alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар

Москвада Осмон Халифалыгынын Ислам армиясы чагылдырылды

Түркиядан барган топ, символдук мааниде курулган штабдагы чатырда Осмон аскерлеринин жашоосун жана согуш ыкмаларынан мисалдарды жандандырды.

Орусиянын борбор шаары Москвада Осмон армиясын чагылдырган штаб курулуп, ал мезгилдин аскердик жашоосу түшүндүрүлдү.

Тверской бульварындагы паркта уюштурулган «Замана жана доор» темалуу Тарыхты чагылдыруу фестивалына Түркиядан ыктыярдуу топ катышты.

«Ордугах тарыхый чагылдыруу» тобу, символдук мааниде курулган штабдагы чатырда Осмон аскерлеринин жашоосун жана согуш ыкмаларынан мисалдарды жандандырды.

Осмон аскерлеринин чыныгысына жакын кийимдерин кийген топтун мүчөлөрү, Осмон пашасы, йеничери, сипахи жана соодагерлерди өкүлдүк кылышты. Программада жортуул учурунда Осмон аскерлеринин бир күндүн ичинде эмне кылгандарын түшүндүргөн жандандыруулар да болду.

Чагылдыруу оюндарын кызыгуу менен көргөн орусиялыктар аскер кийимчендер менен фотосүрөткө түшүштү.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button