alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:55 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 18:00 | alternatetextШам: 20:06 | alternatetextКуптан: 21:58
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

ОшМУнун теология коллежинин студенттери Ош облустук казыятына практикага келишти

Ош мамлекеттик университетинин теология коллежинин студенттери Ош облустук мусулмандар казыятына практикага келишти. Алар казыяттын түзүмүндөгү диний окуу жайларда, хатибияттарда жана мечиттерде өздөрүнүн практикаларын өтөй алышат.

Практиканттарды кабыл алган облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев студенттерди тажрыйба алууга чакырып, билим алуунун маанилүүлүгүн айтып өттү.  

«Коллежде үйрөнгөн теориялык билимиңерди практикадан өткөрүү максатында келдиңиздер. Ушул жерден диний кызмат жана агартуу иштери кандай жүрөт, өз көзүңөр менен көрүшүңөр зарыл. Бул жердеги ар бир күнүңөрдү туура пайдалангыла»,  – деди облус казысы.

Ал эми казыяттын бухгалтерия жана чарба адиси Сулейман ажы Шерматов негизги билим менен бирге кошумча кесип аркалоого чакырды.

«Теологдор универсалдуу кадрлар болуп эсептелет. Теологияда окусам болмок экен деп калам. А силер кимдир бирөөлөрдүн кыялы болгон факультетте же коллежде окуп жатасыңар. Демек, анын акысын беришиңер керек. Бир гана диний илим-билим менен чектелбей, тикмечилик, устачылык, IT адиси же айдоочулук сыяктуу кошумча кесип өздөштүрүп алуу дагы зарыл. Келечекте эч кимге көз каранды болбойсуңар. Бул менин агалык кеңешим», – деди Сулейман ажы Шерматов.

Эскерте кетсек, студенттер казыят түзүмдөрүндө бир ай практика өтөшөт.  

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button