alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

Христиандардын колундагы азыркы Инжил Ыйсанын пайгамбар экенин тастыктап турат

Эгер адам ким болсо болсун, кичине эле ЫНСАБЫ болсо, анда Ыйса пайгамбарды эч качан Кудайга теңебейт. Муну христиандардын колундагы азыркы Инжилдер да тастыктап турат.
«Ыйсадан бирөө: «Жакшы устат! Түбөлүктүү өмүргө ээ болуу үчүн, эмне кылышым керек?» – деп сурады. Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка эч ким жакшы эмес.» – деп жооп берди. (Марк 10:17-78).
Мынакей, Ыйсанын өзүнүн сөзү! «Кудай» деген сөз быякта турсун, атүгүл «Жакшы устат» деген сөздү да өзүнө кабыл этпеди.
Ырас, Ыйса кудай эмес, ал адам болгон, кудайдын пайгамбары болгон. Ошондуктан ал уктаган (Марк 4:38, Матфей 8:24), чарчап, суусаган (Иоанн 4:6), ачка калган (Марк 11:12), ыйлаган (Иоанн 11:35) ж.б.
«Ал кудай алдында, эл алдында иши менен да, сөзү менен да күчтүү ПАЙГАМБАР болчу» (Лука 24:19). Демек, Библия да Ыйсаны ПАЙГАМБАР деп күбөлөндүрүп жатат. Ал эми азыркы християндар айтып жүргөндөй Ыйса дүйнөгө, бүткүл адамзаттын «күнөөлөрүн» кечирүү үчүн келген «курмандык козусу» эмес, тескерисинче ошол кездеги адашкан еврейлерге гана жиберилгендигин Библияда: «Мен Ысрайыл элинин гана жоголгон койлоруна жиберилгемин» (Матфей 15:24) – деп баса белгилеген.
Ал эми азыркы Инжилдердеги Ыйсаны чектен чыгара мактап, атүгүл «кудай» кылып көрсөткөн ыр саптары болсо, Библияга АДАМДАРДЫН СӨЗДӨРҮ аралашып кеткендигинин айдан ачык мисалы…

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button