Суроо: Зекеттин тилдеги жана шарияттагы мааниси эмне?
Жооп: Зекеттин тилдеги мааниси тазалануу дегенди билдирет. Ал эми шариятта белгилүү бир өлчөмгө жеткен байлыктын тешелүү бир бөлүгүн кембагалдарга Аллах ыраазычылыгы үчүн бөлүп берүү.
Суроо: Зекеттин исламдагы өкүмү кандай?
Жооп: Зекет берүү исламдагы беш парздын бири. Аллах Таала Кураанда: «Намаз окугула жана зекет бергиле» — деп бюруган. Ким зекетти парз эмес деп эсептесе, ал динден чыгып, каапыр болот.
Суроо: Кандай адамдарга зекет берүү важиб болот?
Жооп: Мусулман, балагат жашындагы, азат (кул эмес), акыл-эси жайында болгон кишиге эгер анын байлыгы шарият көрсөткөн толук өлчөмгө жетсе жана ошол өлчөмгө жеткенине бир жыл толсо, ага зекет берүү парз.
Суроо: Толук өлчөм кандай болот?
Жооп: 200 дирхам күмүшкө же 20 мыскал алтынга ээ болсо, же өсүп турган акча ушул алтын менен күмүштүн өлчөмүнө жетсе толук өлчөм болот.
Суроо: Бир адамдын байлыгы толук өлчөмгө жетсе, бирок анын карызы болсо, зекет береби?
Жооп: Эгерде карызы байлыгынын өлчөмүндөй болсо, зекет бербейт. Эгер карызынан ашкан байлыгы толук өлчөмгө жетсе, ошол ашканына зекет берет.
Суроо: Соодадагы байлыкка зекет береби?
Жооп: Эгер соодадагы байлык эки өлчөмдүн бирине жетсе, ага зекет берилет.
Суроо: Өлчөмгө жеткенине бир жыл толуу керек дегенди кандай түшүнөбүз?
Жооп: Өлчөмгө жеткен байлыкка ай эсеби боюнча толук бир жыл ээ болуп туруусу керек.
Суроо: Жашаган үйгө, кийим-кечеге, үй буюмдарына да зекет берилеби?
Жооп: Жок. үйгө, кийимге, буюмдарга, минүүчү улоолорго, курал-аспаптарга жана кызматчылар үчүн зекет берилбейт.
Суроо: Эгер ушул нерселерди сатуу үчүн алсачы?
Жооп: Эгер өлчөмгө жетсе, анда зекет берүү керек.
Суроо: Зекеттин өлчөмү алтын жана күмүш менен белгиленди, булардын баасын эле берсе болобу?
Жооп: Ооба, баасын берсе болот.
Суроо: Бир адам зекетти ниет кылбай эле баардык байлыгын садака кылып жиберсе, зекет берген болуп эсептелеби?
Жооп: Бул адам зекеттин парзынан кутулат.
Суроо: Зекет важиб болгон соң байлыгы жок болуп кеткен адам эмне кылуу керек?
Жооп: Эгер зекет важиб болгон адамдын байлыгы жок болуп кетсе, зекет берүүдөн кутулат. Ал эми бйлыктын кээ бири эле жок болсо, ошонун өлчөмүнөн кутулат. Жогорудагы эки абалда тең байлык өзү жок болуп кетсе зекеттен кутулат, ал эми атайын жоготкон болсо, анда зекет берүүдөн кутулбайт.
Суроо: Күмүш канча өлчөмгө жеткенде зекет берилет?
Жооп: Ким 200 дирхам күмүшкө ээ болсо жана ээ болгонуна бир жыл толсо, ага кырктан бир бөлүгүн б.а. 2.5% берүү важиб болот.
Суроо: Эгер 200 дирхамдан ашып кетсе эмне кылат?
Жооп: Имам Аъзамдын айтуусунда 200 дөн ашканы 40 дирхамга жетпесе, ага зекет берилбейт. Ал эми 40 дирхамга жеткенде ага бир дирхам берет жана андан кийинки ар бир кырк дирхамга бирден дирхамды кошуп бере берет. Мисалы: 240 дирхамга 6 дирхам, 280 дирхамга 7 дирхам ж.у.с. Имам Абу Юсуф менен имам Мухаммадтын айтуусунда, 200 дирхамдан ашканына аз болобу көп болобу кырктан бирин берет.
Суроо: Алтын канча өлчөмгө жеткенде зекет берилет?
Жооп: Ким 20 мыскал алтынга ээ болсо жана ээ болгонуна бир жыл толсо, ага кырктан бир бөлүгүн б.а. 2.5% берүү важиб болот.
Суроо: Акчанын зекети кандай болот?
Жооп: 2009-жылга карата, акчанын зекети 20 мыскал алтын же 200 дирхам күмүшкө туура келет. 20 мыскал 85 гр болот. Ал эми 200 дирхам 563 гр болот. Кыргызстанда 1гр уютулган алтындын (№585) орточо баасы 970 сом. Ал эми 1гр уютулган күмүштүн орточо баасы 27 сом. Алтын менен эсептегенде, 85 гр алтын 970 сомдон 82 450 сом болот. Анын кырктан бири 2062 сом болот. Күмүш менен эсептегенде, 563 гр күмүш 27 сомдон 15 201 сом болот. Анын кырктан бири 380 сом болот.
Суроо: Зекет берүүчү алтындын өлчөмү менен береби же күмүштүн өлчөмү менен береби?
Жооп: Экөөсүнүн кайсынысын кааласа, ошонусунун өлчөмү менен берет.
Суроо: Жыл толбостон алдын эле шашылып зекетин берип койсо болобу?
Жооп: Ооба, зекет берилген болуп эсептелет.
Суроо: Оттоочу жаныбарлардан кайсынысына зекет берилет?
Жооп: Төө, уй, кой жана жылкыга зекет берилет.
Суроо: Төө, уй жана койго кандай зекет берилет?
Жооп: Булардын зекет өлчөмү ар түрдүү, алар тууралуу жакында айтылат. Булар жылдын жарымынан көбүрөөк мезгилде талаадан оттоп, жашаса зекет берилет.
Суроо: Үйдө иштетип, жүк ташуучу жаныбарларга да зекет берилеби?
Жооп: Жок, аларга зекет берилбейт.
Суроо: Төөгө канча зекет берилет?
Жооп: Төөнүн саны бешке жеткенче зекет берилбейт. Бештен тогузга чейин, бир кой берилет. Ондон баштап, он төрткө чейин эки кой берилет. Он бештен он тогузга чейин, үч кой берилет. Жыйырмадан жыйырма төрткө чейин төрт кой берилет. Жыйырма бешке жеткенден баштап отуз бешке чейин, эки жашка кадам койгон бир тайлак (төөнүн баласы) берилет. Отуз алтыдан баштап, кырк бешке жеткенче, үч жашка кадам койгон бир тайлак берилет. Кырк алтыдан алтымышка чейин, төрт жашар бир төө берилет. Алтымыш бирден токсонго чейин, беш жашар бир төө берилет. Токсон бирден жүз жыйырмага чейин, төрт жашар эки төө берилет. Андан кийин кайра башынан эсептелет. Мисалы: бешөөсүнө бир кой, онуна эки кой, он бешиге үч кой, жыйырмага төрт кой, жыйырма бешине эки жашар бир тайлак, жүз элүү болгондо төрт жашар үч төө берилет да кайра баштан эсептеле берет.
Суроо: Уйга канча зекет берилет?
Жооп: Уйдун саны отузга жетмейинче зекет берилбейт.
Суроо: Отузга жеткенден кийин кандай зекет берилет?
Жооп: Отуз уйга эки жашка толгон бир торпок берилет. Кыркка жеткенде үч жашар бир торпок берилет. Алтымышка жеткенде эки, эки жашар торпок берилет. Жетимишке жеткенде бир, эки жашар, бир үч жашар торпок берилет.
Суроо: Зекет берүүдө уй менен өгүздүн айырмасы барбы?
Жооп: Жок, уй менен өгүздүн айырмасы жок.
Суроо: Койго канча зекет берилет?
Жооп: Койдун саны кыркка жетмейинче зекет берилбейт.
Суроо: Кыркка жеткенден кийин кандай зекет берилет?
Жооп: Кырктан, жүз жыйырмага чейин бир кой берилет. Жүз жыйырма бирден эки жүзгө чейин эки кой берилет. Эки жүз бирден төрт жүзгө чейин үч кой берилет. Төрт жүзгө төрт кой, андан ары ар жүзүнө бирден кой кошула берет.
Суроо: Зекет берүүдө кой менен эчкинин айырмасы барбы?
Жооп: Жок, кой менен эчкинин айырмасы жок.
Суроо: Жылкыга зекет берилеби?
Жооп: Эгер жылкы эркек ургачысы аралаш талаада оттосо, жылкынын баасы чыгарылып, ошол баанын кырктан бир бөлүгү берилет. Жалаң эркек аттарга зекет берилбейт.
Суроо: Эшек менен качырга зекет берилеби?
Жооп: Жок, аларга зекет берилбейт. Эгерде соода ниетинде алынган болсо, анда соода буюмдары сыяктуу зекет берилет.
Суроо: Эгин жана мөмөлөргө да зекет берилеби?
Жооп: Ооба, жер шартына жана кандай суу менен сугарылганына карата, алынган түшүмдүн ондон бир же жыйырмадан бир бөлүгү берилет.
Суроо: Балга да зекет берилеби?
Жооп: Ооба, балга да зекет берилет.
Суроо: Зекетти кандай адамдарга берүү керек?
Жооп: Факыр (малы бар, бирок нисабга жетпейт), мискин (эч нерсеси жок кедей), зекет чогултуучу (атайын зекеттин малын чогултуу үчүн дайындалган адамдар), мусафыр (сапарда эч нерсеси жок калган адам), карздар (карзыдан өзү кутула албаган адам), Аллах жолундагылар (жихадда жүрүп, эч нерсеси жок калган адамдар), кул (азат болуу үчүн аракет кылып жаткан адам) мына ушуларга зекетти берүүгө болот.
Суроо: Бай адамга зекет берилеби?
Жооп: Жок, бай адамга зекет берүүгө болбойт.
Суроо: Зекет берилбей турган адамдарга билбестен зекетти берип койсо эмне болот?
Жооп: Зекет берилген болуп эсептелет, кайра зекет чыгарылбайт.
Суроо: Фитр садакасын берүү ваажиб болобу?
Жооп: Ооба, фитр садакасын берүү важиб.
Суроо: Фитр садакасы кимдер үчүн берилет?
Жооп: Өзү жана балдары үчүн берилет.
Суроо: Фитр садакасын кайсы убакта берген жакшыраак болот?
Жооп: Айт намазы окулуудан алдын берүү жакшыраак болот.
Суроо: Фитр садакасын убактысынан алдын берип койсо эмне болот?
Жооп: Фитр садакасын берген болуп эсептелет.
Суроо: Убактысынан кечигип калса эмне кылуу керек?
Жооп: Кечигүү менен моюнан кутулбайт, кийин болсо да берүү керек.
Суроо: Фитр садакасына эмнелерди берүүгө болот?
Жооп: Фитр садакасына буудай, арпа, курма жана мейиз берсе болот.
Суроо: Булардын акчасын берсе да болобу?
Жооп: Ооба, өлчөмүнө жараша баасын чыгарып акчасын берсе да болот.
Суроо: Өлчөм кантип өлчөнөт?
Жооп: Бир адамга, 1.6 кг буудай же анын базардагы баасы менен өлчөнөт.