alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарМакалаларРубрикасыз

Абдышүкүр ажы Нарматов: "Төрт мекеме эриш-аркак бирикмейн, перзентте туура тарбия болбойт!"

Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндө заманбап мечит ишке берилди. Ачылыш аземге Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов, төраганын орун басары Тажидин ажы Байтеитов жана  мечиттин курулушуна демөөрчүлүк кылышкан шейх Муса, Ош шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Нуралы Курмантаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Аталган мечиттин ачылыш аземинде Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов  куттуктоо сөзүн сүйлөп өттү.
“Төрт мекеме эриш-аркак бирикмейинче перзентте туура тарбия болбойт. Алар ата-эне, мектеп, мечит жана маалымат каражаттары. Бул төрт институттун тарбиясы эриш-аркак балага берилгенде гана тарбия бекем болот. Жаш кездеги убакытты бош өткөрүү бул күнөөнүн башаты. Убакыт аманат. Андыктан убакытты мечитте туура таалим-тарбияга жумшоо керек”, –деди Аалымдар Кеңешинин төрагасы.
Ал эми жалпы коноктор мечит ислам динин туура жеткирген, коомго өз пайдасын тийгизген мечиттерден болуусун тилеп өтүштү.
Эскерте кетсек, аталган мечит 200 адамга ылайыкташтырылып курулган.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button