alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:38
АалымдарМакалалар

Aтактуу дин ааламы акка моюн сунду

Анда өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башы эле. Демократия, дин эркиндиги быкшыган коомду желаргысы менен желдетип аткан. Ташкенде Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы деген уюм иштеп турган. Эгемен республикалар али бөлүнө элек. Ошол учурда Курани Каримди өзбек тилине которуу маселеси кайра-кайра көтөрүлүп, бул багытта конкурс да жарыяланып кетти.
Конкурстун жыйынтыгында күтүлбөгөндөй кыргызстандык жигит жеңип алган. Мен ошондо аябай сүйүнгөм, сыймыктангам. Сүйүндүргөн киши 1952-жылы Кара-Сууда туулган Алауддин Мансур деген болуп чыкпаспы. Араб тилинен түздөн түз өзбекчеге которулган ыйык китептин үзүндүлөрүн “Шарк юлдузи” журналы сандан санга, жылдан жылга улай баса баштады. 1992-1993-жылдарда Ташкендин “Чулпан” жана Гафур Гулям атындагы эки чоң басма китептерди улам-улам басып, нускасын миллиондон ашырган.
Ошол кишинин ишине кызыгып жүргөм. 2000-жыл эле. Сааты чыгып калды. Ал кездеги Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Сабировдун “Тикосуна” отуруп Оштон Кара-Сууга барганбыз. Максат – ал шаарда ачылган Кураны каримди илимий жактан үйрөнүү борборун көрүү эле. Дин кызматкерлери молдо, казы, иман, эшен, калпа, каары ж.б. болуп бөлүнөт эмеспи. Алауддин Мансурдун даражасы шейх экен, б.а., ал куранды түшүнүп, башкаларга чечмелеп, түшүндүрүп берчү өтө сейрээк жана таланттуу адис экен. Уламалардын уламасы, атактуу котормочу жана тафсирчи Кара-Сууда эл катары жөнөкөй гана жашап атыптыр. А жанагы борборунда болсо көптөгөн тилде, көптөгөн өлкөлөрдө чыккан алакандай миниатюралык курандан тартып көлөмдүү курандарга чейин китептер, дисктер сакталып туруптур. Мен ошодо ал киши менен маектешип макала да жазгамын (Алауддин Мансур: “Мен атеисттерден коркуп жүрүпмүн, көрсө, коркунучтуу молдолор өздөрү экен”. Маек // Асаба. – 2000. – 18-апр.).
Кийин жогорудагы өзбек тилиндеги котормону негизге алып Курани карим китебин кыргыз, казак, түркмөн тилдерине да которуп чыгарды. ОшТВ каналында жума сайын диний кеп-сөзүн айтып жүрдү. Бул эсепсиз убакытты, ден соолукту, күчтү талап кылган эбегейсиз чоң эмгек эле…
Жакында шейх Алауддин Мансурдун көзү өтүп кеткенин уктум. Көп иш жасады эле. Элинин эсинде калат. Тууган-уругуна сабыр тилейм!..

 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button