alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
ВидеоЖаңылыктарМедиа
Эң мыкты

«Кыргызстан казиного каршы»: Бишкекте кайрадан митинг өтүүдө

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына казинолордун ачылышына каршы болгон 20 чакты адам митингге чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Акциянын катышуучулары депутаттардан өлкөдө казино ачууга багытталган мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылышууда.

“Бул биздин башыбыздан өткөн. Анда кумар оюндарынын айынан жабыркагандар көп болгон. Адамдар үйлөрүн, унааларын жоготуп, үй-бүлөлөр кыйраган. Ошондо нааразычылык акцияларынан кийин кумарканалар жабылган, эми аны кайра ачуунун эмне кереги бар?”, — деди  митингдин катышуучуларынын бири Азат Аманов.

Буга чейин 20-июнда тармактык комитет казинолорду кайра ачуу мыйзам долбоорун жабык карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Аталган мыйзам долбоору эми парламент жыйынында каралып, добуш берүүгө коюлат.

Депутат Дастан Бекешов Фейсбуктагы баракчасынан жасаган видео кайрылуусунда “казинолорду ачуу боюнча мыйзам долбоору эки окууда жактырылды. Бирок мен каршы добушумду бердим. Аталган мыйзам долбоору онлайн казинолордун ачылышына, кумар оюндарын күнү-түнү жарнамалоого уруксат берет. Жарандар баары бир казино ойнойт”, – деп билдирген.

Эске салсак, 2021-жылы апрель айында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Ысык-Көл облусунун аймагында кумар оюндарын ойнотууга уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча, кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүүлөр киргизилбейт.

Бул коомчулукта талкуу жаратып, Ак Үйдүн алдында бир нече адам долбоорго каршы пикирин билдирип митингге чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, өлкөнүн бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган.

Демилгечи Турусбековдун айтымында, мыйзам өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү жана туризм тармагын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button