alternatetext Багымдат: 06:00 | alternatetextКүн чыгуу: 07:31 | alternatetext Бешим: 13:16 | alternatetextАср: 17:13 | alternatetextШам: 18:59 | alternatetextКуптан: 20:33
МакалаларРубрикасыз

Марс Ибраев, КИУнун ректору: «Интернетти шейх кылгандар көп»

Учурда, радикализм, экстремизм деген сөздөр кайда болбосун айтылып, ыргытылган таштын баары мусулмандын башына тийип келет. Бирок, ошол эле маалда мусулман коомчулуктун да көйгөйүн угуп, кебин тыңшайт дегендер аз. Ушул кемтикти толтуруу максатында Кыргызстан Ислам университетинин ректору Марс Ибраевге гезитибизден орун бердик.


Динди туура жеткирүү максатыбыз

Кыргызстан Ислам университети 2003-жылдан тартып университет катары толук кандуу иштеп келе жатат. 745 студентибиз бар. Жамаатыбызда жалпысынан 61 мугалим эмгектенсе, анын ичинен алтоосу — араб. Университеттин аты айтып тургандай эле, толук кандуу теологиялык багыт болгондуктан, араб тилин үйрөнүү, үйрөтүү маселеси өтө курчуп турган чак. Куран жана көпчүлүк теологиялык багыттагы тафсир, хадис китептери араб тилинде болуп аткан соң, араб тилин билүү өтө маанилүү. Ошондуктан студенттер биринчи курсунан эле араб тилин окуп үйрөнө башташат. Андан тышкары, бизде ислам таануу, шариат жана араб тили, адабияты аттуу үч кафедра бар. Студенттерибиз коомдук иштерде, спорттук мелдештерде жана илимий иш чараларда башка университеттер менен тең тайлашып келет. Ошондой эле чет элдик университеттер менен карым-катнаштарыбыз дагы бар. Мисалы, Казань Ислам Университети, Казакстандыгы “Нур Мубарак” жана башка университтер менен расмий тыгыз байланыштабыз. Кыскасын айтканда, биздин университет — Кыргызстанда коомго динди туура жеткирүү, багыт берүү максатында аракет кылып аткан бирден-бир университет.

Бүгүнкү күнү бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрүбүз диний чөйрөдө эмгектенишүүдө. Алды Чубак ажы Жалилов, Абдышүкүр ажы Нарматов сыяктуу нечендеген Кыргызстанда атагы чыккан аалымдар. Азыркы муфтияттагы башкаруучулардын алдыңкы эшолону ушул Университетти бүтүрүп кеткендиктен, диний чөйрөдө биздин дипломдор эң жогорку деп эсептелинет. Бирок лицензия алуу маселеси дале курч бойдон калууда. Биз президентке чейин чыгып, мунун актуалдуулугун жеткирип, өлкөдөгү жападан жалгыз Ислам Университети болгондуктан пилоттук проект катары билим берүү министрлигине алынса деген ниет менен чуркап жүрөбүз. Анткени университетти 417 студент бүтүргөн болсо, алардын 15-20 пайызы гана диний чөйрөдө иштеп жатат. Калгандарынын баары соодагер, же дагы башка чөйрөдө оокатын кылып жүрөт. Экинчи билим алып, мамлекеттик кызматтарда иштеп аткандары да бар. Эгерде биз лицензияга ээ болуп, аккредитациядан өтүп алсак, алар өздөрүнүн алган билиминин негизинде мамлекетке иштеп бермек. Ошондо, бүтүрүүчүлөрүбүздүн 80-90 пайызы жумуш менен камсыз болмок.

Бухучет, экономика, компьютер да окутулат

Окуу жайды бүткөн соң, студенттер тажрыйба топтоо максатында өзүбүздүн чөйрөдөгү казыяттарга жиберилет. Нарын казыяты быйыл 20дан ашуун бала талап кылып, мыктыларына жумуш сунуштоодо. Себеби диний сабатсыздык күч алып турган маалда, айылдарда молдокелер, имамдар жетишсиз учурда диний билими күчтүү адамга суроо-талап жогору.

Буга чейин бухучет, экономика, компьютер сабактарын киргизгенбиз. Эми быйыл орус тилдүү группа ачсакпы деген ниетибиз бар. Анткени биз кыргыз тилин канчалык даңктаганыбыз менен, арабызда орус тилинде сүйлөп, негизделип калган катмар бар. Орус группасын ачпасак, биз ошол катмарды эске албай койгон болот экенбиз. Анткени салафизм, вахабизм сыяктуу радикалдуу топторго агылып жаткан жаштардын көпчүлүгү орус тилдүү балдар. Аларга кыргыз эмес, орус тилдүү адамдар таасир этип жатат. Эгер биз орус тилдүүлөргө туура багытты орус тилинде көрсөтпөсөк, эртең радикалдуулук мындан да күчөп кетиши мүмкүн.

Интернетти шейх кылгандар көп

Өлкөдө башка дагы теологиялык факультеттер көп. Бирок аларды бүткөндөрдүн 5 пайызы гана муфтиятта, мечиттерде имам болуп иштейт. Мен аларды жамандаган жерим жок. Мен ошол окуу жайларда окутулган сабак анын диний ишмердүүлүгүн алып кетүүгө толук кандуу жетиштүү эместигин айткым келип турат. Алар чыныгы диний чөйрөгө толугу менен сиңип кете албай жатат. Илимге дасыккан күчтүү кадрдын чыкпай жаткандыгы ошондо. А биз болсо ошол нерсени кайталабайлы деген ниетте турабыз.

Аалымдар кеңеши бүгүнкү бир гана күндүн келечеги менен жашабай, келечектеги максаттарды ишке ашыруунун жолдорун издеши керек болчу. Бирок коом чырмалышкан абалга такалып, диний чөйрө тушалып, бир жагынан радикалдуулук күч алып, экинчи жактан диний сабатсыздык жоюлбай, жаштарыбыздын арасынан интернетти шейх кылып, андан бирөөнү устаз тутуп, ал жердеги жалган фатваларга, ИШИМге чакырыктарга ишенгендердин катары көбөйгөндүгүнө байланыштуу аалымдар кеңеши ошону менен эле алек болуп калды. “Кантип биз мунун алдын алабыз, канткенде биз ИШИМди кайтарабыз” деген суроонун үстүндө гана жүрөбүз. Негизи аалымдар кеңеши эмне менен алек болушу керек эле? Диний билим берүүдө биздин ордубуз кандай эле?

Майда-баратка такалбасак

Диний жамааттар бар экени эч кимге жашыруун эмес. Биринчи топтун аалымынын айткан пикирин экинчи топтун аалымы колдобой коюп, жамаат аралык келишпестиктер болуп кетүүдө. Бирок, бул жамааттардын болгону табигый нерсе. Жамаат болбош керек деген нерсеге мен каршымын. Жамааттардын бар болгону Кудай Тааламдын берекеси. Инсандардын илимий негизде элдин келечеги деген маселеде талаш-тартышка түшкөндүгү Алла Тааланын берген белеги. Бирок бөлүнүп-жарылып: “Сен сакал койбойт экенсиң, же сен жеңи кыска киет экенсиң. Намазда сенин аркаңда турбайм, сени менен намаз окубайм” деп майда-барат нерсеге такалып, туура эмес атаандашуу болбошу керек. Анын арты диний касташууга алып бара турганы анык. Ага биз дагы каршыбыз. Аалымдар кеңеши ушундай түшүнбөстүктү түшүндүрүү үчүн бар. Кээде аалымдар кеңеши муфтияттан жогору туруп калат. Анткени биздин кеңеш, багыт бере турган да функциябыз бар. Бирок бир эле аалымдар кеңеши муну чече албайт экен. Анткени, бул маселени жапа тырмак, коомдук исламий жамааттар чечиши керек.

Жок дегенде туура тамактанууну билсе

Пайгамбарыбыздын хадисинде “Жок болсун, динди катуу көрсөткөндөр”, — деп айтылган. Бүгүнкү күндөгү радикалдуулукка пайгамбарыбыз өзү баш болуп каршы болгон. Бизде баштан эле диний сабатсыздык деген “боштук” бар. Анын ордун толтурганга биз жетишпей калдык. Анткени ал адамдын аң-сезиминдеги, жүрөгүндөгү боштук. Муну бала бакчадан баштап, эрезеге жеткенге чейин толтуруп турушубуз керек. Биз оорунун алдын албай, ал күчөп кеткенде гана дарылаганга аракет кылып атабыз. Ошондуктан жок дегенде 5-класстан баштап мектептерде ыйман сабагын киргизели. Ыйман, дин эмне экенин бала билсин. 11ди бүтүп жүрөгү катып калгандан кийин, таш боор болуп бүткөндөн кийин ыйманды, динди таңуулаган болбойт. Азыр 9-класстан кийин дин сабагын киргизди. Бирок 9-класстагы баланын аң-сезими эчак эле калыптанып калган. Аны өзгөртүү кыйын. Ыйманга баланы бала бакчадан тартып үндөш керек. Бакчадан мейли Куран жаттатпасын. Жок дегенде адал тамактанууну, айланага болгон мамилени, кадимки эле нанды оң кол менен жеш керек деген жөнөкөй нерселерди үйрөнсүн. Азыркы жаштарыбыздын кейитерлик абалы — диний багыт туура коюлбай жатканынын кесепети.

Светтик экстремизмге көңүл бурушпайт

Жалпы маалымат каражаттары дин маселесин туура эмес чагылдырууда. Мусулман деген, жоолукчан деген тема болсо болду, баса калышат. Аял бир баланы уурдап кетиптир өзү жоолукчан экен, радикал экен дешет. Чынында андай эмес, бул деген инсандык фактор. Ал жоолукчанбы, сакалчанбы айрымасы кайсы? Светтик радикализм деген жокпу? Жоолукчанды жумуштан айдаган светтик экстремизм эмеспи? Муну айтсаң, айткандын оозу жаман дегендей биз жаман көрүнөбүз. Кудайга шүгүр мусулмандар бүгүн акылдуу. Укугубузду талашканга илимибиз, кудуретибиз жетет деген ойдобуз. Бирок баары бир, биргелешип иш алып баруу, толеранттуу, сабырдуу болуу жагынан аксап атабыз.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button