alternatetext Багымдат: 04:04 | alternatetextКүн чыгуу: 05:53 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Өзгөн районунун баш имам хатиби Мырза-Аке эли менен жолугушту

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Мырза-Аке мечитинде  жергиликтүү жамаат менен жолугушуп, президенттин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдар менен күрөшүү жана ыйык Рамазан айынын пазилеттери боюнча маалыматтарды берди.

«Ыйык Рамазан айын ибадат менен өткөрөлү. Анткени бир ибадаттын сообу бир канча эсеге көбөйөт. Бул айда Ыйык Куран китебинин алгачкы аяттары түштү жана миң айдан да артык «Кадыр түнү» дал ушул Рамазан айында экенин унутпайлы. Алла Тааладан бардык жакшылыктарды сурайлы», – деди Акжол ажы.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button