alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

🧕🏻Исламдагы аялдардын кийими

🧕🏻Исламдагы аялдардын кийими

Бисмиллахир-рахманир-рахиим.

— Ислам шариятында аврат деп эсептелинген дененин бөлүктөрүн жаап жүрүү милдеттүү парз катары таанылат.
— Аялзатынын жүзү жана эки колунан (манжаларынын учтарынан баштап, билек муундарына чейинки аралык) башка денесинин бүтүндөй бардыгы аврат деп саналат.
— Кийимдин милдеттүү болгон шарттары:
1. Кийилген кийимдин туруш-турпатынын өзү жасалга (зыйнат) болбоосу;
2. Кийимдин алдындагы денени көрсөтпөй турган деңгээлдеги калың болуусу;
3. Мүчөлөрдүн көлөмүн аныктабай турган деңгээлдеги кенен болуусу;
4. Адамдардын көңүлүн өзүнө тарта турган атырлар жана жыпар жыттардын сүйкөлбөгөнү;
5. Эркектердин жана пасык (шарият жолунда түз жүрбөгөн) аялдардын кийимдерине окшош болбоосу;
6. Шухрат (башкалардан өтө айырмаланган жана обочолонгон) кийим болбоосу;
7. Дененин жүз жана эки колдон башка мүчөлөрүнүн баарын жапкан болуусу.
— Аялдын кийими ар кандай түстө болгондугу талапка жооп берет. Бирок, күңүрт жана токтоо түстөгү кийимдерге артыкчылык берилет.
— Никаб, же болбосо жүздү жаап жүрүү маселеси милдеттүү парздардын катарына кошулбайт.
— Аялдар үчүн тигилген кенен шымды кийүүнү каалагандар, анын үстүнөн сөзсүз түрдө тизеден төмөн түшүп турган кенен кийим кийүүсү милдеттүү. Кенен деп эсептелинбеген шымдарды кызыл ашыкка чейин болгон узун кийимдердин ичинен кийүүгө мүмкүн. Ал эми тар тигилген шымдардын өзүн кийүүгө шарият тыюу салынат.
— Мусулман аялдын кийген кийими таза жана жөнөкөй болуп, башка аялдарга өрнөк болуусу кажет.
Алла Таала баарыбызды ак жолдон адаштырбасын!


👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button