alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Ден-соолукМакалаларПайдалуу кеңештер

🌑Калпычылык ден-соолукту талкалайт.

🌑Калпычылык ден-соолукту талкалайт.


☝🏻Сиз калп айтуунун ден соолукка зыян экенин уктуңуз беле?

✍🏻Бир катар окумуштуулар, психологдор жана социологдор калп айтуу ден соолукка чоң зыянын алып келерин илимий түрдө далилдешкен. Калп айтуу эмоционалдык стресс менен тыгыз байланышта болуп, натыйжада физикалык ооруларга алып келери бир катар эксперименттер менен тастыкталган.

Окумуштуулар өзүн-өзү алдап көнгөн адамга башкаларды да алдоо жеңил экенин белгилешет.
Калп айткан адамдын организминде төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр жүрөт:

📍1- Адам аң-сезимдүү түрдө калп айткан учурда организмде “каталарды таап чыгаруучу детектор” иштеп баштайт. А бул процесс болсо миндалиндин активдүүлүгүн күчөтүп, стресстик реакцияларды ишке киргизет.

📍2- Айтылган бир калп экинчи калптын айтылышына түрткү болот. Ошентип, көп калп айткан киши калптын казанынан чыга албай, бир калпты экинчи калп менен жабуунун аракетинде болуп калат. Бул аракет стресске алып келет. Узакка созулган стресс болсо ден соолукка өтө зыян. Ашыкча эмоционалдык жана физикалык чыңалууга жол ачат.

📍3- Адамдар кандайдыр бир терс эмоциялардан же көйгөйлөрдөн оолак болуу үчүн калп айтышы мүмкүн. Бирок жашоодогу биз үчүн жагымсыз болгон абалдар бир эле жолу болуп токтоп калбайт да. Ал кайталанып турушу мүмкүн. Ошондуктан, кийинки жагымсыз абалдан чыгуу үчүн сиз дагы бир жаңы калпты ойлоп табууга аркеттенүүңүз ыктымал. Бул үчүн дагы да көп эмоционалдык аракеттерди көрүү керек болот. Бул депрессия менен тынчсызданууга алып келет. Ислам дининде “Чынчылдык бул – бейпилдик” деп айтылат. Мындай бир хадис бар: Хасан ибну Али мындай деп айткан: Аллахтын элчисинен (САВ) бул сөздөрдү жаттап калдым: «Сага шек салган нерсени таштап, шектенбеген нерсени алгын. Албетте, чынчылдык – бул бейпилдик, ал эми жалганчылык болсо тынчсыздануу». (Тирмизи 2518)

📍4- Калп айтуу адамдын мээсинин белгилүү бөлүктөрүнө терс таасирин тийгизип, өзгөрүүлөргө учуратат. Мээнин айрым бөлүктөрүнүн иштеши басаңдайт. Бул илимий түрдө далилденген.

📍5- Калп айтуу рак илдетинин күчөшүнө, ашыкча салмакка алып келет. Кан басымы жана жүрөк согушуна да таасирин тийгизет.

📍6- Адам калп айтып жатканда өзүн жакшы сезбейт. Башында калп айткан оңой сыяктанышы мүмкүн. Бирок бара-бара бул аракет сиздин эмоционалдык абалыңызга чоң зыянын келтирет. Адамдын өзүнө болгон баа берүүсү (самооценка) төмөндөйт.

📍7- Калп айткан киши кайда, качан болбосун, өзүн-өзү контролдоп, кайсы жерде эмне деп калп айтканын эстеп, калпы чыгып калбоосу үчүн тынчсызданышат. Калпычы анын калпын качан чыгарып салышат экен деп ар дайым коркунучта жүрөт.

📍8- Окумуштуулар изилдеп чыккан дагы бир өтө кызык нерсе, калпка аралашпаган, бирок бирөөнүн калпына күбө болуп жаткандардын ден соолугунда да жогорудагыдай физиологиялык реакциялар жүрөт. Эгер сиз калпка көп жолу күбө болсоңуз, анда ден соолугуңузда өзгөрүүлөр жүрүшү толук мүмкүн. Демек, калп, алдамчылык болгон жерге аралашпоо керек. Колдон келсе, калпты токтотууга аракеттенүү зарыл.

Ыйык Куранда калп айтуу оор күнөөлөрдүн катарына кирет.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай насаат калтырган:
“Калп айткандан сактангыла! Анткени, ал бузукучулукка багыттайт. Бузукучулук болсо тозокко багыттайт. Бир адам ар дайым калп айтып, калпты кааласа, Алла Тааланын алдында калпычы деп жазылат”.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз, жадагалса, адамды күлдүрүш үчүн, тамашалоо иретинде да калп сүйлөгөн эмес. Андыктан, мусулмандар бардык иште –сөзү, кыймыл-аракети, адамдарга мамилеси, соода-сатык, иште, тамашада да чынчыл болуусу зарыл.

Көп калп айткан адам бара-бара муну адат кылып, кийин бул илдеттен арыла албай кыйналышы мүмкүн. Ошондуктан, калп айтуудан биротоло баш тарткан оң. Кыргыздарда “Калптын казаны кайнабайт”, “Кыңыр иш кырк жылда билинет” өңдүү таамай айтылган сөздөр бар. Адамдын калпы бул дүйнөдө чыкпаса, акыретте баарынын көзүнчө ашкере болорун унутпоо керек.

🗞Булак:»Умма журналынан» алынды.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button