alternatetext Багымдат: 03:59 | alternatetextКүн чыгуу: 05:49 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:02 | alternatetextШам: 20:10 | alternatetextКуптан: 22:03
Жаңылыктар

Жалал- Абад шаарында «Жакшылык кылуу» кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Дүкөндө кийим-кечек жана тамак-аш азыктары мүмкүнчүлүгү жок жарандарга акысыз берилет.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Кубанычбек Бакиров өзү демилгелеп, колунда жокторго кол кабыш кылыш үчүн бул дүкөндү ачкан.

«Мындан ары аталган дүкөн муктаж болгон жарандар үчүн ар дайым ачык болот. Ал эми ашыкча кийим-кечеси, турмуш-тиричилик техникалары, эмеректери бар жарандар сооп катары кайрымдуулук дүкөнүнө тапшырса болот,жана ошондой эле накталай түрдө которсоңуздар да болот»,- деп жазылат маалыматта.

Дүкөн дареги: Жалал-Абад ш. Чехов көч.№12. Болжол менен (Адилет базарынын үстү тарабында , эски автобекеттен 20 метр жогоруда, көгүлтүр экрандын ылдый тарабы). Байланыш тел: +996777661377

https://www.facebook.com/bakirov.kubanychbek/videos/1881236852010610/UzpfSTEwMDAwMzcyOTQxMDA5OToxODgxMjM3NDUyMDEwNTUw/

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button