Пайдалуу кеңештер

Куран жаттагысы келгендерге Мишари Рашидден 20 кеңеш

Канчалаган мусулман бир туугандарыбыз Ыйык Куранды жатка айтууну кыялданышат. Араңыздардан деле жумасына жок дегенде 10 аятты жаттоону пландап, бирок, жуманын аягында күткөн жыйынтыгыңызды көрө албай түйшөлгөн учурларыңыз болсо керек. Куранды жаттоо үчүн эмне кылуу керек? Анын эффективдүү бир жолу барбы? Белгилүү карылардын бири Мишари Рашид Куран жаттоодогу өзүнүн төмөндөгүдөй сырлары менен бөлүшөт.

Мишари Рашид өзү Медина Ислам Университетинде Куран жана ислам илимдери боюнча окуп, өзүнүн билимдерин башкаларга үйрөтүүгө уруксат (ижаза) алган. Төмөндө биз Mazhab.kz сайтында жарыяланган Мишари Рашиддин Куран жаттоодогу 20 сырын сиздерге сунуштайбыз.

null

1. Куранды Аллахтын гана ыраазычылыгы үчүн жаттоо.

Биз жашоодо жакшы иштерди башкаларга мактануу, же болбосо кимдир-бирөөлөрдөн билими боюнча артта калып калбоосу үчүн жасаган адамдарды кездештирип жүрөбүз. 1-пунктта автор жөндөн-жөн “Куранды Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жаттоо” деп айтып жаткан жок. Канчалаган имамдар, алардын арасында Бухари жана Муслим, бекеринен, өзүлөрүнүн белгилүү хадис топтомдорун туура коюлган ниет менен башташкан эмес:

“Араңардан эң жакшыңар – Куранды окуп жана аны башкаларга үйрөткөнүңөр”.

2. Алдыга белгилүү бир максат коюу.

Мисалы: “Мен өзүмдүн бир туугандарым менен тажвидди өздөштүрүп, Курандын бир парын жаттайм жана бул нерсени жогорку деңгээлде аткарам. Анткени Аллах эң мыкты деңгээлде аткарылган ишти жакшы көрөт”.

3. Бул максатка жетүүдө окууларды калтырып, Куран жаттоодо убагынан калып калбоо үчүн убактыңыз менен мүмкүнчүлүктөрүңүздү алдын – ала туура пландап алыңыз.

Тактап айтканда, автор, бир нерсени каалап коюу жетишсиз экендигин, анын ишке ашуусуна кандайдыр бир себептерди жасоо керектигин айтып жатат.

Мисалы: Дүйшөмбү күнү мен бир күн кечке бош болбойм, бирок шейшембиде менин анча-мынча убактым бар, демек ушул мезгилде Куран окууга убакыт бөлө алат экенмин. Бирок сиз окуунун үзгүлтүксүз болуусу үчүн бир канча күн алдыга план коюп, анын аткарылышына бүткүл күчүңүздү жумшооңуз зарыл.

4. Өзүңүз үчүн эң оптималдуу мезгил жана орунду тандаңыз.

Мисалы: Шейшемби күнү мен “аль Ихляс” сүрөсүн жатташым керек, бирок ал күнү үйүбүзгө кичинекей бөлөлөрүм келет. Алар менин тынч Куран окуу менен алектенишиме тоскоолдук жаратышат. Андыктан, мен үчүн эң жакшысы, мечитке барып, пландаган нерсемди аткаруу.

5. Белгилүү бир Куран китебин алып, ар дайым аны менен үйрөнгүдөй болуңуз.

Бул жакта автор көрүү жана угуу эс тутумунун өзгөчөлүктөрүнө маани берип жатат. Тактап айканда, белгилүү бир Куран китебин тандоодогу себеп, көздөр ал китептин түзүлүшүнө, тексттердин шрифтине көнүп калат. Ал эми ар башка китептен жаттоо, андагы шрифттердин өзгөчөлүгү жана башка ушул сыяктуу нерселер алаксытарын белгилейт.

6. Алгачкы кыйынчылыктардан коркпоңуз. (Мисалы, туура айтуу жана эс тутум кыйынчылыктары)

Эреже катары, мындай көйгөйлөргө жаңы баштап жаткандардын дээрлик бардыгы кабылышат. Бул спорт менен машыккан сыяктуу. Анда, биринчи күнү колдордо кандайдыр бир шишиктер пайда болсо, бул спорт менен машыгууну токтотуу, андан баш тартуу дегенди билдирбейт. Чындыгында, бул бир топ мусулмандардын көйгөйү. Шайтандын азгыруусу менен айрым мусулмандар өзүлөрүнө Куранды жаттоону токтотуу үчүн себептердин топтомун ойлоп алышат.

Кимдир бирөө ал жогорку окуу жайын эчак эле аяктаганын, жана окуу ал үчүн эмес экенин айтса, башкасы мектепте начар окуп, азыр да анын колунан келбестигин себеп кылышат. Мындай ойлор сизде болбошу керек. Аларды Аллахты эскерүүнүн жардамы менен кубалап жибериңиз.

7. Эгер сиз Куран жаттоону өз алдынча өздөштүрүп жатсаңыз, анда, үйрөнгөндөрүңүздү туура окуган шейхтен текшертип турууну унутпаңыз.

Бул кеңештин пайдасын мен өз тажрыйбамда көрдүм. Чакан сүрөнү мен майда-чүйдөсүнө чейин билем деп ойлочумун. Бирок кийин бир катар так эмес жерлерди оңдоого туура келди. Ошондуктан, бир дагы сүрөнү текшерүүсүз калтырбаңыз. Бул жерден дисктер да жардамга келет. Эң башкысы так угулгандай болсун.

Ошондой эле, автор, өздөштүрүүнүн башатында биз кооз окуу же дагы башка ушул сыяктуу нерселерге берилип кетпөөбүздү, а башкысы туура окууга көңүл бөлүшүбүзгө чакырат. Мисалы, жаратылышынан кооз үнгө ээ мусулман бир туугандарыбыз бар. Алар Куран окууда кооздугуна карап, туура эмес келген жерлеринен созуп, тамгаларды туура эмес окуп жибериши мүмкүн.

Бул жерде Зайд ибн Харистин сөзүндө терең маани бар:

“Куранды силерге үйрөткөндөй окугула”.

8. Куранды окуп үйрөнүүдө жаныңыздарда анын чакан тафсиринин болушу да маанилүү (Куранды маанилик жактан чечмелеген тексттер).

9. Эгер кимдир-бирөөгө тоскоолдук жаратпасаңыз, анда үндү бийик чыгарып окуган дурус.

Аяттарды жаттап жатканда алгач бир аятты, анан кийинкисин жаттап, андан соң экөөнү чогу айтканга көнүңүз.

Ойлоруңузду бир жерге топтоо үчүн даарат алып алганыңыз оң. Куран үйрөнүп жатканда түз отуруп, ага олуттуу мамиле жасаган оң. Олуттуу отуруу Куран үйрөнүүдө эле эмес, дарстарда, же башка маанилүү сабактарда да керек. Бул адамдын адеби болуп, аны кармануу ийгиликке жеткирет.

10. Жаттагандарыңызды тууган, досторуңуздун алдында окуңуз.

Бул жактан сиздин жетишкендик жана кемчиликтериңиз белгилүү болушу мүмкүн. Өзүңүздүнуялчаактыгыңызды жеңип, дос же тууганыңыздын сизди угуп көрүүсүн сунуштаңыз.

Бул нерседен өзгөчө чоң ата, чоң апаларыбыз ырахат алышат. Анткени, алар неберелеринин Аллахтын китебин окуп, үйрөнүп жаткандарына өзүбүздөн биринчи сүйүнүшөт.

11. Жаттаган аяттарды маал – маалы менен кайталап туруңуз. Өзгөчө аларды намаздарда кайталаган пайдалуу.

Куранды эс тутуму менен окуган киши Куранды жаап туруп окугандын айырмасын сезет. Эң мыкты текшергич, аларды намаздарада окуу болуп эсептелинет. Ошону менен бирге сүрөлөрдүн кайталанма болбошу маанилүү. Мурун мен билбестигимдин жана тажрыйбамдын жоктугунун айынан 10 сүрөнү жатка билип, намаздарда алардын жарымын гана колдончумун. Ал эми билген калган жарымын бара-бара унутуп бараткандай сезилчү.

12. Аллах сиздердин билимиңиздерди, эс тутумуңуздарды бекем кылышы үчүн күнөө иштерди жасабаганга олуттуу көңүл буруңуз.

Кудайга шүгүр, мен илим жолуна түшүп, жакшы иштерди аткаруудамын. А эртең, ким билет, убакыт өтөт, шайтандын азгырыгы менен күнөө иш жасап койсомчу? Аллах анда илимимди менден алып коет. Бул нерсенин болбошу үчүн 12- кеңешке өтө дыкат көңүл буруу керек. Анткени Аллах ислам илимин күнөө иштерди көп жасаган адамдарга бербейт.

13. Билген адамдын катышуусунда Куран үйрөткөн ийримдерге жазылуу.

Өтүлгөн материалдарды бекемдеп, өзүңүзгө дагы жаңы нерселерди ачуу үчүн ийримдерге катышкан абдан пайдалуу. Эреже ктаары, мындай салт араб өлкөлөрүндө практикаланып келет. А бул мындайча жүрөт: Кайсы бир намаз окулган соң каалоочулар калып, Куран китептерин алып келишет да, кезек-кезеги менен окуп башташат. Алардын арасынан билген бирөө окуудагы каталарды оңдоп, айрым аяттарды маанилик жактан чечмелеп берет.

14. Курандын белгилүү бир бөлүгүн жаттап бүткөн соң, (мейли ал бир пар, же Курандын жарымы болсун) Куран үйрөткөнгө уруксаты бар (ижаза) адамга кайрылыңыз.

Бир нерсени өз алдынча өздөштүрүүдө ката кетпей койбойт. Практикадан да белгилүү болгондой, одоно каталар көп кездешет.

15. Эс тутум мыкты кезиндеги жаштыкты колдонуп калган кандай сонун. А эгер сиздин жашыңыз улгайып калса, анда эки эсе аракетчил болууга туура келет.

Бизге шейхибиз, ал окуп жүргөндө, армиядан кийин келген байке тууралуу айтып берген. Армияда ал байкенин башына кыш кулап кеткени үчүн ал ар дайым баш оорусуна даттанчу. Бирок, сиз бул байкени кайдан гана кездештирбеңиз, ал ар дайым Куран окуп жатканын көрчүсүз. Анткени ал үчүн Куран жаттоо башкаларына караганда оорураак эле. Бирок экзамендерде ал өзүнөн 10 жаш кичүү, оңой жаттаган балдардан да жакшы баа алчу. Бул байкенин аракети жана эмгеги үчүн Аллах ага мыкты жыйынтыкты көрсөткөнгө мүмкүндүк берди.

16. Илим издеген жана Куранды жаттаган адам өзүнүн жеген-ичкенине да олуттуу көңүл буруусу кажет.

Муну менен автор Куран үйрөнүп жаткан адам анын күчүн толуктай тургандай өлчөмдө тамактанышы керектигин айтып жатат. А эгер аябай тоюп алса, анда аны уйкуга тартып, жалкоолукка алып келиши мүмкүн.

17. Куран жаттоодо бир ыкмадан экинчи ыкмага секирип кетпөө керек.

18. Алгачкы ийгиликтерди багынткан соң “уджб” көрсөтпөңүз (өзүн – өзү сүйүү, кыйын болуу).

Анткени хадисте айтылгандай, 3 нерсе адамга зыян алып келет, алардын бири адам өзүнө – өзү суктанганда.

Мисалы: Мен куран, тажвидди өздөштүрүп баштадым, а менин иним араб тамгаларын да билбейт. Мен кандай азаматмын. Бул учурда адам напсисине эркиндик берип, көздөгөнүнө жетпей калуусу мүмкүн.

19. Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) алсыздык жана жалкоолуктан коргоосун сураган дубаны айтыңыз.

«Аллахумма, инни а’уузу бика миналь ‘аджзи валь касаль».

20. Аллахтан, Ал сизге илим беришин сурап, көп-көп дуба кылыңыз.

Буга карата турдүү дубалар бар. Мисалы, Курандагы бул аят:

«Рабби, зидни ‘ильман». (О, Аллах, Менин илимимди көбөйтө көр).

Мишари Рашид сунуштаган жогорудагы 10 кеңеш Куранды үйрөнгүсү келгендер үчүн болду. Кеңештер сиздерге пайдалуу болуп, Аллах Таалам баарыбызды Куранды үйрөнүп, башкаларга үйрөткөндөрдөн кылсын.

Булак
"Умма"
Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Бул да кызыктуу

Close
Close