alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
Макалалар

ВОР заман таржымалы..

Камчы Көлбаевдин өлүмү, анын артынан уланган «мыйзамдагы уурулардын» кылмыштык идеологиядан баш тарткан билдирүүлөрү жеке менин оюмча, Кыргызстандын жаңы тарыхындагы өзгөчө бир учур. Бул окуяларды эң ириде элдин аң сезиминен колониалдык мандемдерди арылтуу этаптарынын бири катары караган туура. Анткени, кылмышкерлердин эрежеси, түшүнүктөрү менен жашоо (жить по понятиям); кылмыш дүйнөсүн көмүскө жактап-мактоо көчмөндөрдүн менталитетинде жок нерсе. Өлкөбүздөгү кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдары, этикалары, түшүнүктөрү, терминдери биздин улуттун өзүнө таандык «сапат» эмес, ал кыргыз бийлигинин табиятына өөн, сырттан таңууланган бир чоочун адат.

Рюрик заманынан бери көздөй уланган орустардын бийлигин, мындайча айтканда баш кесерлердин бандасы бийликке жулунуп келип, анан кийинчерээк дружина деп аталып калган ошол сүрмө топту «нукура карапайым калктын өзүнөн чыккан» деп айтууга эч болбойт. Жэргиликтүү калктын кымындай эле каршылыгы байкалса, ал урду-сокту бийлик нааразылыктарды аеосуз тыйып, басып турган. Рюриктин жубайы, апостол даражасындагы ыйык Ольга байыркы рустардын борбору Искоростень калаасын өрттөп, калаанын жашоочуларын болсо жер менен жексен кыла кырып, өлгөндөн калган тирүүлөрүн кул катары саттырып жиберген. Элди кырмай кезек Рюриктин урпагы Иван IVгө да жетет, новгороддуктарды канабайрам кылып канга бөлөп, өлүк денелерин боо-боо кылып үйдүргөн ал канкорду кээ бир кол жоолук тарыхчылар Грозный деп атап ийгенге да үлгүрүштү.

Түрк-моголдордун бийлиги келген соң Рюриктин урпактары өздөрү тескеп турган орустардан салык чогултуп берип Ордого улам жиберип турчу жүгүрүк лашкерлердин кызматын кылууга өтүштү. Жаңы жеңүүчүлөрдүн кол астында шыйпаңдап «салык чогултуп бергич» өкүлдөрү кийин бара-жүрө Маскөө Русь аймагынын элитасы болуп чыга келишти , андан кийин «жапайы көчмөндөрдүн урпактарыбыз» демиш этишип каныбызда ошол викингдердин аристократтык каны бар деген тариз менен, Орус империясынын элитасы болуп кубулушту. Орус калкынын дээрлик 90%ы алардын крепостной кулдарына, малайларына айланды. Орус элин каалашынча эзип колдонуп, кааласа пулга сатып ийип, а түгүл мыкты аңчы тайгандарга алмаштырып ийгенге чейин жетишти. Ал эзүүлөрдөн кийин албетте калктын каары акырындап топтолуп, крестяндар маал-маал көтөрүлүшкө чыгып, Иван Болотников сыяктуулар, козак кембагалдарын уюштуруп элди толкуткан Степан Разин, Емелян Пугачев сыңар баш көтөргөн атамандар пайда боло баштады. Пугачевдин маңдайында ысыган темир менен басылган «вор» (ууру-кырг.) деген жазуу бийликке каршы түп көтөрүлгөн калктын нааразылыгын туюнткан символго айланды. Мына ошентип орус жергесиндеги башка калктардын аң сезиминде «вор» деген түшүнүк — «эркин, майтарылбаган адам» деген маанинин уялаш синонимине айланып кетет. Большевиктердин бийликке келүүсү менен, репрессиялар, гулагдар, шарашкалар элдеги туюк протесттик дымакка дагы дем берип коркпогон, тайманбаган сыпаттагы «вор» деген түшүнүктүн мааниси дагы жаңы түс алат.

Ал түшүнүк мезгилдин ар кыл кырдаалдарына бүлөнүп олтуруп протесттик идеологияга, бийликтегилердин саясатына туюк каршы болуучулардын жүрүм-турум нормасына айланып, «вор» түшүнүгү расмий бийликтин альтернативасына айланган чекке жетти. Өз элине террордук мамиле кылган жорук Советтер Союзундагы калктын булуң буйткасына чейин тарап, Орусиянын кылмыш дүйнөсүнүн «вор» идеологиясы империянын бүт жылга-жыбытына кеңири жайылып кетти. КМШ мамлекеттериндеги кылмыштык чөйрөнүн лидерлери Орусиянын кылмыш дүйнөсүнүн батасын алгандан соң гана «вор» наамындагы таажы тагынып, коронацияланган салт да жөн жеринен эмес эле. Орусиядагы кылмыш төбөлдөрүнүн макулдугунан кийин гана КМШдагы өлкөлөрдүн «ворлору» өз аймактарындагы кылмыш дүйнөсүн «башкарууга» мүмкүндүк алып мамлекеттеги ички саясый абалга да таасири күч болчу. Муну аябай жакшы түшүнгөн Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили алеки заматта кыйшың-мыйшың дешип олтурбай «мыйзамдагы уурулардын» баарын өлкөдөн кууп көчүккө тээп айдап чыгарганы жакшы маалым.

Кыргыз бийликтеринин өлкөдөгү кылмыштык лидерлерге карата мышык-чычкан ойношуп отурбай катуу чараларга барышы жана Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин кылмыш лидерлеринин шөмтүрөгөн билдирүүлөрү пост советтик чөлкөмдөгү сейрек кадам. Бул деген кылмыштык идеология канчалык өркүндөбөсүн кыргыз калкынын көчмөн, эркин духуна тамырлап кете албастыгынын ачык далили. Кылмыш идеологиясын туюк даңазалаган андай салтты, бөтөн тараптар аркылуу таңууланып келген чоочун эрежени кыргыз бийликтери элдин аң сезиминен алып ыргыткысы келген кадамдары туура жана «эрежени, мыйзамды биз аныктайбыз» деп көнүп калган кылмыш дүйнөсүнө так ошондой катаал чараларды көрүп, алардын орду каерде экенин көргөзүп коюуга расмий бийлик милдеттүү.

Антпесе соңку ондогон жылдар ичинде «ворлордун» этикасы кыргыз калкынын адеп-ахлагына доо кетирип үстөмдүк кылууга өтө баштаган. Кылмыш дүйнөсүнө таандык болуу кандайдыр барктуу, сыймыктуу сыяктанган адат кадыресе көрүнүшкө айланган эле. А түгүл расмий бийлик өкүлдөрүнүн арасында да башкы «ворлор» менен тааныш болуу, алар өткөргөн сый-сыяпаттарга чакырылганын өзгөчө бир урмат-сый катары кабыл алуу көнүмүш боло баштаган. Кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясы а түгүл бала бакчаларда, мектептерде да байкалып, кылмыштык жаргондорду сүйлөп, күчтүүсү күчсүзүн тээп-чаап кордогон «смотрящий» жигиттер, кыздар, балакайлар пайда болуп аларга таңданууга өткөнбүз..

Бирок бу маселенин тескей тарабындагы көрүнбөгөн көмүскө көйгөйү да бар. Кыргызстандагы соттук система жана укук коргоо органдары канчалаган бейкүнөө адамдарды «күнөөң бар» деп өмүрлөрүн, тагдырларын талкалап курутушту. Акчага сатылган, калыстыгы жок, акыйкатсыз соттук системадан жана калп эле погон тагынып алып элдин канын соргон милийса сыяктангандардан ишеними калып бүткөн эл коомдогу бейформал лидерлерге, каралардын атамандарына «маселемди чечип бер ананайын..» деп кайрылууга аргасыз боло баштаган. Мындай абал улана берсе кылмыштык лидерлер эл таламын коргоп чыккан Робин Гуд сыяктуу «эл баатырларына» айланып сүймөнчүк көрүнө башташмак. Расмий бийлик кылмыш дүйнөсүнүн колун толгоп, сазайын берип баштаганы го жакшы; бирок бийлик так эле ушундай «шоковая терапияларды» өлкөнүн сот системасына жана бүт күч түзүмдөрүнө да колдонуп, алардын көпкөн желин чыгарып, катуу бир силкип койсо да жөндүү болот эле. Антпесе каралар дүйнөсүн бир жактан кынына киргизген менен, экинчи жактан соттор, күч түзүмдөрү, милийсалар элди азаптап, шорлотконун уланта берчү болсо «бийлик ворлорду талкалап жакшы кылды» деген жигердүү кадамдардын баркы нөлгө түшүп эл ичинде кайра эле «Камчы Көлбаев тирүү кезде кыйла акыйкаттык бар тура ээ..» деген эңсөөлөр күчөй баштайт.

Анан соңку айтчу кеп. Каралар дүйнөсүнө каршы күрөшүүнүн ыкмасы тууралуу. «Караларды» сот-мотсуз эле жазалап, колуна кишен салып камоо, ооба бул эми жакшы эмес, мындай кадамдардын коомго билинбеген коркунучу бар. Бирок эгер чындап келгенде, өкмөт эмне «карайлы, көрөлү..» деп ар бир кылмышкер «авторитетке» аспиеттеп сылап-сыйпап мамиле кылып; тууган-туушкандары, жакындары «эл уулуна боштондук!!!» деп митингге чыкса алардын да көңүлүн карап назданып жүрө бериши керек беле? Радикалдык батыл, шапа-шупа жасай салчу нерселер, чоюлуп олтурбай бат-бат ишке ашырчу радикалдык чараларды талап этет, бул аксиома. Кээде ушу,.. жөнөкөй нерсени жөн эле түшүнүп коюу кажет; аппак мээлей кийип, аппак сөздөрдү сүйлөп, «ал эле, бул эле..» деп назиктенүүнү ары жыйыштыра туруп, көз ачып жумгуча тарс-турс жасап койчу иштер болот..

автор Мусуркул Кабылбеков

Орусчадан кыргызчага которгон Эрнис Кыяз

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button