alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
Ден-соолукПайдалуу кеңештер

Кумарпоздук медицинадагы эң кеңири жайылган психиатриялык оору

Кумарпоздук медицинадагы эң кеңири жайылган психиатриялык оорулардын бири. Мээни алкоголь, чылым же баңгизаттай эле таасирлентет. Кумар оюндарына берилүү менен адам өзүнүн, үй бүлөсүнүн каржылык, психикалык саламаттыгын бузат, коомго чоң жоготууларды алып келет. Бул оору менен аялдарга караганда эркектер көп жабыркайт.

Бул оорунун белгилери:

➡️Ойногон сайын улам утушка алданып, уткан каражат же оокатынан да чоң байгеге ээ болуу үчүн жанталашуу

➡️ Каражатка оңой жетүү аракети

➡️Чарчап, чаалыгып, ойнобой калса кыжырдануу, стресс, депрессия

➡️Коркуу, өзүн алсыз сезип, жашоодон аша кечүү

➡️Айланасындагы адамдарды алдоо, кылмышка баруу

Атайын адистин жардамы жок бул оорудан айыгуу мүмкүн эмес. Күчтүү психиатр, психологдор гана бул адаттан сууруп чыга алат. Бул оору менен ооругандарда тобокел факторлору аябай көп, адам өлтүрүү, уурулук, алдамчылык, талап тоноого чейин барышат. Кумарпоздордо суицидге баруу тобокелдиги да жогору. Эгерде Кыргызстандын шартында психиатр, психолог адистердин тартыштыгын эске алсак, бул ооруга чалдыккандар барып көрүнүп, дарылануу өтө кыйын.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button