alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
МакалаларРубрикасызТарбия

Бала жыты – бейиш жыты

Жашоомдо баары жетиштүү, бирок бала жытына жетпей келем. Бул дүйнөнүн кеңдигинен канчалар кутуруп жүрүшөт, кээбири бул дүйнөнүн тарлыгынан жерге батпай жүрөт. Эх, жашоо бирөөгө зар дүйнө, бирөөгө кор дүйнө,кээбирин кубантып бакытка бөлөйсүн,кээбирин ыйлатып жан дүйнөсүн талкалайсың. Тагдыр деген ушул экен, анын сыноосунан эч качып кутула албайсың. Башка келгенди көз көрөт болуп таттуусуна сүйүнүп,ачуусуна таң берип мойун сунуп жашай берет экенсиң …
Балам болсо деп күндө Аллахка үмут менен дуба кылып келем.  Бала -деген кандай таттуу, бах, анын жыты бейиштин жытындай буркурап турат,кучагыма кысып жыттап -жыттап жытына бир тойсом гана! Көкүрөгүмдөгү ак сүтүм менен аны тойгозуп, мээримимди төксөм кана!
Анын кичинекей буттары, колдору, бул дүйнөнүн жарыгына көнө албай ача албай турган көздөрүчү.Кандай кооз, кандай татынакай. Эне жытын издеп кандай жагымдуу,жан дүйнөңө кубат берип жүрөгүңдү эргитип жашооңду кубанычка бөлөйт.  Эне болуу кандай зор бакыт билгенге! А мен болсо бул бакыттын даамына жетпей келем….
Ушундай бакытты тепсеп,  кадырын билбей балдарын таштап,кор кылгандарды көргөнүмдө жүрөгүм канап,жан дүйнөм талкаланат! Эх, кана менде болсо ошол тырмактай болгон эт, өз каныңдан, өз жаныңдан жаралган балаңды эмне үчүн кор кыласың? Эмне үчүн көрүнгөн жерге таштайсың? Сен энесиң го?!  Жүрөгүң таш болсо да анын жалдырап турган көздөрү жан дүйнөңдү эзилтпедиби ?!
Алар сенин мэрим,  сенин жытыңа, эне деген атыңа зар болуп, көздөрү төрт болуп күтүп жатканын билсең кана!
Сөзүмдүн аягында келчекте боло турган энелерге, эне болуп жүргөндөргө кайрылат элем. Балаңарды кор кылбагыла, балаңарды таштабагыла, балаңарды ыйлатпагыла,  булар билсеңер чоң бактыңар, чоң кубанычыңар, аларсыз үйңөрдү элестетип көргүлөчү. Үй -бүлөнү шаңга бөлөп,  алардын күлкүсү жаңырып турса мындан өткөн бакыт болбосо керек! ” Балалуу үй базар,баласыз үй мазар” дегендей балдарсыз жашоонун кызыгы жок сыяктуу. Чынында ата-эне жашоосун балдарына арнап, алардын түйшүгү менен кантип  каарып калганын билбей калат экен …
Эгерде, сенин уулуң же кызың бар болгон болсо шүгүр кылып жаша демекчимин. Биздей бала жытына зар болгон энелерден сабак алып жаша ….
Жашооңдо кандай кыйынчылык болбосун балаңды кордоп таштаба,каны ,жаныңдан жаралган периштедей болгон наристелерде аэмне күнөө !? Аллахым наристелердм эч канчан ырыскысыз калтырбайт.  Аларга да жооп бере турган күн келет…
Ушундай алсыз энелерди көргөнүмдө, “аттиң!” деп кала берем…Бул да тагдырдын сыноосудур.Кантсе да Аллахтан үмут үзбөй жашап келем… кимгедир сабак болуп калса деген максатта ичимдеги бугумду силер менен бөлүшкүм келди”,- деп байкуш эне көз жашын сүртуп сөзүн бүтүрдү…
Насиба Абдуллаева,
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
 

//

The post Бала жыты – бейиш жыты appeared first on FORMULA.KG.

October 13, 2015 at 06:28PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button