АңгемелерТаасирдүү окуяларТарбия

Шайтанга жеңилип,окуп жүргөн намазымды такыр окубай калдым…

Кашайып кайдыгерликтин торуна түшүп, шайтандын шыбыроосуна жеңилип, окуп эле жүргөн намазымды такыр окубай калдым. Кептин баары өзүмдө экенин билип турам, кенедей эле нерсени өзүм татаалдаштырып алам, кантип ушундан кутулсам болот? Аң сезимимде шайтан тараптан болгон шайкелең ойлорго алдырбоого аракет кылсам деле болбой, кээде таарат алуудан зеригем, атайылап намаз да окубай коем…

А ниетимдин тереңинде намаз окууну каалайм, намаз окуу парз экенин түшүнүп эле турам. Чынымды айтсам, көп мезгилден бери гусул кылып жуунбай да калдым. Ниетти туура эмес койдум окшойт…,-деп баарын кайра баштан кылдат жасоого киришкеним менен, бирок болбой эле кайра кашайып токтоп калам… Динге болгон эңсөөм жок эмес, бар, болгондо да күчтүү, а  эмнеге мындай болуп жатам, түшүнбөйм… Аллах ыраазычылыгы үчүн жооп берип коесуңарбы. Алдын ала рахмат.

Диний көз караш:

Намаз – ыймандын эң зарыл түркүктөрүнүн бири, намазсыз ислам динин терең түшүнүү мүмкүн эмес. Аллахтын Элчиси (САВ) намаз тууралуу мынтип айткан:

“Намаз – диндин түркүгү” («Канзуль-уммаль фи сунаниль-акваливаль-афаль”» № 18889).

Дагы бир хадисте мынтип айтылат: “Кыямат күнү ар инсан эн оболу  намазынан сурак берет. Намазы кынтыксыз, туура болсо, анда инсан азаптардан кутулуу мүмкүнчүлүгүн алат, а эгер намазы туура эмес, чала окулуп жүргөн болсо, зыянга учурап, залал тартат”   («Канзуль-уммаль», № 18877).

Ошондуктан эч качан намазды калтырууга болбойт. Намаздын абзелдүү жана маанилүүлүгүн билип шайтан сизге ар тараптан тоскоолдук кылууга аракеттенет. Китептерде да жазылып жүрбөйбү, шайтан инсанды намаздан алаксыта албай калганда, намазды так, туура окуттурбоого аракет кылат. Даарат алуудабы, же гусулдабы, намаз окууда болсун НИЕТти  чын жүрөктөн кылыңыз. Ниет – бул кандайдыр дир диний милдеттерди (мисалы гусул,даарат, намаз ж.б. ) жасоону  бекем, ишенимдүү каалоо. Айталы, эгер дааратыңыз кабыл болуусу үчүн “Даарат алууга ниет кылдым..” деген ниетти сөзсүз эле үн чыгарып айтуу зарыл эмес, башкысы дааратта зарыл болгон дене мүчөлөрүн өз орду, ыгы менен, толук жууп ниетиңизде ошол нерсеге болгон каалоого өзүңүз толук ишенүүңүз керек. А  даарат алып болгон соң дененин тигил же бул мүчөсүн жууган-жуубаганыңызга күмөн санасаңыз, анда имам аль-Газалинин “Ихьяу-улюми-д-дин” китебиндеги жазган “мындай учурларда ар кандай шектенүүлөргө, күмөн саноолорго көңүл бурбоо керек” деген сөздөрүн мисал кылгым келет. Канчалык көп күмөн кылсаңыз, шектенсеңиз, ал сезим уламдан улам күчөй берет. Бул дарттан кутулуунун бир гана жолу бар – шектенүүлөргө эч маани бербеңиз, көңүл бурбаңыз. Маселен, даарат алуу учурунда бетиңизди жууп болуп, оң колду жуудуңуз, анан сол колду жууп жатып оң колду жууганыңызды толук эстей албай жатсаңыз, мындай  кездерде эч шек санабай даарат алууну ирети менен улантып, дааратты толугу менен алып бүтүңүз, ошого ишениңиз. Намазда деле ушул тартипти карманып, шектенүүнү азайтып, такыр жок кылсаңыз, буга тез эле көнөсүз.

Психологиялык көз караш:

Өзүнчө эле шектене берген, күмөн кыла берген адаттын тамырында өтө олуттуу психологиялык негиздер бар. Негизги нерсе, шектенүү болдубу, анын максаты, түпкү табияты эмне –ушул жагын байкаштыруу керек. Күмөн кылуу өзүнөн өзү эле пайда боло бербейт, ага негиз берген бир окуялар, маселелер болушу мүмкүн, баары мына ошол маселеден башталган болуп чыга келет. Жашооңузда кандайдыр ойлончу окуя болгондур, айткан оюна ишендирип кое ала турган бир адамдын сөзүн угуп калгандырсыз, ошонун баары аң сезимиңизде эмоционалдык так калтыруусу толук ыктымал.

Намазды калтырганыңыздын себеби деле ошол сыңар, башында бир намазды калтырып, анан эки, анан үч, төрт болуп олтуруп, бул көнүмүшкө айланып,  такыр окубай койгон чекке жеттиңиз. Окубай калдыңыз эми баары бүттү дегендик эмес да, негизи карап көрсөңүз баары өз колуңузда эле турат, кааласаңыз ар намазды калтырбай окуй алаарыңызды өзүңүз деле билип турасыз. Анда каалаңыз, катуу каалаңыз. Эн башкысы, ойдогу шектенүүлөргө, күмөн кылууларга маани бербей, аны алыс кууп салыңыз. Даарат алып бүттүңүз дейли, анан “кайсы бир нерсени туура эмес кылып албадымбы,..эмнени унуттум,..жей кайра баштан жуунсамбы?” деп күмөнсүй бербей, кайра башынан дааратты баштабай, баары өз орду, оз ыгы менен болду деп эсептеп ишти андан ары уланта бериңиз.  Ушундай шектенүүлөргө алдыра берсеңиз, анан дагы  толгон токой күмөн саноолор пайда боло берет. Күмөн саноолор да  чынжыр сыяктуу, тим койсоңуз уланып жүрүп олтурат. Психология илиминде бул сезим – обсессивдик-компульсивдик синдром деп аталат.

Бир нерсени так билиңиз, шектенүүлөрдөн такыр арылаарыңыз менен кыска мезгил ичинде жөнү жок күмөн саноо адатынан такыр кутуласыз. Такыр кыйындай туюлганы менен, маани берип аткара келсеңиз мындан кутулуу оңой эле, негизгиси өзүңүз туура багыт ала билүүңүз зарыл. Дааратта деле ушул талапты эске алыңыз: шектенип жатып татаалдыктарды жарата берүүнүн эмне кереги бар, болгону жүрөгүңүздө тигил же бул ишти жасаганыңызга ишенип, кадамыңызды батыл таштай бериңиз.

Мындай шектенген, күмөнсүгөн жорук-жосун диний сабаты чала же начар адамдарда көп кездешет. Жашоону жөн эле татаалдаштыра бербеңиз, жайбаракат мамиле кылсаңыз баары жайына түшөт. Намазды бүгүнтөн баштап баштаңыз, а эртең ар кыл шектенүүлөрдөн өзүңүздөн өзүңүз эле арылып баштайсыз.

“Islam Life”

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Пикирлер жок

Close