alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Жаңылыктар

«Умра ажыдан келгенде той өткөрүү — чектен ашкан ысырапкерчилик»

Ажылык сапарга баруу үчүн 2019-2020-жылы катталып, пандемиянын айынан баралбай калган 4300 адам бар. Ошолорго биринчи этап менен каттоону баштадык. Кыргызстан боюнча 33 атайын каттоо пункту ачылды. 24-январдан 14-февралга чейин мурун кезекте турган адамдар баштапкы 1000 долларын төлөп катталышы керек. Көрсөткөн мөөнөттүн ичинде төлөбөй турган болсо, бул адамдар автоматтык түрдө тизмеден чыгышат. Бул тууралуу Муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ошол эле учурда ажы той өткөрүүнүн ысырап экенин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты муфтияттын өкүлү. Бул боюнча республикалык штаб түзүлүп, ага Президенттин администрациясынан, УКМКдан, Саламаттык сактоо министрлигинен, муфтияттан, Дин иштери боюнча комиссиядан, башка да мамлекеттик мекемелерден өкүлдөр кирген.

«Буга чейин массалык мааалымат каражаттары аркылуу той өткөрүү иштери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Намаз, орозо кандай парз болгон болсо, ажылык да ошондой парз. Ажыдан келип чектен ашып той өткөрүү туура эмес. Андан көрө ошол кеткен чыгымды кедей-кембагалдарга, кароосуз балдарга берсе жакшы болмок. Мекке шаарына барып ажылыкты аткарып келгенден кийин, көп адамдар белек деп сумкасынын баарын толтуруп алышат. Негизи Меккеге барган адам парз амалын аткарып, бул жакка келгенде замзам суу менен курманы гана ооз тийгизгенге көндүрсө жакшы болмок. Барып келгени өзүнчө, келгенден кийин өзүнчө ысырапкерчилик кылып жылкы союп, кафеде той өткөргөндөн алыс болушубуз керек», — деди Абдылдаев.

Ал кошумчалагандай, быйылкы ажылык сапардын баасы азырынча бекитиле элек.

«Акча төлөгөндөн кийин эмнеге иштелип жатканын билүүгө ар бир жарандын укугу бар. Бара турган жаран кат менен муфтиятка кайрылса, бардык акчасынын чыгымдарын көрсөтүп бере алабыз. Буга чейин да массалык маалымат каражаттарынан берилип келген. Былтыркы жылы авиакомпанияга 1600 доллар, Арафат өрөөнүндөгү чатырлардын баалары, кызматтардын баарын эсептегенде 1500 доллар болгон. Андан тышкары жатакана, автобус, кийимдери, эмдөөдөн өтүүлөрү, уюштуруу иштерине кеткен чыгымдардын баарын кошкондо 4500 долларды түзгөн», — деп кошумчалады ал.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button