Суроо: Исламда намаздын өкүмү кандай?
Жооп: Намаздын Исламдагы өкүмү, парз б.а. ар бир балагат жашына жеткен адам милдеттүү түрдө намаз окуусу керек. Ким намаздын парз экенин моюнуна алып, бирок аны окубаса, ал чоң күнөөкөр болот. Ким анын парз экенин моюнуна албаса динден чыгат.
Суроо: Балдарды намаз окууга качан үйрөтүү керек?
Жооп: Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) балдарды жети жашка толгондо намазга буйругула, он жашка толгондо окубаса ургула деп айткан.
Суроо: Бир суткада канча убак намаз окулат?
Жооп: Бир суткада беш убак намаз окулат.
Суроо: Бул намаздар кайсы убакта окулат?
Жооп: Багымдат б.а. эртең менен окулуучу намаздын убактысы, таң агара баштаган убактан күн чыкканга чейин. Имам сүннөткө ылайык намаз окуп бүтөөрүндө даараты сынса жана ал кайра даарат алып келип дагы намаз окууга толук жетишерлик убакыт кала тургандай убакта окуу жакшыраак болот. Бешим б.а. түштө окула турган намаздын убактысы, күн чак түштөн өткөндөн баштап, өз көлөкөсү чак түштөгү көлөкөсүнөн тышкары бир барабар болгонго чейин. Жайында бир аз кечиктирип, кышында эртерээк окуган жакшыраак болот. Асыр б.а. күн батардан алдыңкы окула турган намаздын убактысы, Бешим убактысы бүткөндөн баштап, күн батканга чейин. Күн нурунун күчү кете элек убакта окуу жакшыраак болот. Шам б.а. күн баткандан кийин окулуучу намаздын убактысы, күн баткандан баштап, кызыл нур өзгөргөнгө чейин. Шам намазын күн батаар замат окуу жакшыраак болот. Куптан б.а. караңгы киргенден кийин окулуучу намаздын убактысы, кызыл нур таркагандан баштап, таңга чейин. Түндүн биринчи бөлүгүнүн акырына чейин кечиктирип окуу жакшыраак болот.
Суроо: Бул намаздар канча рекет окулат?
Жооп: Багымдат эки, Бешим төрт, Асыр төрт, Шам үч, Куптан төрт рекет окулат.
Суроо: Мындан башка да намаздар барбы?
Жооп: Ооба, Багымдаттан алдын эки, Бешимден алдын төрт жана кийин эки, Шамдан кийин эки, Куптандан кийин эки рекет намаз окулат. Бул намазадарды сүннөт намаздар деп аташат. Мындан башка дагы Куптандын парз жана сүннөт намаздарынан кийин окулуучу витр деген намаз бар. Витр намазы үч рекет окулат.
Суроо: Мындан башка дагы намаздар барбы?
Жооп: Ооба, мындан башка нафил деп аталган намаздар бар.
Суроо: Алар кайсы намаздар?
Жооп: Аллах Таалага жакын болуу үчүн окулуучу намаздар. Мисалы: Даарат алган соң окулуучу, мечитке киргенде окулуучу, сапарга чыгарда жана келгенде окулуучу, күн же ай тутулганда окулуучу, жамгыр тилегенде окулуучу намаздар бар. Мындан сырткары шашке убагында окулуучу Зуха, түн ичинде окулуучу Тахажуд ж.б. намаздар бар.
Суроо: Намаз окууга болбой турган да убакыт болобу?

Жооп: Күн чыгып жаткан убакта, чак түштө жана күн батып жаткан убакта намаз окууга болбойт. Ошондой эле Багымдат намазынан кийин күн чыкканча жана Асыр намазынан кийин күн батканча нафил намаздарды окуу макрух (жаман көрүлгөн) болот

НАМАЗДЫН ШАРТТАРЫ

Суроо: Намаз окуучуда кандай шарттар болуусу керек?
Жооп: Намаз окуучуда төмөнкү шарттар болуусу керек:
Намаздын башынан аягына чейин даараттуу болуусу.
• Денеси нажасаттардан таза болуусу.
• Намаз окуучу оруну таза болуусу.
• Аврат жерлери жабык болуусу.
• Намаздын убактысы кирген болуусу.
• Кыблага карап туруусу.
• Ниет кылуу.
Суроо: Эркектердин авраты кайсы?
Жооп: Киндиктин алдынан тизенин алдына чейин. Тизе да аврат.
Суроо: Аялдардын авраты кайсы?
Жооп: Аялдардын бети, колу жана кадамынан башка баардык жери аврат.
Суроо: Кыбланы кароого мүмкүнчүлүгү болбогон адам эмне кылат?

Жооп: Кайсы тарапты кароого мүмкүн болсо, ошол тарапты карап окуйт.

НАМАЗДЫН ПАРЗДАРЫ

Суроо: Намаздын парздары кайсы?
Жооп: Намаздын парздары төмөнкүлөр:
• Биринчи такбирди айтуу. (Аллаху акбар).
• Түз абалда туруу. (Кыям)
• Бир аят болсо да, кырат кылуу. (Куран аяттарын окуу)
• Эңкейген абалда туруу. (Руку)
• Маңдайын жерге тийгизүү. (Сежде)
• Намаздын аягында отуруу. (Каада)
Суроо: Парздын өкүмү кандай?

Жооп: Эгер бир парз аткарылбай калса, намаз бузулат.

НАМАЗДЫН ВААЖИБТЕРИ

Суроо: Намаздын ваажибтери кайсы?
Жооп: Намаздын ваажибтери төмөнкүлөр:
• Фатиханы окуу.
• Башка сүрөнү кошуп окуу. (зам сүрө)
• Фатиханы биринчи окуу.
• Алгачкы эки рекеттен соң отуруу.
• Эки отурууда тең ташахудту окуу.
• Намазды салам менен бүтүрүү.
• Витр намазында кунут дубасын окуу.
• Багымдат, Шам, Куптан, Жума, Айт намаздары, Рамазан айындагы таравих жана витр намаздарын, имамдын жарыя окуусу.
• Имамдын Бешим жана Асыр намаздарын, Куптан менен Шамдын үчүнчү-төртүнчү рекеттерин купуя окуусу.
• Бир парздан экинчи парзга өткөндө, шашылбай бир тасбих мөөнөтүнчө туруу. (рукудан турганда, эки сежденин ортосунда ж.б.)
Суроо:  Ваажибтин өкүмү кандай?

Жооп:   Ваажибти атайын таштаса, намазды кайра окуу керек. Ал эми билбестен   калтырса, адашуу саждасын кылуу керек. (сажда сахв)

НАМАЗДЫН СҮННӨТТӨРҮ

Суроо: Намаздын сүннөттөрү кайсылар?
Жооп: Намаздын сүннөттөрү төмөнкүлөр:
• Биринчи такбирде эки колун көтөрүү.
• Оң колун сол колунун үстүнө коюп, кол байлоо дубасын окуу. (сана)
• Аьуузу бил-лаахи минаш-шайтоонир-рожим деп айтуу.
• исмил-лаахир-рохмаанир-рохиим деп айтуу.
• Аамин деп айтуу.
• Самиьа Аллоху лиман хамидах деп айтуу.
• оббаана ва лакал хамду деп айтуу.
• Руку жана саждада тасбих айтуу.
• Рукуда манжалары менен тизесин кармап таянып туруу.
• Ортоңку же акыркы отурушта, оң колунун сөөмөйү менен ишаара кылуу.
• Имамдын такбирди, самиьа аллоху лиман хамиданы жана саламды жарыя айтуусу.
• Акыркы отурууда Пайгамбарга салават айтуу.

• Намаздан соң, Кураан жана хадисте келгендей дуба кылуу.

НАМАЗДЫ БУЗУУЧУ АМАЛДАР

Суроо: Кандай амалдар намазды бузат?
Жооп: Төмөнкү амалдар намазды бузат.
• Жеп-ичүү.
• Көп кыймыл кылуу.
• Атайын дааратты бузуу.
• Көкүрөгүн кыбладан башка тарапка буруу.
• Эсинен танып калуу.
• Жинди болуп калуу.
• Бир парз амалын, авраты ачык абалда аткаруу.
• Өзү уккудай үн чыгарып күлүү.
• Сүйлөө.
• Салам берүү.
• Саламга жооп берүү.

• Кыраатта же такбирде маани бузулгандай катаа окуу.

АДАШУУ САЖДАСЫ (сажда сахв)

Суроо: Намазда адашып кетсе эмне кылуу керек?
Жооп: Намазда рукуну ашыкча кылса, бир рекетти ашык окуп алса же ваажибтердин бирин калтырып кетсе, акыркы отурууда аттахиятуну окугандан соң салам берип, эки жолу сажда кылып анан кайра аттахиятуну жана салаватты окуп бүтүрүү керек.
Суроо: Имам адашса, жүктөөчүлөр да сажда кылабы?
Жооп: Ооба, баары сажда кылышат.
Суроо: Имам сажда кылбай койсо, жүктөөчүлөр эмне кылат?
Жооп: Алар да сажда кылбайт.
Суроо: Төрт жана үч рекеттүү намазда алгачкы отурууга отурбастан туруп кетсе эмне кылуу керек?
Жооп: Эгер тура баштаганда отурган абалга жакын болсо кайра отуруу керек. Мындай абалда адашуу саждасы кылынбайт. Ал эми, турган абалга жакын болсо, анда кайра отурбастан намазын уланта берет. Намаздын аягында адашуу саждасын кылуу керек.
Суроо: Акыркы отурууга отурбастан туруп кетсе эмне кылуу керек?
Жооп: Эгер бешинчи рекеттин саждасына чейин эсине түшсө, отуруп намазын бүтүрөт жана адашуу саждасын кылат. Ал эми, бешинчи рекеттин саждасын аткаргандан кийин эсине түшсө, анда намазы бузулат. Себеби, акыркы отуруу парз. Намаз нафил болуп калуусу үчүн алтынчы рекетти кошуп окуп коюуга болот. Эки жана үч рекеттүү намаздар да ушул сыяктуу болот.
Суроо: Төртүнчү рекеттен соң отурса, бирок аттахиятуну окугандан кийин адашып туруп кетсе эмне кылуу керек?
Жооп: Эгер бешинчи рекетке сажда кыбастан эсине түшсө, отуруп намазын бүтүрөт жана адашуу саждасын кылат. Ал эми бешинчи рекетке сажда кылгандан кийин эсине түшсө, анда алтынчы рекетти окуп анан адашуу саждасын кылат. Төрт рекети парзга, эки рекети нафилге өтүп калат.
Суроо: Төрт же үч рекет окуганын ажырата албай калса эмне кылуу керек?

Жооп: Күмөнү кайсыга жакын болсо ошонусун алат. Акыркы рекет деп күмөн кылса, отурат. Эгер күмөнү бирдей болсо, рекети азын алат. Эки абалда тең адашуу саждасы кылынат.

Суроо: Имам болууга кандай адам акылуураак болот?
Жооп: Имам Аьзамдын айтуусунда, сүннөттү жакшы билген адам, ал эми Имам Абу Юсуфтун айтуусунда, Кураанды жакшы окуган адам акылуу болот.
Суроо: Имамдан сырткары бир эле киши болсо, кайсы жерге турат?
Жооп: Имамдын оң тарабына турат. Эгер андан көп болсо, анда имам алдыга турат.
Суроо: Эгер имамдан сырткары бир аял болсо, кайсы жерде турат?
Жооп: Имамдын артына турат.
Суроо: Жамаатта эркек, аял жана жаш балдар болсо, сапка кандай турушат?
Жооп: Биринчи сапка эркектер, экинчи сапка балдар, үчүнчү сапка аялдар турат.
Суроо: Бешим же Жумадан алдын сүннөт окуп жаткан убакта, парз үчүн коомат айтылып калса, эмне кылуу керек?
Жооп: Эки рекет менен намазын бүтүрүп, имам менен парзга киришет.
Суроо: Багымдат намазынын сүннөтүн окуй электе парзы башталып калса эмне кылуу керек?
Жооп: Эгер биринчи рекет бүткөнчө жетишүү мүмкүн болсо, сүннөттү биринчи окуйт. Эгер мүмкүн эмес болсо, анда парздан кийин окуйт.
Суроо: Багымдад намазын окубай калган адам күн чыккандан кийин сүннөтүн да кошуп окуйбу?
Жооп: Эгер Бешимге чейир окуса сүннөтүн да кошуп окуйт.
Суроо: Бешимдин сүннөттөрү окулбай калса качан окуу керек?

Жооп: Убактысы чыкканга чейин окуу керек. Алгач эки рекетин анан төрт рекетин окуу жакшыраак.

ООРУЛУУ АДАМДЫН НАМАЗЫ

Суроо: Тик туруп окуй албаган адам намазын кандай окуйт?
Жооп: Отуруп окуйт, руку сажданы кылат.
Суроо: Руку сажда кыла албаса эмне кылат?
Жооп: Ишаара менен окуйт. Сажданы рукудан ылдыйыраак кылат.
Суроо: Отуруп окуй албаган адам эмне кылат?
Жооп: Буттарын кыбла тарапка сунуп асманды карап жатат да башына жаздык коюп кыблага карайт, намазды ишаара менен окуйт. Жамбаштап жатып окуса да болот.
Суроо: Орулуу тике тура алат, бирок руку жана сажданы кыла албайт, бул учурда эмне кылуу керек?
Жооп: Отуруп ишаара менен окуйт.
Суроо: Намазды туруп окуп жаткан адам ооруп, туруп окууга мүмкүн болбой калса, намазын кантип бүтүрөт?  
Жооп: Намазынын калганын отуруп бүтүрөт.
Суроо: Орулуу адам отуруп окуп жатканда туруп окууга мүмкүн болсо, намазын кантип бүтүрөт?

Жооп: Намазынын калганын туруп окуйт.

МУСААПЫР АДАМДЫН НАМАЗЫ (сапарда жүргөн адам)

Суроо: Мусаапыр деген ким?
Жооп: Үч күндүк б.а. 90 км аралыкка сапарга чыккан адам мусаапыр болот.
Суроо: Мусаапыр адам намаздарын кандай окуйт?
Жооп: Төрт рекеттүү парз намадарды эки эле рекет окуйт. Бул касыр деп аталат. (кыскартып окуу).
Суроо: Мусаапыр кайсы убакта намаздарын толук окуйт?
Жооп: Эгер мусаапыр эмес адамга жүктөп окуса же барган жеринде анык он беш күн турууну ниет кылса, анда намаздарын толук окуйт.
Суроо: Качан кетээрин анык билбесе кандай окуйт?
Жооп: Качан кетүүсүн анык билбесе, бир канча жыл болсо да касыр окуйт.
Суроо: Мусаапыр адам төрт рекеттүү намазда мусаапыр эместерге имам болсо, канча рекет окуйт?
Жооп: Намазын касыр окуйт, ал эми жүктөөчүлөр улантып толуктап окушат.
Суроо: Бир адам туулган жеринен көчүп кетсе жана башка жерге отурукташса, кийин бир жумуш менен туулган жерине келип калса касыр окуйбу?
Жооп: Ооба, эгер аралык сапар өлчөмүнө жетсе касыр окуйт.
Суроо: Мусаапыр сапарда окулбай калган намазын үйүнө келгенде кандай окуйт?

Жооп: Каза намазын сапардагы сыяктуу касыр окуйт. Ошондой эле үйүндө окулбай калган намазын сапарда окуса, үйдөгү сыяктуу толук окуйт.

ЖУМА НАМАЗЫ

Суроо: Жума намазынын өкүмү кандай?
Жооп: Эркек, акылы толук, балагат жашына жеткен, эркин, мусаапыр эмес адамга Жума намазын окуу парз.
Суроо: Жума окуу үчүн кандай шарттар болуусу керек?
Жооп: Чоң мечит, атайын шайланган имам, Бешим намазынын убактысынын кирүүсү, намаздан алдын кутба окуу жана жамааттын болуусу шарт.
Суроо: Жуманын бир рекетине жетишпей калган адам эмне кылат?
Жооп: Имамдан кийин бир рекетин кошуп толуктайт.
Суроо: Аттахияту же адашуу саждасына жетип калган адам эмне кылат?
Жооп: Имам Аьзамдын айтуусу боюнча, Жуманы толуктап бүтүрөт. Ал эми имам Мухаммадтын айтуусунда, экинчи рекеттин көбүрөгүнө жетишпей калган адам, төрт рекет Бешим кылып намазын бүтүрөт.
Суроо: Имам кутба окуп жатканда адамдар эмне кылат?
Жооп: Имам кутба окуп жатканда адамдар сүйлөшпөй жым отуруп кутба угушат.
Суроо: Жумада имам кыраатты жарыя окуйбу?
Жооп: Ооба, жарыя окуйт.
Суроо: Кандайдыр бир себеп менен Жума окуй албай калган адам эмне кылат?

Жооп: Ал Бешим намазын окуйт.

АЙТ НАМАЗДАРЫ

Суроо: Эки айт намаздарынын өкүмү кандай?
Жооп: Жума окуу ваажиб болгон адамга, айт намаздары да ваажиб болот.
Суроо: Айт намаздарынын убактысы кандай?
Жооп: Күн найза бою көтөрүлгөндөн баштап, чак түшкө аз убакыт калганча окулат. Курбан айттын намазын батыраак окуу жакшы. Анткени, андан соң курбандык чалынууга тийиш. Ал эми Рамазан айтынын намазын кечиктирип окуу жакшыраак.
Суроо: Айт күндөрүндө кандай амалдарды кылуу сүннөт болот?
Жооп: Мисвак колдонуу, жыттуу миск колдонуу, гусул кылуу, таза кийимдерди кийүү сүннөт. Рамазан айтында намаздан алдын садака фитир берүү, курма же башка таттуулар менен оозануу жакшы. Ал эми Курбан айтында намазга чейин тамактанбай туруу жакшы.
Суроо: Намазга кантип баруу керек?
Жооп: Намазга такбир ташрик айтып баруу жана барган жолдон башка жол менен кайтуу керек.
Суроо: Айт намаздарынан алдын нафил окулабы?
Жооп: Жок, нафил окулбайт.
Суроо: Айт намазына жетишпей калган адам анын казасын окуйбу?
Жооп: Жок, айт намаздарынын казасы окулбайт.
Суроо: Такбир ташрик деген эмне?
Жооп: Такбир ташрик төмөнкүдөй айтылат: «Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, ла илааха иллал-Лооху валлооху акбар, Аллаху Акбар, ва лил-Лаахи хамду».
Суроо: Такбир ташрик качан айтылат?
Жооп: Арафа күнүнүн багымдатынан баштап, айттын төртүнчү күнүнүн акырына чейин ар бир парз намаздан соң айтылат.
Суроо: Такбир ташрик жарыя айтылабы?

Жооп: Ооба, жарыя айтылат.

ТАРАВИХ НАМАЗЫ

Суроо: Таравих намазы качан окулат?
Жооп: Таравих намазы Рамазан айында окулат. Эки рекеттен соң салам берип, жыйырма рекет окуйт.
Суроо: Таравихти аялдар да окуйбу?
Жооп: Таравихти эркектер мечитте жамаат менен окуйт, ал эми аялдардын үйдө окуганы жакшы.
Суроо: Рамазан айында витр да жамаат менен окулабы?

Жооп: Ооба, витр жамаат менен окулат жана баардык рекеттери жарыя окулат ал эми кунут купуя окулат.

Жогоруда түшүнүксүз маселе болсо бизге БУЛ БАРАКЧАДАН кайрылсаңыз болот