alternatetext Багымдат: 04:00 | alternatetextКүн чыгуу: 05:51 | alternatetext Бешим: 13:01 | alternatetextАср: 18:01 | alternatetextШам: 20:09 | alternatetextКуптан: 22:01
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

“Апиза эне” Ислам институтунун Куран, шариат факультеттеринин студенттери Өзгөндөгү имам Сарахсинин күмбөзүнө жана Өзгөн-Мунара архитектуралык комплексине барышты

“Апиза эне” Ислам институтунун шариат факультетинин 21-01, 21-02 тайпасынын студенттери жана Куран факультетинин 21-01, 21-02, 21-03 тайпасынын студенттерине Өзгөн районуна караштуу Өзгөн шаарында жайгашкан Имам Сарахсинин күмбөзүнө жана Өзгөн — Мунара архитектуралык комплекси менен жеринен таанышуу үчүн бир күндүк экскурсия  уюштурушту.

Экскурсия учурунда экскурсовод Хусниддин Шарипов мунара тууралуу кеңири маалымат берип, музей менен тааныштырды. Ал эми студенттер имам Сарахсинин күмбөзүн зыярат кылышып, алгач Куран окуу менен башталып, улуу аалымдын рухуна багышталып, бата кылынды. Андан соң экскурсовод имам Сарахсинин басып өткөн жолу, өмүр баяны, эмгектери, жазган китептери тууралуу студенттерге кеңири маалымат берип, студенттердин кызыктырган  суроолоруна жооп берди. 

Ал эми имам Сарахси мечитинде имам хатиб, кары Абдурахман Туркер менен жолугушуу уюштурулуп, имам хатиб Курандын 5 түр кыраат боюнча студенттерге Куран окуп берди.  

 “Бул экскурсия бизге аябай жакты. Мунара тууралуу, Караханиддер тууралуу маалыматтарга ээ болдук. Мындан тышкары, улуу аалым имам Сарахсинин күмбөзүн көрүп, ал тууралуу да маалыматтарды алдык.  Зынданда отуруп китеп жазгандарын элестетип, атайын жасалгаланган зынданды көрдүк, таасир алдык. Биз дагы имам Сарахсидей аалым болобуз”, — деди шарият факультетинин 21-01 тайпасынын студенти Алибек уулу Талхат.  

Ал эми институттун ректору Абдирашит ажы Батыров: “Келечек жаштардыкы, ошондуктан буга чейин аталган институттун  шариат факультетинин 21-03 жана 21-04 тайпасынын студенттери “Шейх Чубак ажы” атындагы китепкана менен таанышып келишсе, бул сапар калган студенттер Өзгөн шаарындагы тарыхый жерлер менен таанышып, улуу аалым имам Сарахсинин  күмбөзүн көрүп келишти. Биздин студенттердин дүйнө таанымы, ойлоо жөндөмдүүлүгү бир топ алдыга жылды. Мамлекет, дин үчүн мыкты кадрлар чыгат деген ойдомун”,— деген пикирин билдирди.

Куран факультетинин 21-01 тайпасынын студенти Нуриддин Исамидинов  Абдурахман Туркерден бир топ тажрыйба алганын айтты.

“Тарыхый мунара, музей, имам Сарахсинин күмбөзү менен таанышуу менен бирге, биз Абдурахман Туркер  Куран окуганда биз өзүбүздү башкача сездик. Миң уккандан бир көргөн жакшы дегендей Куранды 5 түр окуу добушун өз кулагыбыз менен уктук. Абдурахман Туркер Куранды кандай жаттаганын, Жараткандын сөзүн кандай урматтаганын айтып берди, чындыгында аябай таасирлендик”,— деди Куран факультетинин 21-01 тайпасынын студенти Нуриддин Исамидинов.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button