alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
РубрикасызСуроо-Жооп

Молдого ысытма окутсам күнөө болбойбу?


1) Мен намаз окуйм, жолдошум окубайт. Үйүбүз бар, бирок жолдошум “кредит алып там салам” деп жатат. “Кредитти сага жаздырып алам” дейт. Арак да ичип коёт. Эмне кылсам болот? Нарын, Асылзат
Ж: Кудай Таалам намазыӊызды кабыл кылсын! Эгерде жашап турган үйүӊөр бар болсо, анда кредит менен там салууга эмнеге кызыкты экен, кургур киши? Кредит (сүткордук) арам, арамдын түбү жакшылыкка алып барбайт. Сүткордукка аралашкан кишиге Алла Тааланын жана анын пайгамбарынын согушу болот дейт касиеттүү Куран. Атыӊызга жаздырсаӊыз сиз да шерик болуп каласыз сүткордук арам ишке. Кээ бир адамдар “күнөөнү өз мойнума алам, сага эч нерсе болбойт” деп алдашат. Алданбоо керек. Кредит алам деп азыркы үйүнөн ажырап калбасын. Артык кылам деп тыртык кылыптыр деген кеп бар.
Ал эми арак боюнча кеп башка. Арак бүтүндөй жамандыктын энеси. Аны ичкен оӊбойт.
Сизге берээр кеӊешим, сабыр кылыӊыз. Сабырдын түбү сары алтын. Сабырдуу жетээр муратка, сабырсыз калаар уятка. Дуба кылсаӊыз, күйөөӊүздүн оӊолуусун чындап кааласаӊыз, ниет кылсаӊыз баары ордуна келет.
2) Кыдыр ата деген ким, устаз?
Ж: Динибизде сиз айтып жаткан Кыдыр ата аль Хадир, аль Хыдир, Хадир жана Хыдир деген наамдар менен наамдалат. Араб тилиндеги мааниси жашыл түстү туюнтат. Имам Бухарийдин риваятында Кыдыр ата такырайган жерге олтуруп, туруп кеткенден кийин ошол жерге чөп чыгып, жашылга айланган. Мына ошондон улам. Жашыл деген маанини туюнткан лакап жабышкан (Фатхуль баарий 6309).
Мусулмандардын бардыгы ал кишинин аты айтылганда, пайгамбарлардын атына кошулуп айтыла турган “алайхис салам” деген салаватты кошуп айтууну адатка айландырышкан.
Кунясы Абул Аббаас экендигине “Исаабанын” айтуусунда талаш жок (2115).
Качан туулгандыгы туурасында өтө көп риваяттар айтылат. Кээ бирлери Адам алайхис саламдын баласы дешсе, башкалары ал кишинин небереси Кубулдун уулу дешет. Айтор, ар кандай уламыштар айтылат. Бирок илимий таразага салганда күрөккө тургус алсыз риваяттар деп баа берилет.
Кээ бирлер аны периштелердин бири деп таанышат. Имам Сухейлийдин риваятында, бир канча адамдар аны периштелерден деп айткандыгы айтылат. (Иршаадус Саарий 5384). Имам Нававий бул риваяттын туура эмес экендигин белгилеген (аль Мажмууь 5305).
Дагы бир жамаат аны пайгамбар эмес, жөн гана олуя пенде, Кудай Тааламдын сүйүктүү пенделеринен болгон деп ишенет (Тафсир Ибну Касиир 399).
Көпчүлүк аалымдарыбыз аны пайгамбар болгон деп таанышат. Муфассир Абу Исхак Саьлабий айтат: “Хыдир алайхис салам — айтылган бардык риваяттарга карабай, узак өмүр берилген, көзгө көрүнбөгөн пайгамбар!” (шарх Сахих Муслим 15136).
Ал киши азыр деле тирүүлөрдүн катарындабы же кандай деген суроо боюнча аалымдар эки түрдүү пикирде: Ибну Таймия жана башкалар аны азыр жок, ал каза тапкан деп айтышат. Ал эми Умар бин Абдулазиз баштагандар аны дале тирүү деп айтышат. Сопулардын дээрлик бардыгы, анын ичинде карапайым элдин басымдуусу ал кишини азыр деле биздин арабызда жүрөт, бирок, бизге көрүнбөйт деп айтышат.
Кыдыр ата туурасында жазылган китептерден эки китепти сизге сунуш кылат элем. 1-“Исмидул айни” Абдулла Гумарий – 2 “Аль Хадир” Мухаммад Хойру Рамазан Юсуф. Валлооху аьламу.
3) Жубайым менен ажырашып кеткем. Ал азыр Москвада. 2 уул, 1 кызыбыз бар. 3 жылдан бери балдарым менде. Балдарды бер деп жатат. Бербей койсом болобу?
Ж: Шариат боюнча балдар жаш курагында энесинде болот. Эркек балдар дааратканага кирип чыкканга жарап калгандан кийин, атасынын колуна барат. Андан эркектин тарбиясын алат. Ал эми кыздар балагатка жеткенден кийин атасынын колуна барат. Атасы урмат-сыйы менен турмушка чыгарат. Ага чейин энесинен аялдык тарбияны алат. Бардык учурда балдарды каржылоо атанын милдети болуп кала берет.
4) “Орозонун башталышын биринчилерден болуп сүйүнчүлүгөнгө тозок оту арам болот” деген хадистин канчалык чындыгы бар?
Ж: Менин билишимде мындай хадис жок. Менин билгенимен билбегеним көп экенин унутпасаӊыз экен.
5) Жолдошумдун акыркы күндөрү мага кылган мамилеси начарлоодо. Аргам калбай баратат. Молдого ысытма окутсам күнөө болбойбу?
Ж: Ысытма — ысык тамак, ысык төшөк, ысык-жылуу сөз жана ысык мамиле менен болот. Кудайга дуба кылып, жашоону Пайгамбарыбыз көрсөтүп бергендей жашоо менен ысык жашоо ишке ашат. Молдо деле дуба кылат. Маселе кимдин ыкласы көбүрөөк болуп, амалы Кудайга сүйүктүүрөөк болуп, кабыл болууга ыктымалдуулугунда турат.
6) “Чач тарачта” кыркылган чачтарыбыз таштандыга кетет экен. Бул кандай болуп калат?
Ж: Кааласаӊыз чачыӊызды топтотуп, желим баштыка салып алсаӊыз деле болот. Чачты жерге көмгөн жакшыраак. А бирок, ошол жерден таштандыга ташталса деле зыяны жок.
8) Айымдардын жынсы шымын мекендештерге сатсак болобу?
Ж: Боло берет. Анткени ар ким ар кандай максатта пайдалануусу мүмкүн. Бирөө үйүндө кийсе, башка бирөө белекке берүүсү, ал эми үчүнчүсү чапандын ичинен кийүүсү мүмкүн. Андыктан аны сата берүүнүн зыяны жок.
9) Карыздан кутулуучу дуаны айтып койсоңуз, устаз?
Ж: “Аллоохумма икфинии би халаалика ьан хараамик, ва агнинии би фадлика ьамман сиваак!”
10) 4 балабыз бар. Жолдошум арактан башы чыкпай калды. Кантип таштатсак болот?
Ж: Ислам университетинде Молдо Хашым дамбылдага келип жамгырдын суусуна дем салдырып, ичирсеӊер жакшы болот, насип кылса…
11) Намаз окуйм, бирок Нарында курулуп жаткан “АГАХАН” университетинин курулушунда иштеймин. Алган айлыгым адалбы?
Ж: Макрух болуу менен дурус. Макрух дегенибиз азыр ал мусулман эмес жамаатка тиешелүү жай. Дурус дегенибиз “кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту”, ким билет, балким куруп бүтөөрү менен алар келген жерине кайтып кетип, ордуна Ханафий мазхабын окуткан медресе болуп калаар.
13) Үйлөнгөн эркектер тойлордо кыздар менен бийлегени кандай? Жубайынын акысына кирип калган болбойбу?
Ж: Үйлөнгөнү деле, бойдогу деле намахрам кыздар, аялдар менен бийлегени арам. Шариат жол бербейт.
14) Эркек киши сөзсүз үйлөнүп, аял киши сөзсүз турмушка чыгыш керекпи? Москва
Ж: Сүннөт.
15) “Жентек той” өткөрбөй, бир койду медресеге берип койсо болобу?
Ж: Болот. Медресеге союп жеш шарты менен берсеӊер болот. Медресе аны сатып өз муктаждыгына жумшап жиберсе, акыйка-жентекке өтпөй калат. Кой союлуусу шарт.
16) Атам мас абалында апама 3 талак деп айтыптыр. Азыр экөөсүн жолуктурбай олтурабыз. Эмне кылсак болот? Москва
Ж: Алар менен маӊдай-тескей олтуруп баарлашканда маселе оӊуюраак чечилет.
17) Жолдошум Москвага кетип жатып “сенин жообуң, өзүң каалаган убакта кете бер” деген. Кийин көп өтпөй, Москвага чакырып калды. Азыр чогуу жашап жатабыз. Кандай болот?
Ж: Жогорудагыдай сөздү айтканда сиз ошол укугуӊузду пайдаланып, өзүӊүзгө талак койгон эмес болсоӊуз, анда талак түшкөн эмес.
18) “Илимди китеп уурдап болсо да ал” деген агайыбыздын насаатын уккан элем. Кийин мен да бир Куран китебин алып, азыр аны окуп жүрөм. Агайыбыз сураганда “билбейм” деп койгом. Эмне кылуум керек? Агайга кайрып берүүм керек болсо, аны таппасам эмне кылам?
Ж: Китеп уурдаган да күнөө. Эгер китептин баасы он дирхамдан (жети миӊ сомдон) аша турган болсо, кол кесилет жаза катарында. Кайрып бер, кечирим сура. Таппасаӊ тооба кыл…..
19) Үй-бүлө кургум келет, бирок ата-энем 2-3 жылдан кийин үйлөнөсүң дейт. Үйлөнбөй туруп күнөөгө батып аламбы деп корком. Эмне кылсам болот?
Ж: Анда, үйлөн. “Карыз алып катын ал, катын жанга калат, карыздан кутуласыӊ” деп бир устазыбыз айткан эле илгери…..
20) Биз төрт бир тууган элек. Мен экинчисимин. Бир күйөөдөн ажырашып, экинчиси менен жашап атам. Улуу балам атасынын колунда калган, экинчи балам апамдарда. Агам балалуу болбой ажырашкан. Эми ичип калды. Иним болсо Орусияда иштеп жүрүп каза болуп калды. Сиңдим да баласы менен ажырашып кетти. Эки кызы кайненесинде калды. Биз Орусияда иштейбиз. Атам менен апам акча салгыла дей берет. Мурда жакшы иштеп турганымда айына сегиз миңге чейин салчумун. Жок дегенде беш миң салат элем. Акем да он миңден салчу. Бирок апам бири-бирибизге айтпаганга аракет кылчу. Бирөөбүздү салбай коёт десе керек. Сиңдим да кичине иштеп, ал да салып турду жумасына үч-төрт миңден. Апам канча салсак да аз дей берет. Акем да ошондон тажап иче баштады окшойт. Кээде ал: “Мен салганга шүгүр кылгыла. Кыздардан сурабагыла” деп урушат экен. Эми атамдар ага таарынып мага чалышты. Сен эле салып тур, акең бизди урушту дейт. Азыр өзүм да ооруп калдым. Доктурга көрүнүп жүрөм.Күйөөм экөөбүз бул жерден баш кошконбуз. Ошол карап жардам берет. Бир-эки жолу ал дагы акча салды. Айлабыз кетти. Бир нерсе десек эле капа болушат. Үйдө атам, апам, балам үчөө эле. Чоң үйүбүз бар. Мал жок. Чарбак кичине. Апам пенсия алат. Бирок жетпейт. Карызга тараттык деп эле отуруп калышат. Шүгүр дешпейт. Кандай кылсак? Айткан акчасын таап салышыбыз керекпи? (Суроо жеткенден кийин кыскартылды).
Ж: Ата-энеге силердин абалыӊарда акча салуу шарт эмес. Эгер ачка калып жатышкан болсо, силер жашаган үйгө келип жашасын. Силер жегенди жеп, силер ичкенди ичип жүрүшсүн.
Кээ бир ата-эне балдарынын тагдырын, келечегин ойлобойт. Күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп коёт дегендей азыркы ата-энелер. “Балдар ата-энесин багуу керек” дегенди тапкан акчасын салуу керек деп түшүнөт кээ бири. Ошол балдары кыйналып иштеп тапканын чогултуп, алардын бизнесине же үй салуусуна каралашса, ошол балдары отурукташып калса, кайра мекенине келсе, ата-энесине деле жакшы го. Карыганда балпайып балдардын төрүндө олтурганга не жетсин.
Он жыл иштеп бир ыштаны жок келген үй-бүлөлөр бар. Себеби эмнеде? Тапканын ата-энесине салып, алар аны менен тойлорго барып, утур жаӊы кийимдерди кийип, даяр оокатты базардан сатып жеп, шерине өткөрүп, эркеги чалдар менен жоро болсо, ургаачысы ар аптасына чайханада олтуруш өткөрүшөт. Эми ошол туурабы? Ошентип кыйнай берсе ата-эне чындап карып, балдардын жардамына муктаж болгондо, Орусиядан эч нерсеси жок келген балдары ата-эненин пенсиясын карап олтуруп калат. Колунда болгон мыдырын сатат. Мына ошондо кыямат келет.
21) Курандагы аял кишинин аттарын айтып коюңузчу, устаз?
Ж: Куранда бир эле “Марьям” энебиздин аты ачык келген. Андан башка аялзатынын аты келген эмес. Ал эми “Аасия” деген ат эмес, лакап. Фираундун аялы деген мааниде колдонулат. Андан башка Саара, Хаажар деген сыяктуу ысымдар хадистерде айтылган.
22) Балага ат коюуда азан айтуу сүннөтпү?
Ж: Балага азан жаӊы төрөлгөндө айтылат. Ал эми ат жетинчи күнү коюлат. Ошондуктан ат коюп жатканда жаӊыдан азан айтуунун кажети жок. Мурда айтыла элек болсо, эми айттырып койсо зыяны тийбейт.
23) Кайын сиңдим үчүнчү турмушунда жашачу. Балдары менен батышпай үйгө кайтты. Бирок күйөөсү 5 жылдан бери карап жүргөн. Анан телефондон башка эркек таап, ошону менен кетмекчи болот. Кайненем молдо апкелип нике кыйдырып, үйдө эки күн тургузуп узатты. Ошондо мунусу төртүнчүсү. Бирок, жолдон үчүнчү эри жолугуп калат. Өзү эле чакырса керек. Бизден жашырат. Ага Бишкеке иштегени баратам деп алдайт. Күйөөсү ага ишенбей үйдөгүлөрдүн баарына сарпай кылып, кайынсиңдиме шакек-сөйкө берип алып кетет. Аны менен 5 күн жашайт. Бул арада баягысы менен телефондо сүйлөшө берет. Анан күйөөсүнө чыр салып апамдыкына алып бар дейт. Күйөөсү баласы экөөнү кечке жуук үйгө алып келет. Эртең барам деп күйөөсүн кетирип, эртеси паспортун апасынан талашып, тополоң кылып, эри берген сөйкөнү сатып төртүнчү эрине өзү кетип калды. Эми бул жагы кандай болду? Арам болгону белгилүү, бизге кесепети тийбейби? Менин күйөөм билбейт. Жолун айтыңызчы, эмне кылыш керек?
Ж: Кайын сиӊдиӊиз кимдин аялы экени аны менен тактап сураганда ачыкка чыгат. Ансыз бирдеме дей албайбыз. Дей ала турганыбыз — анын азыркы кылып жүргөндөрү зынадан башка эмес. Кудай сактасын. Билген кеӊешиӊерди айткыла, дуба кылгыла…
24) Саламатсыздарбы? Мен хиджап кийип оронбосом да, жүрөгүм менен ишенип, келме келтирген адамдардын катарындамын. Бүгүн бир окуя болду. Бир кошуна кыз каза болду эле (асынып өлдү) аны жерге бергенден кийин жакын туугандары боз үйдүн ичинде аза күтүп ыйлайт эмеспи. Бирок бүгүн анын апасы келген адамдардын баарына «ыйлабагыла, кызым сурак берип алсын. 3 күн ыйлабагыла, кызым чыныгы жашоого кетти» деп эч бир адамды ыйлатпай койду. Менин түшүнбөгөнүм, эмнеге апасы ыйлаган жок. Деги бул Кудай алдында кандай жорук?
Ж: Шариатта өкүрүп-бакырып ыйлоо күнөө. Бирок, дили кейип, ырайымы келип чындап, долуланбай ыйласа, ага каршылык деле жок.
25) Мен таксырга экинчи аялы болуп нике кыйдырып жашагам. Азыр кызыбыз 4кө чыкты. 2 жылдан бери дайны жок, келбейт. Телефон аркылуу да байланышпайт. Эмне ичип, эмне кийип жашаганым менен иши да жок. 2-аялды жигин билгизбей алса болот деген хадис барбы? Буларга деги сурак болобу? Муфтият тарабынан тизгиндесе болобу? Управа есть на них вообще? Сизге ээрчитип барайын десем келбейт. Үйүнө бара албайм, себеби ачыкка чыккан эмеспиз. Башың бош, башкага тий деп айттырып жибериптир. Ошондо мага талак түшкөн болуп калабы? Өзүнүн аялы чалма деп карабай жүргөндө алма деп тосуп алсам, эми үстү башы тазарып калса жакшы көрүнсө керек, аялы жибербей жаткан имиш. Кандай кылам? Кызым “атам качан келет?” деп сурай берет.
Ж: Аялы чалма деп карабай жүргөндө сиз алма деп тосуп алсаӊыз, алма быш, оозума түш болгон экен. Мурда ачыкка чыкпасаӊыз, эми ачыкка чыгыӊыз. Барып, күндөш менен таанышып, маселени бир тарапка чечип алыӊыз. Кызды жетелеп алыӊыз.
26) Жолдошум намаз окуйт, жаңы төрөлгөн баласын эмдетпей койду. Дарыгерлерге барган сайын алар мени урушат. Балким ойлонорсуңар. Балага кийин кыйын болот дешет. Эмне кылсак болот?
Ж: Прививка, эмдөөнүн зыяндуулугу жөнүндө көп маалыматтар интернетте жүрөт. Окусаӊыз төбө чачыӊыз тик турат. Ошол себептен мен эмдөөлөрдү жакшы көрө бербеймин. .
27) Шариатта кандай шартта, кандай абалда ажырашуу керек?
Ж: Шариатта ажырашуу жакшы эмес. Колдон келсе ынтымактуу жашаганга не жетсин.

http://saresep.kg

Бул да кызыктуу

2 пикир

  1. Саламатсызбы?! Айтор, жазып баштасам соз абдан коп.. Кайын атам, 5,6 жолу уйронуп, 4 балалуу болуп, 1 гана баласы озундо калыптыр, ал менин жолдошум. Апасы отуп кеткен. Баласына мээрими жок. Мен алып качып келген, жашап калган сон учунчу турмушу экенимди билдим. Азыр 3 балалуу болдук. Кайын атам ооруган кезде абдан жакшы карап, ичип келгенде тун ичинде болсо да 3 бала менен кууп чыкчу. Баарына чыдадым. Жолдошум Москавада, ошол убакытта да 2 жыл кайнатамды озум карап, тамагын бердим, ошондо да ыраазы болбой, 15 кун суйлобой, кийинки кайын энеме чалып жамандаптыр(бешинчи аялы, андан балалуу болгон эмес). Ал кайын энем да Москавада. Мен акыры чыдабай, уйумо келе бердим. Эми жолдошума»аялын мн ажырашасын» деп жатыптыр.. Башка аялдары мн да, кайын атам ажыраштырган экен. Абдан кыйналдым, Аллдан тиленип, ар дайым дуба кылам. Жолдошум акчасынын баарын, азыркы кайын энеме берчу. Мага салса нааразы болушат, колумдан келишинче сыйладым, дагы да ар шылтоону табып, жолдошума жамандап, эми жолдошум экообуз урушуп жатабыз. Чырактай балдарыбыз бар, азыр да болсо кайын атама ынсап тилейм. Кандай айла кылсам болот?

  2. Кайын атам, башка балдарына жардам да бербей, баккан да эмес экен. Балдары абдан нааразы болушат. Жолдошум озунчо болунуп кетти эле, мен кетип калганда «аталыктан кечтим» деген экен.. Кайра жарашып суйлошуп калышыптыр, кайын атам Москвага барып. Менин келин болгонума 7 жыл болду, 6 жыл кызматымды кылдым. Балким менден да жаштык кылып, куноо кеткендир… Бирок ошол нерсени тушундуруп айтпайт, суйлобой, тамак берсем ичпей коёт, кайын атам мн жалгыз 2 жашадым. Кандай жол тутабыз, жолдошума уй-болоонун баалулугун кантип тушундурсом болот? Ата-эненди да, бизди да бирдей кара деп жатам. Кайын атам, кайын энем жаш. Коп ойлонуп, ыйлап эле кунум отуп жатат.. Азырынча барбай эле озубузчо жашай берсек болобу? Мен коп капа болуп, уйго барып жашагым келбей жатат. Жолдошум «барбасан, ажырашам» дегендей кылып жатат. Кайын атамдан аябай корком, тынч да уктай албай, менин жумуштарыма дээрлик баарына киришет. Каарыганча башка жашайлы десем, эл эмне дейт деп болбой жатат. Кайын атам конушу-колондон да чыгып калган, баары мн байланышпайт, кайын журту мн да.. Кайын атамды жамандаганым эмес, чынында ушундай киши.. эмне кылсак?

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button