alternatetext Багымдат: 04:06 | alternatetextКүн чыгуу: 05:56 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:59 | alternatetextШам: 20:05 | alternatetextКуптан: 21:56
Жаңылыктар

Барскоондуктар айыл имамына үй салып беришти

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын тургундары 70 жаштагы айылдын имамы Султан ажы Мурзалиевге үй салып беришти. Султан ажы 2008-жылы Барксоондуктардын суранычы менен Кызыл-Суу айылынан көчүрүп келинген. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Дастан Иманбеков «Формулага» айтып берди. Анын айтымында, имам буга чейин ДЭУнун короосундагы бир бөлмөлүү кароолчунун үйүндө жашап келген.

«Имамыбыз Мурзалиев Султан ажы Мукашович 1953-жылы 24-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Жалгыз-Өрүк айылында төрөлгөн. Азыр жашы 70ке чыгып калды. 1992-1995-жылдары Жалгыз-Өрүк айылында жер адиси болуп эмгектенген. 1983-жылдан бери 1995-жылга чейин ошол айылдын имамы болуп жүргөн. Ошол эле жылдары Кызыл-Суу айылында да имамчылык кылган. Биз Баарскондуктардын суранычы менен 2008-жылы айылыбызга имам болуп келген. Айылдан жер участогун болуп берип, үй салып бере тургандыгын убада кылышып, көчүрүп келишкен. ДЭУнун короосундагы бир бөлмөлүү кароолчунун үйүндө жашап келди. 2021-жылы гана Барскоон айылынын жаштарынын демилгеси менен үй салына баштаган 2023-жылы үй салынып бүтүп, 3-декабрь күнү жаңы конушуна кирди. Имамыбыз Султан-ажы өмүрүнүн 40 жылга жакынын имамчылык менен өткөргөн.»-дейт.

Иманбеков кошумчалагандай, бул жакшы саамалыктын артында көп эмгек жатат.

«Баары жигердүү салым кошту. Айылдагы жөнөкөй жарандардан тарта, жыл-жыл болуп, уруу-уруу болуп топтомой болду. Айылдагы ишканалар, дүкөндөр, колунда бары да, жогу да, Кумтөрдө иштегендер жана колдон келгенин берип жатышты. Колунан келгени акчасын да берип, күчү менен жардам бергендер да болду. Тынымсыз чуркап уюштуруу иштеринде жүргөн Элдияр, Нурмат, Эльзат ж.б. кулундарыбызды белгилей кетүү керек.»

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button