alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Ден-соолукМакалаларРубрикасыз

ИСЛАМ ДИНИ ЭМНЕ ҮЧҮН КӨМКӨРӨСҮНӨН ЖАТУУГА ТЫЮУ САЛАТ

Илимпоздордун изилдөөсөнө ылайык көмкөрөсүнөн жатуу өлүмгө алып келүүсү мүмкүн.
Бул тыюу салынуу бизге алгач эле Пайгамбарыбыздын(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) осуятынан маалым,анткени ал бир да пайдалуу нерсени бизден жашырбастан,же болбосо кандайдыр биз зыян нерсени айтпай койбостон,баардык пайда-зыян менен өз үммөтүн тааныштырган.
Насир ибн Тифха аль-Гифари атасынан(ал экөөсүнөн Жараткан ыраазы болсун) рабаят кылат: «Аллахтын Элчисинин үйүндө коноктоп жүргөнүмдө ал биздин абалыбызды билүү үчүн түн ортосунда туруп,мени көмкөрөмдөн жаткан абалда көрдү да,акырын мени ойготуп,мындай деди : «Мындай абалда уктаба,бул нерсе Кудайдын каарын келтирет»
Башка бир рабаятта, Аллахтын Элчиси(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ойготкон сон: «Мынтип жатпа,анткени Тозок ээлери(тозокулар) ушундай абалда жатышат»,-деген. » (Ахмад, фатх аль Раббани, 14:244-245. Тирмизи (2798), Абу Дауд Сунан КитабульАдаб (5040), Сахих Джами (2270-2271))
Көмкөрөсүнөн жатууга болгон тыюу баарына тиешелүү:эркекке да,аялга да.
ЭМИ 14 КЫЛЫМДАН КИЙИНКИ ӨНҮККӨН ИЛИМ ЖАНА ТЕХНОЛОГИЯ БУЛ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Көмкөрөсүнөн жатуу аркылуу дем алуу оорлойт.Сиз жүзүңүз менен жер карай жатканыңызда автоматтык түрдө көкүрөгүңүздү кыскан болосуз.Бул нерсе өпкөнүн толук кандуу иштебегендигине  жана керектүү өлчөмдөгү таза абадан куру калганына алып келет. Көмкөрөсүнөн жаткан адам күндөрдүн биринде аба жетишпегендигинен улам уйкудан турбай калуусу толук ыктымал.
Көмкөрөсүнөн жатуу жашы улгайган(атересклероз менен жабыркаган) кишилер үчүн абдан эле кооптуу,анткени өпкөнүн керектүү дозада аба ала албагандыгынан улам кандагы көмүр кычкыл газынын  үлүшү көбөйөт.Ушундан улам мындай абалда кары-картаңдар үчүн бул акыркы уйку болуп калуусу мүмкүн.
Көмкөрө уктап жаткан учурда мээнин кан айлануусу начарлайт. Көмкөрөсүнөн жатканда омурткалар таянычтын жоктугунан, ал эми моюн оң же сол капталга бурулуп бел жана моюндун оорушуна алып келет .Ал эми бул болсо өз кезегинде омуртка артерияларынын биринин жабылып калуусуна алып келет.Эгерде экинчи артерияда кандайдыр бир оорунун айынан улам кан айлануу начар болсо,анда эки артерия тен буулуп калуусу мүмкүн.Дал ушундай учурда бир гана уйку артериясы иштеп турат,бирок жашы улгайган кишилер үчүн бул өтө эле кооптуу жагдай.Ар дайым көмкөрөсүнөн уктаганды жакшы көргөн кишилер көбүнчөсүн сколиоз,остеохондроз менен оорушат.
Испания өлкөсүнүн сексопатологторунун пикири боюнча, бир топ тажрыйбалардын жыйынтыгына ылайык туура эмес абалда уктоо көбүнчөсүн аял жана эркектердин жыныстык алсыздыгына алып келет экен.Анткени көмкөрөсүнөн уктаган адам ар дайым табарсыгын басып турат.Көп убакыт басылып турган табарсыктын иштөөсү начарлайт.Бул болсо бүткүл жыныстык органдардын ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизет.Испан өлкөсүнөн мамологтору ар дайым көмкөрөсүнөн уктоо аялдардын көкүрөгүнүн(эмчектеринин) формасын жоготууга алып келет деп белгилешет.
Көмкөрө уктоо көбүнчөсүн инсультка алып келет.Статистика боюнча инсульттардын көпчүлүгү уйку учурунда таңга жуук саат 4-5 де болот экен.
Уктоого эң эле пайдалуу абал катары-«туйулдуктун позасы» сунушталат.
Эң оптималдуу абал-бул оң жамбаштап жатуу,ийиниңиз төшөк үстүндө болсо,ал эми башыңыз жаздыкта болот,буттарыныз болсо  бирааз бүгүлүп турган абалда болгону жакшыраак.
Жаратканга миң мертебе шүгүр айтабыз,анткени бул нерселерди 14 кылым мурда эле биздин сүйүктүү Пайгамбарыбыз(ага Жараткандын салам-салаваты болсун) айтып кеткен.
Өзү да ушул абалда уктап,өз үммүттөрүнө да ушундай абалда уктоону осуят кылган.
Капталынан(бир жамбашка) жатып уктаганда арка белге, моюнга күч келбейт жана коңурук тартуу да болбойт. Оң капталынан жатканда кан айлануу жакшырып, жүрөктүн иштешине оң таасир берет. Капталынан жатуу кош бойлуулар үчүн да эң ыңгайлуу.
Медицина кызматкерлеринин пикири боюнча көмкөрөсүнөн  жатканда беттин бир тарабы шишип, экинчи тарабынын териси бырышып майда бырыштар эрте түшөт..Жана да тери чоюлуп,өзүнүн абалынан бузулат.Бели жана омурткасы ооруган адамдарга көмкөрөсүнөн жатуу абдан эле зыян.
                          
Макаланы даярдаган Нуриет Абдулазиз

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Здравствуйте, я хочу рекомендовать вам посетить страницу охраны труда центр. Это надежный источник, где вы можете получить актуальную и достоверную информацию о правилах и нормах охраны труда. Там вы также найдете эффективные решения по улучшению условий труда. Это поможет вам защитить себя и своих коллег. Не упустите эту возможность, ведь это может быть очень полезно для вас!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button