alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
АңгемелерӨрнөктүү өмүрлөр

Күйөөсү аялын жаака чаап жиберди жана анын аягы эмне болду?

Күйөөсү аялын жаака чаап жиберди, аялы ыйлаган бойдон: “Мен сиздин үстүңүздөн арызданам” деди.

Күйөөсү: “Сага бул жерден чыкканга ким уруксат берет экен?” деди.
Аялы: “Сиз эшик-терезелерди жаап салсам эле арызданганга жолтоо кыла алам деп ойлоп жатасызбы?” деп сурады.

Күйөөсү таң калган бойдон: “Колуңан эмне келет?” деп жооп берди.

Аялы: “Мен байланышка чыгам” деп айтты.
Күйөөсү: “Телефонуң менде, каалаганыңды кыл” деди.

Аялы жуунчу бөлмөгө багыт алды да ал жакка кирип кеткенде күйөөсүнүн башына “Терезеден чыгып кетсечи” деген ой келип, сыртка атып чыкты да жуунчу бөлмөнүн терезесинин жанында күтүп туруп калды…бирок канчалык күтпөсүн эч нерсе болбогондон кийин кайра үйгө кирип, эшиктин жанына туруп алды.

Аялы жуунчу бөлмөдөн чыкты, жаңы эле даарат алганы көрүнүп турду. Чыкты да күйөөсүнө карап: “Мен сиздин үстүңүздөн Ысымы менен ант берген Затка арызданам, буга эшик-терезе, телефондор тоскоолдук кыла албайт, дуа эшиктери ар дайым ачык” деди.

Күйөөсү тынч гана диванга отурду да ойлонуп кетти. Аялы саждаларды узартып намаз окуп баштады, күйөөсү болсо муну кунт коюп карап отурду, качан гана аялы намазды бүтүп эки колун көтөрүп дуа кылып баштаганда ал аялын эки колунан кармап калды…

Аялы күйөөсүнө назик үнү менен ылдый карап туруп айтты: “Сиз мага кылган нерсеңиз үчүн бир эле ушу дуа менен чектелет деп ойлоп жатасызбы?”.

Күйөөсү: “Аллахтын ысымы менен касам ичип айтам, сени урайын деген ниетим жок эле, бирок ачуум сабырыман ашып кетти”.

Аялы айтты: “Ошондуктан мен бул дуа менен гана чектелбейм жана менин дуаларым Иблиске каршы багытталган, мен күйөөмө каршы дуа кылгыдай кемакыл эмесмин” деп көзүнө жаш алды.

Күйөөсү: “Сага сөз берем – экинчи ачуум менен сага кол тийгизбейм”.

Мынакей, Аллах жана Анын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сыфаттаган момун мусулман аялзатынын үлгүсү.

Алар үчүн коруучу болуңуздар, ошондо алар сиздерге кызмат кылышат.
Алар үчүн болуңуздар, ошондо алар сиздер үчүн болушат.

 

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button