МакалаларРубрикасыз

Күнөөнүн кесепети

Аллах Таала адам затты жаратып, жөн гана таштап койгон эмес. Ага жашоонун тартибин көрсөтүп, кайсы ишти аткарууга болорун жана кайсы ишти аткарбоо керектигин үйрөткөн. Аллах Таала аткарууга буйрук кылган иштерди аткарган адам, акыретте сооп-сыйлыкка ээ болуп, Бейишке кирет. Ал эми тыюу салган ишти аткарган адам, акыретте азапка дуушар болуп, тозокко кирет. Бирок, тыюу салынган иштерден тыйылуу, буюрулган иштерди аткаруу Акыретте гана пайда-зыянын тийгизет деген түшүнүк туура эмес. Аллах Таала буюрган ар бир иштин бул дүйнөдө да пайдасы бар. Ошондой эле, тыюу салынган ар бир иштин зыяны бул дүйнөдө эле тиет. Аллах Таала тыюу салган иш, мейли ал чоң күнөө болсун, мейли кичине болсун, аны кылган адам — анын зыянын көрмөйүнчө бул дүйнөдөн өтпөйт. Аллах Таала Куранда мурдакы өткөн доорлордогу күнөөкөр адамдарды кантип азаптагандыгы тууралуу айтып өткөн. Алардын баарын акыркы замандын жашоочуларына үлгү болуусу үчүн айткан.

Аллах Таала пенделерине мээримдүү, ырайымдуу, ошол эле убакта чектен чыккандарга өтө каардуу.

«Аллахтан корккула жана билгиле, Аллах – азабы катуу Зат » — деген сыяктуу аяттарды Кураандан өтө көп кезиктирүүгө болот. (Бакара, 196-аят). Аллахтын азабы өз заманына жана ордуна карап ар түрдүү болот. Ар кайсы коом жасаган күнөөсүнө жараша ар кандай азапка дуушар болот. Анда эмесе кайсы күнөө кандай азапка туш кыларына көңүл буралы:

1. Топон суу каптап, суунун алдында калуу. Аллахка жана Анын элчиси Нух пайгамбарга баш ийбей, аны шылдың кылганы үчүн Аллах Таала Нух пайгамбардын коомун топон суунун астында калтырган. Бул туурасында Кураанда:

«Биз Нухту өз коомуна пайгамбар кылып жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миң жыл турду. Анан аларды заалым болуп турган жеринде топон суу каптады» — деп айтылган. (Анкабут, 14-аят). 

Мындан башка дагы бир канча аяттарда бул топон суу жөнүндө баян кылынган.
Бороон-чапкын менен учуруп, талкалап жок кылуу. Худ пайгамбардын коому пайгамбарына ишенбей:

 «Сен эмне, бизди өз кудайларыбыздан кайтарганы келдиңби? Эгер чынчыл болсоң, бизге убада кылган (азаб)ыңды (тезирээк) келтирчи?! — деп айтышты. 

Аллах аларды катуу бороон менен талкалап жок кылды. Бул туурасында Куранда:

«Ал бороон, Роббисинин буйругу менен бардык нерселерди талкалап жиберди. Анан алардын  (теп-тегиз болуп калган) короолорунан башка эч нерсе көрүнбөй калды. Биз күнөөкөр коомду ушинтип жазалайбыз» -деп айтылган. (Ахкаф, 25-аят).

Ачуу кыйкырык үн менен кулактарын жарып, чачыратып жиберүү. Салих пайгамбардын коому, анын жолуна түшпөй, Аллах сыноо үчүн жиберген төөнү союп салышканда, Аллах аларды катуу чаңырык үн менен кыйратып жок кылган. Бул туурасында Кураанда:

«Биз аларга бир чаңырык жибердик эле, короо курган (чабан) дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты» — деп айтылган. (Камар, 31-аят).

Асмандан кызыган таш жаадырып, күйгүзүп жок кылуу. Лут пайгамбардын коому, бачабаздыкка берилип, аялдарды карабай, эркектер менен жакындык кылып калышканда, Аллах аларга таш жаадырып жок кылган. Кураанда бул окуя:

«Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз (таш бороону) келди» — деп айтылган. (Камар, 38-аят).

Оттуу чагылган менен күйгүзүп жок кылуу. Шуайб пайгамбар коомуна:

«(Оо коомум) өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула. Туура тараза менен тарткыла» — деп насаат кылды. (Шуара, 181-182-аяттар).

Бирок, алар аны уккусу келбей:

«Биз сыяктуу эле адамсың. (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун). Биз ойлойбуз: Сен бизди алдап жатасың. Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи» — деп каяша кылышты. (Шуара,187-аят). 

Аллах аларды булут астынан чыккан от менен күйгүзүп жок кылды. Алардын кыйроосу Кураанда:

«Аны (дагы) жалганга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады. Бул улук күндүн азабы болчу» — деп баян кылынган.

Суу алдына чөктүрүү. Ошондой эле Аллах Таала өзүн кудаймын деген Фираунду жана анын желдеттерин деңизге чөктүрүп жок кылган.
Адамдарды маймылга же чочкого айландыруу. Исраил коомунда Аллах Тааланын буйругуна каршы болуп, аллахты алдайбыз деп күнөөкөр болгон адамдардын маймылга айланып калгандыгы тууралуу Куранда минтип айтылат:

«Силердин араңардагы ишемби күндү бузгандарды билесиңер. Биз аларды: «Кор болгон маймылдарга айлангыла» — дедик. Биз муну ошол убактагы адамдар үчүн, келечек муундар үчүн жана такыбаларга үлгү (болсун үчүн) кылдык». (Бакара, 65-66-аяттар).

Жогоруда айтылган жаза-азаптар Аллах Тааланын күнөөкөр пенделерине жөнөткөн азаптарынын кээ бирлери гана. Улуу Пайгамбарыбыз Мухаммаддан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

— Оо Аллахтын элчиси, арабызда жакшы адамдар болсо да кыйроого учурайбызбы? – деп Зайнаб энебиз сураганда:
— « Ооба, эгер бузукулук көбөйүп кетсе » — деп жооп берген. 

Бузукулук, күнөөнүн көбөйүүсү бир гана күнөө кылып жаткан адамга эмес, жалпы коомчулукка да тиет. Кайсы бир элде зекет берилбей калса, ал жерде кургакчылык болуп, түшүмдүн берекеси кетет. Кайсы жерде зина кылуу көбөйсө, ал жерде айыкпас оорулар көбөйөт. Кайсы элде сүткорлук көбөйсө, ал элде жинди болгон адамдардын саны өсөт. Таразадан алдоо көбөйгөн жерде, адилеттүүлүк жоголот. Жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакырбаган элдин дуба-тилеги кабыл болбойт. Ата-энесин сыйлабаган бала, өз баласынан жакшылык көрбөйт. Бирөөнүн өңү-түсүн шылдыңдап күлгөн адам, өзүнүн баласынын ошондой болуп калганына күбө болот. Кыскасы, ар бир күнөөнүн өзүнө жараша жазасы болот. Чоң күнөөгө — чоң жаза, кичине күнөөгө — кичине жаза. Мындан эч ким, эч качан качып кутула албайт.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

«Арак ичпегиле, ал бардык жамандыктын ачкычы» — деп айткан. 

Азыркы учурдагы жамандыктардын кайдан чыгып жатканын айтпаса да түшүнүктүү.         Такталбаган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ар бир адамга орто эсеп менен жылына 6.3 литр арак, 6.8 литр пиво, 0.9 литр вино, 0.09 литр шампан, 0.07 литр коньяк  туура келет. Жылына Кыргызстан элинин талабын канааттандыруу максатында 3 млн 200 миң декалитр  арак талап кылынат (1 декалитр -10 литр). Кыргызстан 2-2,3 млн  декалитр  чыгарат. 50 миң декалитр  чет мамлекеттерден импорттолуп алынат. Ал эми 700 миң декалитр  арак кол менен жасалган жасалма арактар.

Кыргызстанда 17 арак чыгаруучу ишкана иштейт. 30  ишкана вино чыгарат, 3 ишкана шампан, 2 ишкана коньяк чыгарат.

Арактын айынан биринчи кезекте адамдардын ден-соолугу жабыркайт.

Алкоголь, анын  ичинде арак ичилгенден кийин ашказандан канга 2 мүнөттөн кийин кошулат. Кан аны организмдин бардык клеткаларына жеткирет. Алкоголдон улам кан тамырлар кеңейип, кан мээге көп бара баштайт. Бул нерв борборлорун кескин дүүлүктүрө баштайт да, натыйжада, адам өзүн шайыр сезе баштайт. Алкоголь кандагы эритроциттерди (кызыл кан денечелери) жана лейкоциттерди (ак кан денечелери) зыянга учуратат. Натыйжасы анемияга, инфекциялардын бат жугушуна, кан агууларга алып келет.  Ичкиликти көп ичүү — кандагы холестеринди жогорулатат. Жүрөктүн миокард оорусуна, кан-тамыр ооруларына алып келет. Ичегинин клеткаларынын түзүлүшү өзгөрөт да, тамак аркылуу келген керектүү заттарды, витаминдерди соро албай калат. Натыйжада, адам арыктай баштайт. Ашказанда жара пайда болот. Организмге кирген ичимдиктин 95 пайызын боор иштеп чыгарат, андыктан аракты көп ичкен адамдын боору гепатитке, кийин циррозго учурайт. Бул орган инсулинди иштеп чыккандыктан, ичимдиктин айынан иштөөсү бузулат да, кант оорусу (диабет) келип чыгат. Ушунун баары келип, адамдын өлүмүнө себеп болот.

Ал эми арак ичип алып, кылмыш жасагандарды, кырсыкка учурап өзүн, же башка күнөөсүз адамдарды өлтүргөнүн күн сайын угуп-көрүп жатабыз.

Сөздүн кыскасы, элибиздин: «Колуң менен кылганды, моюнуң менен тартасын» деген накылын эстен чыгарбай, күнөөдөн сактанып, Жаратканга тооба кылып жүрбөсөк, эртедир-кечтир бир балээге кабыларыбыз чындык. Ошондуктан өзүбүз да күнөөдөн сактаналы, башкаларды да күнөө кылуудан токтотолу.

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close