Биздин сайтыбызда иштөөнү жакшыртуу үчүн cookies колдонобуз. Биздин эрежелерге макулсузбу?
Макулмун
Formula.KGFormula.KG
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
      • Фото
      • Видео
      • Аудио
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Окулуп жатат: ХИДЖАБ – МУСУЛМАН АЯЛЫНЫН КИЙИМИ
Бөлүшүү
Эскертмелер Көбүрөөк көрсөт
Аа
Formula.KGFormula.KG
Аа
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
  • Намаз убактылары
  • Башкы бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Суроо-Жооп
    • Даарат
    • Намаз
    • Орозо
    • Зекет
    • Ажылык
  • Аңгемелер
    • Таасирдүү окуялар
    • Өрнөктүү өмүрлөр
    • Турмуш таалимдери
    • Эне жөнүндө
    • Тарбия
  • Рубрикалар
    • Мультимедиа
    • Ден-соолук
    • Китептер
    • Атактуулар ааламы
    • Пайдалуу кеңештер
    • Ырлар
  • Жардамчы
    • Намаз убактылары
    • Орозо календары
    • Мечит жана намазканалар
    • Кыргызстандагы медреселер
Авторизация Кирүү
Катталыңыз
  • Advertise
© 2022 FormulaMediaGroup. All Rights Reserved.
Formula.KG > Blog > Аңгемелер > Эне жөнүндө > ХИДЖАБ – МУСУЛМАН АЯЛЫНЫН КИЙИМИ
МакалаларРубрикасызЭне жөнүндө

ХИДЖАБ – МУСУЛМАН АЯЛЫНЫН КИЙИМИ

Avatar
Жаңыланды: 2020/04/20 at 10:52 ТЧ
Бөлүшүү
- Advertisement -
Хиджаб -деген сөз араб тилинен которгондо «парда», «бөлүм» же «бөлүү», «калкалоо» деген маанилерди түшүндүрөт. Тактап айтканда, мусулман аялы хиджаб менен өзүнүн денесин жана ички жан дүйнөсүн, аң-сезимин жаман көздөрдөн, коомдогу терс таасирлерден, адамдардын жаман мамилесинен, ыймансыздыктан коргойт деп мүнөздөмө берилет. Хиджаб — бул мусулман аялынын кийими. Тарыхка кайрыла турган болсок, хиджаб Ислам дини пайда болгонго чейин эле бар болгон жана ал белгилүү бир динге тиешелүү болгон эмес деген маалыматтар да кездешет. Мисалы , байыркы Иранда, байыркы Индия өлкөсүндө хиджаб кийишкен. Алсак, тарых барактарында: «Еврейлер Ислам динин кабыл ала электе эле аялы көчөгө жоолуксуз чыкса, чоочун эркек менен учурашып сүйлөшсө, же үйүндө жүргөндө кошуналары уккудай катуу сүйлөсө, анда күйөөсү ажырашып кетүүгө укуктуу болгон. Аял киши жада калса өз атасынын, ага-инилеринин көзүнчө жоолуксуз жүрүүгө тыюу салынган»,-деген далилдер кездешет. Иран өлкөсү качан Исламды кабыл алгандан кийин хиджаб Ислам кийими, Ислам баалуулугу катары кабыл алына баштаган.
Алла Таала Ыйык Куранда айтты:
«(Эй, Мухаммад!) Муъмина аялдарга айткын: «Көздөрүн (чоочун эркектерди кароодон) тыйышсын жана авраттарын (зынадан) сакташсын. Ошондой эле (адаттагы көрүнгөн) зыйнаттарынан башкасын көрсөтүшпөсүн. Көкүрөктөрүн жоолуктары менен жабышсын жана зыйнаттарын күйөөлөрүнө же аталарына же күйөөлөрүнүн аталарына же уулдарына же күйөөлөрүнүн уулдарына же ага-инилеринин уулдарына же эже-сиңдилеринин уулдарына же өздөрү сыяктуу аялдарга же кол алдындагы кулдарына же аялдарга муктаж болбогон эркек кызматчыларга же аялдардын авраттары жөнүндө түшүнүгү болбогон наристелерге көрсөтүүлөрү мүмкүн. Жана жашыруун зыйнаттары билинсин үчүн буттарын (жерге) урушпасын». Эй, муъминдер! Баарыңар Аллага тооба кылгыла. Балким, силер ийгиликке жетээрсиңер». ан-Нур сүрөөсү (24:31)
Аялзатынын толук жабылбай турган дене-мүчөлөрү болуп бети жана билек муунунан ыйдыйкы колу эсептелинет.
Айша, радыяллаху анха, айтты: «Бир жолу жука кийимчен Асма бинт Абу Бакр Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үстүнө кирип калат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, андан жүзүн буруп мындай деди: «О, Асма! Качан кыз бала бойго жетип, анын этек кири келгенде, ага (дене-мүчөсүнөн) мына бул жерлеринен башкасын көрсөтүүгө болбойт деп жүзүн жана колун ишара кылып көрсөттү» .
Курандын башка бир аятында Алла Таала мындай деп айткан:
«Эй, Пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана муъминдердин аялдарына жоолуктарын ылдый түшүрүшсүн-деп айткын. Бул болсо алардын(күң жана зынакор аялдардан) айырмаланып билинүүлөрү жана ыза көрбөөлөрү үчүн жакшы. Чындыгында, Алла – Кечиримдүү жана Ырайымдуу».Аль-Ахзаб сүрөөсү 59.

- Жарнама-
АЧКЫЧ СӨЗДӨР: аялдар, хижаб
26.05.2015
Макаланы бөлүшүңүз
Facebook Twitter Whatsapp Whatsapp VKontakte Telegram Шилтемени көчүрүү Басып чыгаруу
Мурдагы макала Сенин хансарайың кандай болот?
Кийинки макала АЛЛАХКА ДУБА КЫЛУУ…
Пикир калтырыңыз Пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Formula.kg — Диний, руханий, маданий агартуучу порталы

Катталыңыз
© 2022 FormulaMediaGroup
Ассаламу алайкум!

Авторизация

Сырсөздү унттуңузбу?