28.1 C
Bishkek
16.06.2025
ЖаңылыктарРубрикасыз

Тажикстанда жаңы жылдык балаты жана дасторкон жасоого тыюу салынды

Өлкөнүн билим берүү жана илим министри Нуриддин Саид жаңы жылдык балаты майрамын уюштурууга тыюу салуу тууралуу буйрукка кол койду.
Ага ылайык, бардык билим берүү мекемелеринде балатыларды кыюу, аларды орнотуу, коздоо, фейерверк менен пиротехниканы колдонуу, майрамдык отуруштарды уюштурууга, белек берүүгө жана майрам үчүн акча топтоого чектөө киргизилмекчи.
Ошондой эле, окуучулардын жана студенттердин жапырт майрамдоосуна, эс алуу жайларына баруусуна да тыюу салынат.
Министрлик келечек ээлерине майрам күндөрү маданий, адабий иш-чаралар, спортук мелдештерге катышууну сунуштады.
centralasian.org

December 22, 2015 at 02:02PM

Related posts

ОшМУда “Ачык эшиктер күнү – 2022” билим майрамы өткөрүлүп, ага Ош облустук казыяттын кызматкерлери катышты

Жоолуктун шылтоосу менен иштен алынган Сейил айым Бишкек мэриясын соттон 2-ирет утуп алды

admin

Адалдан тапканың Аллах жолунда басканың

Асан Тойчиев

Leave a Comment