alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

ИНСАНДЫН ЖАРАЛУУСУ

Курани Каримде бул төмөндөгүчө айтылат:

“Биз инсанды топурактан жараттык. Кийин аны бир бекем
жайда тура турган Нутфа (уруктук) кылдык. Уруктукту болсо бир
бүркүм канга айландырдык. Аны бир парча этке айландырдык.
Парча этти сөөккө айландырдык, андан сөөктү эт менен жаптык.
Андан соң жан киргизип башкача кылып жаратканбыз” Муминун
с, 12 – 14 аяттар.
Мына ушул аяттарга тереңирээк көңүл бурсак, мында
айтылгандар илимий сөздөр экенин байкайбыз, инсандын адегенде
топурактан жаратылганына ишаара кылынган.
Эркек дагы, ургаачы дагы уруктуктардан түйүлөт. Уруктук
болсо табийгый түрдө жеген оокаттардан пайда болот. Жегилик
азыктар болсо, албетте, топурактан чыккан.
Уруктук – эркек кишиден чыгып, аял кишиге өтө турган
тирүү клеткалар. Ошол клеткалар ургаачы клеткалар менен
кошулуш үчүн аракет жасайт, акырында бирөөсү ургаачы
клетканын тукумун жарып кирип, ага аралашып кетет. Натыйжада
эненин ичинде бала пайда болот. Кийин Алла Таала уруктукту
канга айландырары туурасында кабар берди. Бул болсо
өөрчүгөндөн кийин пайда болуучу бир абал, белгилүү мөөнөттөн
кийин ал музгага айланат. Ошол убактан баштап эмбрион
(түйүлдүк) формага ээ боло баштайт. Анда адегенде сөөк пайда
болуп, сөөк айланасында эт өсө баштайт. Аяттагы: “андан соң
башкача кылып жаратканбыз” деген жыйынтык да Курандын
кереметтүү сырларынын бири. Окумуштуулардын айткандарына
караганда эмбрион – түйүлдүк экинчи айдын башында адамга
эмес, жаңы пайда болуп келаткан бакага көбүрөөк окшойт экен.
Экинчи айдын аягында гана анда башкача өзгөрүштөр жүрүп, суу
жаныбары даражысынан адам тукуму түрүнө өтөт экен. Башгкача
кылып жараттык дегендин мааниси ушул.
Жогоруда айтылгандардан көрүнүп тургандай, Куранда
белгиленген түйүлдүктүн өнүгүү процесси азыркы замандын
илимий ачылыштарынан соң тастыкталды.

ЭМБРИОНДУН КӨРҮНГҮС ПАРДАСЫ

Курани Каримде мындайча айтылган: “Алла силерди
энелериңердин ичинде бир түрдөн экинчи түргө өткөрүп, үч
караңгылык ичинде жаратты” Зумар с, 6 аят.
Мына ушул аят Курандагы илимий кереметтердин бири.
Азыркы илимпоздордун ачканына караганда, эненин
курсагындагы баланы үч кабат жумшак парда ороп турат экен.
Анын үч кабат экенин жөнөкөй көз менен көрүп болбойт, аны
атайын аспаптар менен карап көргөндө гана анык билинет экен.

Автор
Молдо Сабыр Досбол уулу Молдо Сабыр Досбол уулу

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button