alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
Макалалар

Курани Карим менен болгон адеп

🕌Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

2. Курани Карим менен болгон адеп

(Сабактын уландысы)

7. Ыйык Куранды окуган кезде жакшы үн менен окууга аракет кылуу.

قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «ما أذن الله
لشيء ما أذن لنبي حسن الصوت يتغني بالقرآن يجهر به»

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Бийик Аллах, үнү жакшы пайгамбардын Куранды жакшы үн менен жарыя окуганын уккандай эч нерсени уккан жок». (Бухарий: 7544 Муслим: 792)

8. Ыйык Куран окулган кезде, көңүл коюп, сүйлөшпөстөн угуу.

قال الله تعالى: (وإذا قرئ القرآن
فاستمعوا له وأنصتوا لعلكم ترحمون)

Бийик Аллах айтты: «(Оо, адамдар!) Качан Куран окулганда, ага кулак салгыла жана (сүйлөшпөстөн) тынч тургула! Балким, (Аллахтын) ырайымына бөлөнөөрсүңөр». (Аъраф: 204)

9. Сажда аяттары окулган кезде сажда кылуу. Тозок оту эскерилген орундарда, андан Аллахтын коргоосун суроо. Бейиш жана анын ээлери жөнүндө эскерилген орундарда, Аллахтан бейишти сурап дуба кылуу.

10. Кайсы бир маселеге Ыйык Курандын аятын (арапча текстин) далил келтирүүнү кааласа, ал аятты жатка билбесе, аны арапча сөздөр менен маанисин ушул аят дегендей туюндуруп айтууга болбойт. Ошондой эле аятты күмөн менен окубоо. Анткени, ыйык Куранга анда жок нерсени кошуп коюу же кемитип коюу (бир тамга болсо да) коркунучу туулат.

11. Куран окуган киши илиминин аздыгы себептүү, ыйык Куранды тажвид эрежеси менен окууга алы жетпесе, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче так окууга аракет кылуусу керек. Андай адамдарга ал аракети үчүн эки сооп берилет.

قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«الماهر بالقرآن مع السفرة الكرام البررة
والذي يقرأ القرآن ويتتعتع فيه وهو
عليه شاق له أجران»

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Куранды (жатка) чеберчилик менен окуган (адам) ардактуу, дайыма баш ийүүдө болгон элчи периштелер менен бирдей (даражада) болот. Ал эми, ким (зээнинин төмөнүгүнөн окуу, жаттоо) оор болгондугуна карабастан окуса ага эки сооп берилет». (Бухарий: 4937 Муслим: 798)

12. Куранды үйрөнүү үчүн жыйналууга, топтолууга умтулуу.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مَا اجْتَمَعَ قَوْمٌ فِي بَيْتٍ مِنْ بُيُوتِ اللهِ
تَعَالىَ يَتْلُونَ كِتَابَ اللهِ وَيَتَدَارَسُونَهُ بَيْنَهُمْ
إِلاَّ نَزَلَتْ عَلَيْهِمُ السَكِينَةُ وَغَشِيَتْهُمُ الرَّحْمَةُ
وَحَفَّتْهُمُ الْمَلاَئِكَةُ وَذَكَرَهُمُ اللهُ فِيمَنْ عِنْدَهُ»

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: «Аллахтын үйлөрүнөн болгон бир үйгө (мечитке) чогулуп, Аллахтын китебин (Куран) окуп, бири-бирине (маани-маңызын окуу эрежесин) үйрөткөн коомго (жүрөктөрүнө) бейпилчилик түшөт. Аллахтын ырайымы ороп, периштелер курчап алат жана Аллах ал адамдарды Өзүнүн алдындагылардын (периштелердин) алдында эскерет». (Муслим: 2699)

📘 Адеп-ахлак китебинен даярдалды.

Даярдаган: Ахунов Акжол

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. [url=https://chimmed.ru/products/ac-trp-nhme-98—id=4342799]ac-trp-nhme, 98%. купить онлайн в интернет-магазине химмед [/url]
    Tegs: [u]canine ddx5 gene orf cdna clone expression plasmid, n-ha tag купить онлайн в интернет-магазине химмед [/u]
    [i]canine ddx5 gene orf cdna clone expression plasmid, n-myc tag купить онлайн в интернет-магазине химмед [/i]
    [b]canine ddx5 gene orf cdna clone in cloning vector купить онлайн в интернет-магазине химмед [/b]

    ac-trp-onp купить онлайн в интернет-магазине химмед https://chimmed.ru/products/ac-trp-onp-id=8696194

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button