alternatetext Багымдат: 04:02 | alternatetextКүн чыгуу: 05:52 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:08 | alternatetextКуптан: 22:00
Макалалар

АЗИРЕТИ УМАР (Р.А) НУН КАБЫРДАГЫ СУРАГЫ

АЗИРЕТИ УМАР (Р.А) НУН КАБЫРДАГЫ СУРАГЫ

📍 Азирети Умар (р.а)нун кабырдагы сурагы

✍🏻 Азирети Умар (р.а) кайтыш болгондо бардык диний жөрөлгөлөрдү жасап,
аны да кабырга алып келип көрүштү. Жамаат өз милдетин аткарып бүтүп, тарап кеткенден кийин азирети Али (р.а): «Умар сурак периштелерине эмне деп жооп берет болду экен?» — деп кабатырлануу менен көрүстөндүн бир четине келип, эч кимге көрүнбөй отуруп калды. Тыңшап отурса бир маалда баягы күткөн периштелер келип бул жалгандан барган бардык адамдардан суралчу суроолорду Умар (р.а)дан да сурай башташты. Периштелердин бирөө:

— Раббиң ким? Пайгамбарың ким? — деп такый сурады. Анын бул суроосуна каары келген улуу халифа суроону өзү бере баштады:

— Силер кимсиңер? Бул жакка кайдан, эмнеге келдиңер? Келбей жатып суракка тарткыдай силердин көксөгөнүңөр эмне?

Анын кайратын көргөн периштелер бул өзү башка адамдардай эмес экенин түшүнүп, анын суроолоруна жооп бере башташты:

— Биз жети кабат асмандын ар жагынан суроо сураш үчүн келдик. Бизди бул милдетке Алла Таала өзү койгон. Биз Мункар жана Накир деген периштелербиз. Баардыгынан бирдей суроолорду суроо биздин озуйпабыз,- дешти. Периштелерди аягына чейин уккан Умар (р.а):

— Силер тээ жети кабат асмандан келген болсоңор да Алланы унуткан жоксуңарбы? — деп сураганда, периштелер өздөрүнүн милдетин Аллага ибадат кылуу экенин жана аны унутушпаганын айтышты. Периштелерден бул жоопту уккан соң Умар (р.а) дагы ачууланып, төмөнкүлөрдү айтып эскертти:

— Силер ошончолук алыстыктан келип туруп, Алланы унутпагандан кийин, ушул эки карыш топурактын үстүнөн келген мен унутуп калмак белем? Дагы бир жолу Мухаммеддин (с.а.в) үммөттөрүнө минтип коркунучтуу кебетеде келбей жүргүлө! Уккула, азыр силерди коё берип жатам, бирок, менин айткандарым эсиңерден чыкпасын!

Умар ал-Фаруктун бул насааттарын уккан периштелер мындан кийин Мухаммеддин үммөттөрүнө коркунучтуу кебетеде келбей тургандарын жана алардын ыраазы болуулары үчүн бардык аракеттерин кылышарын айтып убада беришип, көпкө кармалбай «Аллага тапшырдык» деп кайтып кетишти. Периштелер менен азирети Умардын(р.а) ортосундагы бул окуяга күбө болгон Алланын Арстаны Али (р.а) көз жашын тыя албай:

— Оо, Умар! Сен чындыгында Адилеттүү Умарсың! Өмүрүң да, өлүмүң да үммөткө кайрым беле! — деп кабырдан узап кетти…

📚 «Өчпөс сабактар» китебинен.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:

📲+996 771 822 202

+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

https://www.instagram.com/p/CC5KThcBXVp/?igshid=9kwc10kl0kph

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button