АңгемелерТурмуш таалимдери

«КЕЛЧИ ТЕЗИРЭЭК, СЕНТЯБРЬ»

Кыйшаңдап адеп кайра-кайра бедеге булкуна берген малын башкара албай жудөп-какап, ый аралаш “кайт-кайт”  деп,аны бери тартууга  аракет кылып жатканын көрүп турса да Нышан чал заардуу үнү менен “Атанды урайын алкаштын баласы, аңкайбай карабайсыңбы. Жер жуткур жалаптын баласы, энесинин жайлоосунда жүргөндөй  жүрөт мага”-деп баланы сөгүп-кагып кирди. Бир айтып бир койбойт, эки айтып эки койбойт. Же талаадагы келин-кесек, катын калачты көзгө илсе. Оозунан ак ит кирип кара ит чыгат. Карыянын бул кылыгына чыдабай кеттиби айтор Умар чалды аны-муну айтып араң басты. Алтынчы класста окуган  бечара Бакыт болсо ошончо сөккүнү эшитип араң турганбы, Умардын “ Абаңдын жини келип калыптыр капа болбо”-деген сөзун угаар замата өзүн кармай албай энтигип ыйлап кирди. “Кой эми, чоң жигит да ушундай болобу?”-деген сайын озоңдоп ыйлайт. Анын көзүнөн мөлт-мөлт аккан жашы кимдир бирөөгө болгон сагынычын, кусалыгын, ызасын, арманын айтып жаткансыды. Дайыма жаш-жаланды, бала-чаканы, кары-картаңды куйкум сөздөрү менен кулдүрүп, ыйлаганды соороткон,  айылдаштары “Комик” атаган Умар да бул сапар аны ойлуу карап, көпкө чейин тиктеп турду. Качан гана ал ыйлаганын токтоткондо акырын гана “Апаңды сагындыңбы? Атаң каякта?-деп сурады.

-Сагындым. Аябай сагындым. Апам менен атамдын Россияга кеткенине үч жыл болду. Биз ошондо чоң энемкинде журдүк. Алар жакшы адамдар. Жеңем гана жаман. Жини келсе эле бизди жугунду корлор деп уруша берет. Кийин атамдын документи жаман болуп келди. Улук экөөбүз ошондо өзүбүздүн үйдө жашайбыз деп  сүйүндук. Атам болсо апаңар сентябрда келет деген. Ошого биз дайыма сентябрды күтөбүз. Быйыл да ошондой болду. Бирок, апам келбеди.

Атам башында жакшы эле. Бизге тамак бышырып, кирибизди жууп, плиткага нан жаап берчү. Кийин жаман болуп кетти. Тез-тез ичет. Мурда мас болгондо жатып алса, азыр аны-муну айтып, бизди сөгөт, урат.  Өткөндө мас келгенде мен кошунаныкына качып бараткан жеримен тутуп алып, малды жакшы бакпайсың деп тепкилеп, ичимди оорутуп койду. Эртеси айтсам “Кечир уулум. Мен масчылыкта билбей калыпмын”-деп жалынат. Эки күн сабакка бара албадым. Кечинде да  аяш атамдар менен кетип таңга маал келди. Өлө мас. Сабакка барбай мал кара деп мени талаага айдады. Апамдан болсо кабар жок. Ал жөнүндө элдерден ар кандай кептерди угам. Ишенбейм. Кантип эле апам бизди таштап башкага тийип алсын дейм өзүмчө. Ошондой сөздөрдү укканда намыстанам, уялам, өзумду өлтүруп алгым келет. Анан апамдын иши жүрүшпөй жатса керек, ошого акча жөнөтө албай жатат го  деп ойлойм өзүмчө. Улук  экөөбүз анын келишин күндө күтөбүз. Апам баари бир келет. Ошондо биз дагы мектепке эски-куску, жыртык кийимдердин ордуна жаңысын алдырып кийип барабыз. Мен анда сабактан кечикпейм, жакшы окуймун, калтырбай барам. Анан эжекелер мени да урушпай калышат. Макташат. Апам болсо бизге ширин күрүч, манты, куурума бышырып берет. Атам дагы ичкенин таштайт. Биз да Саматтарга окшоп  жашайбыз.

Азыр эле ыйламсырап турган бала өңү барган сайын кубаныч тартып бара жатканын баамдаган Умар анын сөзүн бөлбөй аягына чейин угуун чечти. Баланын ичиндеги бугун, арманын, максатын бөлүшүүнү туура көрдү.

Бакыт болсо кышта каттуу ооруганын, апасы келсе аш демдеп майрам кылышарын, велосипед алдырарын, таенесиникине барышарын, чоңойгондо врач болоорун,  быйылкы сентябрда апасынын баари бир келээрин,  сентябрды  чыдамсыздык менен кутүп жатышкандыгын, бүт-бүт кыялындагы жакшы нерселерин божурап жатты….

Нуркамил Абдуллаев, атайын “Formula.KG” сайты үчүн

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Нуркамил Абдуллаев

Абдуллаев Нуркамил Баатырбаевич. 1976-жылы Ош областынын Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылында туулган. Билими жогорку. Ош гуманитрадык педагогикалык институнун тарых факультетин аяктаган. Ош областтык мугалимдеринин «Билим булагы» жана Ош областтык «Ош жаңырыгы» газеталарында эмгектенген. Учурда Ноокат райондук «Ноокат таңы» газетасынын башкы редактору болуп эмгектенүүдө. Анын бир топ аңгемелери жана публицисттикалык макалалары республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланган.

Тектеш темалар

2 thoughts on “«КЕЛЧИ ТЕЗИРЭЭК, СЕНТЯБРЬ»”

  1. Эх Заман заман бизди кайда алып барасын.

    Бироого кор бала, бироого зар бала. Оо Аллахым адамдардын пейили онолсун . Оомийн.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Бул да кызыктуу

Close
Close