alternatetext Багымдат: 04:22 | alternatetextКүн чыгуу: 06:06 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:54 | alternatetextШам: 19:56 | alternatetextКуптан: 21:43
Жаңылыктар
Эң мыкты

Германиялык доктор Майер Сары-Челектеги көрүнүштөргө капа

Сары-Челек көлү: Дүйнө керемети, тартипсиздик жана таштандылар жөнүндө белгилүү Германиялык доктор Майер өзүнүн баракчасына жазып чыкты. Ал Сары-Челек коругунун ичиндеги айрым баш аламандыктарга токтолуп, тийиштүү жетекчилер чара колдонушу керектигин эскерткен.

2022-жылдын 17-июлунда Хүлия жубайым экөөбүз Сары-Челек көлүнө барып келдик. Бул жердин кооздугуна жана өзгөчөлүгүнө дагы бир жолу суктандык. Бизге окшоп бул улуттук мурасты көрүү үчүн көптөгөн кыргызстандыктар узак жолду басып келгенине дагы суктандык.

Бирок Сары-Челек көлүнүн азыркы абалын көрүп, капа болдук.

Себеби корукка кирүү акысын төлөп корукка киргенден кийин бир дагы тартипти камсыз кылган мамлекет кызматкерин көргөн жокпуз.

Мунун кесепети төмөндөгү көйгөлөрдү жаратып жатты: 

— Унаа токтотуучу жай башаламан, айдоочулар бири-бирине кыйкырып жатышат.

— Тыюу салынганына карабай, баары көлгө түшүп жатышат (жээктин көпчүлүк бөлүгү балдар үчүн өтө кооптуу).

— Үй-бүлөлөр каалаган жеринде пикник кылышат.

— Бүт аймакта таштандылар.

— Ошондой эле суу же нан сатып ала турган дүкөн табылбайт.

— Отуруп алып, шашлык же аш жей турган кафе жок.

(Бул тизмени дагы улантса болот!).

Тартипти камсыз кылуучу бийлик Сары-Челектин кайсы жеринде экенин сурайын дегем?

Чыныгы керектүү ишти аткаргандын ордуна бийлик өкүлдөрү бири-бирин координациялоо менен алекпи, деп корком!

Сары-Челекти таза жана коомдук тартиби камсыздалган дүйнө кереметине айландырууга чакырам!

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button