alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
МакалаларТаасирдүү окуялар

ЫСЫРАПКЕРЧИЛИКТИН КЕСЕПЕТИ

ЫСЫРАПКЕРЧИЛИКТИН КЕСЕПЕТИ

📌ЫСЫРАПКЕРЧИЛИКТИН КЕСЕПЕТИ.

✍🏻Азыркы күндөрдө кыргыз элимде ысырапкерчилик чегинен чыгып, күндөн — күнгө ашып кетти дейсиз.
Аллах Таалам Куранда:
«Жегиле, ичкиле, ысырап кылбагыла,»- деген аятына каршы иш кылганыбыздан, Алланын каары келдиби, айтор, элибизде береке, кут, мээримдүүлүк жоголуп бараткан сыяктуу.

Алхамдулиллах, Аллага шүгүрлөр болсун!
Намаздан аксаган жокпуз, илимден аксаган жокпуз, мечиттерибиз жаш — каарыларга толгон.
Бирок, мечиттен же болбосо аудио-сабактардан канча уксак да амал кылууда аксап келебиз.
Жараткандын буйруган шарият тыюуларына моюн сунбастан : Эл эмне дейт? Ата — эне бир өлөт? Уяты жок экен, атасынын, энесинин арбагын сыйлабады? 𝘁; деген каныбызга сиңип калган салтыбыздын кесепетинен бул дүйнөдө тирүүлөр кыйналып, аркы дүйнөдө өткөндөр азапталып жатканын билгенибизде эле…

Ушул маселенин элибизге канчалык зыяны тийип жатканын көрүп, көз жумуп тура албадым. Мен да эл катары беш убак намаз окуган, элди колдон келишинче жакшылыкка чакырган, Аллахтын бир алсыз, дааватчы кулумун.
Жараткандын түш аркылуу берген аянынын, эскертүүсүн мусулман бир туугандарыма жеткирүүнү туура таптым.
Балким, сиз ишенбешиңиз мүмкүн. Бирок ар бирибизди кабырга жетелеген өмүр тамырын кесе түрган өлүм бычагы бар экенин унутпайлы….

📍 Анда сөз башынан болун …

(Кыргызстанда болгон чындык окуя)

Адаттагыдай атамдын оорусу күчөп, баарыбызды чакырып калды. Биз бир туугандар жыйылып, атамдын акыркы сапарга кете турганын сезип, дароо мечитке барып, садака берип, жамааттан дуба алдык. Атам бизди олтургузуп акыркы сөзүн айтып жатты: «Балдарым мен силерден ыраазымын! Силердин берген садакаңардын, жамааттын дубасы менен Жаратканым мага жакшы жайларын көрсөтүп жатат. Аллах ыраазы болсун силерден «- деп тилден калып кете берди.

Атама казган жайыбыз да аябай жумшак чыгып, тез эле жерге бердик.
Эл кылганды кылып, адаттагыдай салтыбыз менен мал союп, үч күндүк, бейшенбиликтерин өткөргөнү жатканбыз. Ошол күнү түшүмө Жараткан аян берди. Атам кабырда кыйналып жатканын көрсөттү. Мени кабырдын ичине киргизди. Атамды көрдүм. Атам да ак кепин жок, кара кийим өзү да карайып кеткен, кара терге түшүп, качып жүрөт. Кыйналып менден жардам сурап жатат.
— Ата эмне болду десем?
— Мени бир кара чаар жылан азаптап жатат деди.
-Кана мен көрбөй жатам десем.
— Тетиги жакта келе жатат деди. Мен карасам кичинекей жылан келе жаткан экен.
-Коюңузчу ата, ушу кичине жыландан коркосузбу, десем.
— Азыр жаныма келет. Моол арканды ал мага кармап бересиң, деди.
Биз арканды алып, карап турдук. Жылан жакындаган сайын чоңоюуп менден чоң болуп кетти. Көргөн көзүмө ишенбедим, чындык, акыйкат көз алдымда тасмасында тартылып, жүрөгүм оозум тыгылып коркконумду сөз менен айтып бере албаймын. Атам арканын ыргытты эле жыландын башына илинди, сыртмакты жылан бир булкуду аркан үзүлүп кетти. Атам кайгырып, ушул арканды да келер кырчып коюптур деп кейип олтуруп калды. Анан мен ыргыттым, башына түшүп кармап алдым да:
— Ата, эми эмне кылам, десем атам айтты:
— Алдыңдагы устунга байла, деди. Бирок, мага ал устун көрүнбөдү.
-Ата мага эч нерсе көрүнбөй жатат, десем…
— Ошол турган жериңди айлан деди мен айландым. Жылан байланып туруп калды. Анан атам айтты:
— Мен үчүн эчнерсе кылбагыла кыздарыма айткын ыйлашпасын.
Мен үчүн балдарыма айткын бейшенбилик, кыркты өткөрбөсүн. Мен Аллахтын жакшы жайында болчумун. Силердин иш аракетинердин себебинен менин даражам түшүп жатат. Мени көп кыйнадыңар, деди да жыландын башына олтуруп, бутундагы канын сыгып жатты.
— Ата бул эмне кылганыңыз, десем.
-Мени чагып канымды ичкиче мен өзүм берейин деп жатам, деди да,
-Эми сен кет күн чыгып кетет, менин аманатымды жеткир, агаларыңа! деди да чыгарып салды.

Кабырдын ичи өтө кеңири болуп кетет экен, ал жер мен үчүн жарык болуп турду. Бирок, атам менен жыландан башка эч кимди көрбөдүм. Эртеси бир туугандарыма айттым, ишенишпеди. Анан молдого барсам ойлонуп туруп, башын чайкап:
— Кыргыз жеп келген кыркты дагы жей берет, деди.
-Сиз айтсаңыз кылышпайт, ысырапкерчиликке жол бербей биргеликте эл менен көтөрүп чыгалы, десем…
-Ээ, Пайгамбардын убагында эч нерсе жок болчу, кийгенге кийим жок эле азыр барчылык союш керек деди.
-Пикиринизден кайтыңыз, токтотконго аракет кылалы!- дедим
— Жок, мен эч нерсе кыла албаймын- деди. Анан мен айттым:
-Ээ, сизге окшогон молдолор азайсын сизге Аллах ыразы болсун, үйгө барып союшту өзүңүз союп, башына олтуруп жей бериниз, эртең силер да өлүмдүн даамын татасыңар!- дедим.
— Атаң өзү жаман жүрчү, деди.
— Мейли, мен сизге гыйбат кылбадым, сиз да өлгөн атама гыйбат кылбаңыз. Сизге Аллах ыразы болсун!- деп кечирим сурап чыгып кеттим.

Мен өзүм ошол кыркка катышпай койдум да кабырдын азабынан кутулдум. Жанымды кейитип, жүрөгүмдү оорутканы илимдүү, баарын билип туруп, амал кылууда алсыз, Жараткандын буйругуна кайдыгер караган аттуу — баштуу туугандарга эмне дейбиз. Балким бул жөн гана түштүр, бирок, билип коюңуз! Кабыр азабы, акырет,, бейиш, тозок Пайгамбарыбызга (саллаллооху алайхи уа саллам) сахабаларга түш аркылуу аян болуп келип турган. ..

Сөзүмдүн аягында айтаарым, келиңиз бир тууганым, биргеликте сиз, мен, баарыбыз бул көйгөйдөн кутуулуга кол суналы. Ушул бейшембилик, бир айттык, көк, кара кийүү, кырктык, жылдык дегенди жок кылсак эн сонун болмок. Кабырдагы азап бар, андан кутулууга себеп болмок, туугандар! Бизге ата-эне канча деген зейинин кетирип чоңойтуп өмүрү өтүп кетсе, биз эл көрсүн, кожо көрсүн салтыбыз менен дуба алабыз, сооп болот деп кайра тескерисинче жаман акыбалдарды кылып, өзүбүз азаптап жатабыз. Эгер билсек өткөндөргө жете турган сооптор, артында калган балдарынын дубалары, кылган жакшы иштери, берген садакалары. Ошол ата — энеге деген чыгымды айылга суу чыгаргыла, атаңардын атынан жол кургула, Медресе кургула, мечит салгыла, жетимдер үйүнө жардам бергиле, каарылар үйүнө бергиле!!! Мына ушулар аларды тиги дүйнөдө кабырларын нурлантып, сүйүнткөн белегиңиз, бейишке кирүүсүнө себеп болсо, а тирүүлөрүбүздү бул жашоодогу кыйынчылыктан куткарып, бул дүйнөдөгү иштерибизге женил болмок! Баарын Жараткан Аллахтын ыраазычылыгы учун кылсак тез оңолмокпуз. Аллах Таалам казынасынан берген ырыскыны, байлыкты туура жолго иштетүүнү билбей жатабыз туугандар. Аллах Тааланын бир күнү бар ал келбесин, ачарчылык деген. Аллах өзү сактасын. Ар бир кадамыбызды ойлонуп таштап, кылчу амалдарыбызда бир аз ой жугуртсок сонун болмок. Коомубуздун, мамлекетибиздин келечеги, жакшы жашоонун, эки дүйнөнүн бактысы ар бирибиздин колубузда ин ша Аллах! Жаратканым баарыбызды окуганыбызга, укканыбызга, билгенибизге моюн сунуп, амал кылуучулардан кылсын!

Ассаламу алайкум уа рохматтуллоохи уа баракатуху!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

1 пикир

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button