ОРОЗОНУ БУЗБАЙ ТУРГАН АМАЛДАР

Суроо: Орозо кармоочуга пайда боло турган бирок орозону бузбай турган амалдар да барбы?

Жооп: Эгер эсинен чыгарып жеп, ичип же жыныстык байланыш кылып койсо орозо бузулбайт. Уктап калып түшүндө жунуб болсо, аялын караса мани түшүп калса, аялын өпсө мани түшпөсө, кан алдырса, сурма койсо орозо бузулбайт

ОРОЗОНУН КАЗАСЫ

Суроо: Эгер бир нече күн каза кылган болсо, казасын үзгүлтүксүз кармоо керекпи?
Жооп: Жок, кааласа үзгүлтүксүз кармайт, кааласа бөлүп-бөлүп кармайт.
Суроо: Рамазандан калган казасын кармап бергенче кийинки Рамазан келип калса эмне кылат?
Жооп: Келген Рамазандын орозосун кармай берет да, калган казасын кийин кармап берет. Бул үчүн фидя берилбейт.
Суроо: Казасын кармай албай кайтыш болгон адам валисине өз байлыгыдан фидя берүүнү осуят кылса, валиси эмне кылат?

Жооп: Бул осуят кайтыш болгон адамдын байлыгынын үчтөн бирине тиешелүү болот. Валиси ар бир күн үчүн бир кембагалды тоюндурат.

НАФИЛ ОРОЗОЛОР

Суроо: Рамазандан башка айларда да орозо кармоого болобу?
Жооп: Рамазандын орозосу парз, андан башка айдагы орозолор нафил болот, кармаган адам чоң соопторго ээ болот.
Суроо: Нафил орозолорду кармоого тыюу салынган күндөр да барбы?
Жооп: Рамазандын айт күнү, курбан айт күндөрүндө (айттан кийинки үч күн), башка күндөрдү кошпой жалгыз жума күнү кармоого болбойт.
Суроо: Нафил орозолор биринен-бири артык болобу?
Жооп: Нафил орозолордун артыкчылыктар жөнүндө көптөгөн хадистер айтылган. Мисалы: Ааиша жана Абу Хурайра(Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
— «Дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү амалдар көбөйтүлөт, амалдар көбөйтүлгөн күнү орозо болууну мен жакшы көрөмүн» — деп айткан.
Абу Хурайра: (Аллах андан ыраазы болсун)
— «Аллахтын элчиси үйдө да сапарда да айдын ак күндөрү орозо камайт эле» — деп айткан. (Айдын он үчү, он төртү, он беши).
Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
— « Арафа күнүндөгү орозо, андан алдыңкы жана андан кийинки жылдын күнөөлөрүнө каффарат, ал эми Ашура күнүндөгү орозо өзүнөн кийинки жылдагы күнөөлөргө каффарат болот деп үмүт кыламын» — деген.
Абу Аюб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

-«Ким Рамазандын орозосун кармап жана анын артынан Шаввалдан алты күн орозо кармаса, жыл бою орозо кармаган болот» — деп айткан.

ЭЬТИКАФ

Суроо: Эътикаф деген эмне жана анын кандай өкүмдөрү бар?
Жооп: Рамазандын акыркы он күндүгүндө, атайын ниет кылып мечитте отуруу эътикаф деп аталат. Эътикаф кифая сүннөтү болуп эсептелет. Эгер бир жамааттан бир адам эътикафка отурса, жамааттын баары сооп табат, эгер эч ким отурбаса жамааттын баары сүннөттү калтырган болот.
Суроо: Мындан башка да шариятта эътикаф барбы?
Жооп: Мындан башка важиб жана мустахаб болгон эътикафтар бар.
Суроо: Эътикаф качан важиб болот?
Жооп: Ким өзүнө: эгер ушундай иш болсо мен эътикафка отурам — деп назри кылса, ага канча мөөнөттү айткан болсо ошончо отуруу важиб болот.
Суроо: Бир нече күндү назри кылса, ал күндөрдүн түндөрү да эсептелеби?
Жооп: Ооба, түндөрү да важиб болот.
Суроо: Назри эътикафта орозо да важиб болобу?
Жооп: Ооба, орозо да важиб болот.
Суроо: Эътикафта отуруучуга кандай иштерди кылуу арам болот?
Жооп: Жыныстык байланыш же ага чакыруучу (аялын өбүү, кармалоо) иштерди кылуу арам. Түндө же күндүзү эсинен чыгарып же атайын эле жыныстык катнаш кылса, аялын  кармалап, өпкөндө мани суусу келсе, анда эътикаф бузулат да анын казасы үчүн отуруу керек болот.
Суроо: Эътикафта отуруучуга мечиттен чыгууга болобу?
Жооп: Даарат ушатуу  жана даарат алуу үчүн гана чыгууга болот. Эгер бир саат мечиттен чыгып кетсе, Имам Аьзамдын сөзү боюнча эътикаф бузулат. Ал эми имам Мухаммад менен Абу Юсуфтун сөздөрү боюнча жарым күндөн ашык чыкса гана эътикаф бузулат.
Суроо: Эътикаф кылуучу отурган мечитте жума намазы окулбаса, жума күнү эмне кылуу керек?
Жооп: Жумага аз калганда барып, жума бүткөн соң дароо кайра келет.
Суроо: Эътикафта отуруучуга кандай иштерди кылууга болот?
Жооп: Мечитте тамактанууга, ичүүгө, уктоого жана буюмду алып келбей соода сатык кылууга да болот.
Суроо: Эътикафта такыр сүйлөбөй отуруу керекпи?

Жооп: Эътикафта отурган адамга сүйлөшүүгө болот, бирок жакшы сөздөрдү гана сүйлөөсү керек. Сүйлөбөй отуруу керек деген пикир туура эмес.

 

Жогоруда түшүнүксүз маселе болсо бизге БУЛ БАРАКЧАДАН кайрылсаңыз болот