alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
ЖаңылыктарКоом

Кумарканалар боюнча мыйзам коомчулуктун сынына кабылды

Парламент мындан бир күн мурда Кыргызстанда казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдогон. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, коомчулукта бир топ нааразычылыктар жаралууда.

Парламент беш жолку аракеттен кийин Кыргызстанда кумарканаларды ачууга уруксат берди. Кыргызстандыктар социалдык тармактарда казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзамга каршы түрдүү пикирлерин айтышууда.

Алардын бири коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек түздөн-түз Жогорку Кеңештеги депутаттарды күнөөлөдү:

Ал эми журналист Канышай Мамыркулова «ыймандуу кумарпоздорду чыгарабызбы?» деген какшыктуу суроо салды:

Алматы шаарында эмгектенген мигрант Мирлан Ташиев депутаттар жүйөө кылган «кыргыз жарандары казиного киргизилбейт» деген норма болгону менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын көз жашы акпайбы деген суроо салды:

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдун (Аллах ырахматына алсын) шакирти Олжобай Алимбеков президент Садыр Жапаров аталган мыйзамды артка кайтарарына ишенерин айткан:

Мусулмандарды байма-бай сынга алып келген филолог Гүлзат Аалиева «мектептерге дин сабагын окутсак, алар кийин казиного киреби?» деген бири-бирине карама каршы келген мыйзам боюнча кеп козгогон.

Социалдык тармактын колдонуучусу Кубанычбек Баялиев бирөөлөрдүн көз жашы менен казынаны толтуруу туура эмес экенин эскертти:

Дагы бир колдонуучу Абдишарип Бекилов аталган мыйзамды кабыл алган депутаттарды шайлаган шайлоочуларга суроо салды:

«Китепстан» басма үйүнүнүн негиздөөчүсү Бактыбек Абдуллаев аалымдар кеңеши менен муфтиятты күнөөлөдү:

Маданий ишмер, актриса Айжан Акылбекова казино эң чоң ката болгонун баса белгиледи:

Эске салсак, Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы бөгөт коюлган. 2015-жылы тотализатор жана букмекерлерге тыюу салынган. Бирок андан бери көмүскө иштеген кумарканалардын бети ачылып турган.

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген. Аны минкаб төрагасы Акылбек Жапаров да колдогон.

Анда президент казинолор бизнеси бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин, өкмөт ар бир оюн үстөлүнөн гана салык албастан, 1-1,5 млн долларга лицензия сатса болорун баса белгилеген.

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. 59 келесоонун кесепети 6млн элге бирдей тийет!
    Тарткылыгың алдыда экен кыргызым!
    Казино арам,арам жана арам!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button