alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларПайдалуу кеңештер

ТАГДЫРЫҢА ТААРЫНБА

ТАГДЫРЫҢА ТААРЫНБА

Бир киши:
«Жолум оор, окууга кире албадым, аялым жайсыз болуп турат чыкты, доллар кымбаттап кетти, нанга май жагар элем колуман келбеди, эмне кылсам да жолум болбоду…
А башкалар эмне кылса да жолдору болуп жатат, ошолор сыяктуу жолумду кандай ачсам болот?» деп тагдырына наалып, көрүнгөнгө арызданып кыйналып жүрөт экен.

«Адамдарга көп таарынасың го а » дедим эле, кайдан билип койдуңуз?!» деп таң калды.
Чынында окутпады деп ата-энесине , жардамдашпайт деп тууганына, жагдайым жок болгон соң аралашпай койду деп досторуна иреенжип жүрчү экен.
Атаганат ой, иреенжигенинен кимдин эмнеси кетти. Алла Таала адамды жаратканда ушунун жолун оор кылайын, мунун жолун жеңил кылайын деп бөлүп-жарбайт го! Баарын өз ниетибизден, мүнөзүбүздөн, оозубуздагы сөзүбүздөн табабыз эмеспи?

Эмне болсо ага капа болуу мурун менде да болот эле.
«Кече киного барып сыңар, мага неге айтпадынар?» деп досторума капа болор элем. Тоюна чакырбады деп тааныштарыма иреенжийт элем. Абалымды билип турушпайт деп туугандарыма иреенжийт элем.
Ойлоп отурсам түрлүү кыйындыктардын баарын ушундай капачылык аркылуу өзүм чакырып жүрүпмүн.
Иреенжитүү деген адамды убайымга батырып, көзүңдү байлап, таза аба менен дем алдырбай думчуктуруп жибере турган капкара энергетика экен го өзү!
Эч ким мени эч жака чакырбай эле койсун;
Жамандагысы келсе жамандай берсин;
Абалымды билбей эле койсун;
Карыз сурасам бербей эле койсун.
Бербесин!
Капаланбайм!

Эч ким эч кимге эч нерсе милдеттүү эмес!
Ар кимдин өз өмүрү, өз эрки бар. Таарынчаак адамдан башкалар качат, жакындар алыстайт. Чыныгы жол болбоо, ийгиликсиздик , ошол кезде башталат. Өзүбүз зыян алып, анан тагдырды күнөөлөйбүз келип…

Ошондуктан
Ойноп-күлүп, жадырап-жайнап жүрө бериңиз! Ошондо баары сиз менен аралашкысы келет, кыйналсаныз жардам бергиси келет.
Эч качан жалгыздыкты сезбей турган болосуз. Бул өмүрдө эч ким сизге кас эмес, эч ким сизге дос эмес, ошону билиңиз. Бардыгы тек гана «окутуучу», «үйрөтүүчү».
Ошондуктан баягы кишиге да , сизге да айтарым ушул:
«Эч кимди таарынтпаңыз!
Эч кимге таарынбаңыз!
Ошондо баары жакшы болот!

🧕Даярдаган: Алина Муслима.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button