alternatetext Багымдат: 06:18 | alternatetextКүн чыгуу: 07:49 | alternatetext Бешим: 13:18 | alternatetextАср: 17:00 | alternatetextШам: 18:44 | alternatetextКуптан: 20:18
МакалаларРубрикасыз

Мусулман аалымдарынын дүйнө цивилизациясына кошкон салымы

Орто кылымдагы исскуство жана илимдин башкы тармак­тарында мусулмандар эн алгач­кылардан, образдуу айтканда пионерлерден болушкан. Мав­ританиялык испания мусулман дүйнөсүнүн илимий жетишкен­диктерин Франция, Англия, Гер­манияга жайылуусуна жол ачкан. Испаниянын университеттери христиан жана еврей студент­терге толуп кеткен. Алар мусул­ман окумуштууларынын колунан билим алып, андан ары өз меке­нинде кадыр-баркка ээ болгон. Мусулмандардын илиминин ба­тышка таратуучу экинчи булак – Сицилия болгон. Мусулмандар­дын бийлиги өкүм сүрүп турган мезгилде Кремондук Жерар, Бал­талык Аделар, Роджер Бекон жана Роберт Честар сыяктуу атактуу котормочулар мусулман илим­поздорунун чыгармаларын араб­чадан латын тилине которушкан. Стенли Лейн Пуль “Испаниялык маврлар” деген китебинде мусул­мандардын бийлиги учурунда Ис­пания Европага адабият, исскуст­во жана башка илимдин тармак­тарында озунун жетишкендиги менен укмуштуудай таанылган. Испания укмуштуудай гүлдөп өсүп, астрономия, математика, ботаника, юриспруденция ж.б. илимдер боюнча эмгек сиңирген илимпоздордун мекенине айлан­ган. Практикалык эксперимент­тер: корабль куруу, жогорку са­паттагы материалдарды өндүрүп чыгаруу, курулуш, керамикалык өнөрчүлүк испаниялык маврлар аркылуу өтө жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн деп жазган.
Александрияда, Дамаскта, Каирде, Багдадда китеп басып чы­гара турган мекемелер ачылган. Кудурети күчтүү Алла Тааланын ыйык Куран китебинин жана Му­хаммад пайгамбардын (ага Алла­нын ырахматы жана саламы бол­сун) таасиринен улам мусулман аалымдары чоң ачылыштарды жасаган. Эми мусулман аалым­дарынын илимдин ар кайсы тар­мактарында жасаган ачылышта­рына токтолуп өтөлү.

Жеңил өнөр жайы

map_altБиринчи жолу кагаз өндү­рүүчү фабрика 794-жылы Багдад­да Гарун ар Рашид деген вазир­дин баласы Ибн Фазл тарабынан курулган. Ушундай эле фабрика Египетте 800-950-жылдары ку­рулган.
Ал эми мындай фабрикалар Европада кийинчерээк 1100- жылы Византияда, 1102-жылы Сицилияда, 1228-жылы Герма­нияда, 1309-жылы Англияда пайда болгон. Кагаз өндүрүүчү фабрикалардын курулуусу менен Ислам маданияты жана илими болуп көрбөгөндөй тездик менен өнүккөн.

Медицина илими

Abu-Ali-Ibn-Sino-AvicennaМедицинанын королу Ибн Сина «Аль-Канон» деген медици­налык эмгеги менен Ислам илими сферасында гана эмес Европада да зор ролго ээ болгон (980-1037- ж.ж.) Ушул китеп Европанын уни­верситеттеринде 600 жыл бою “Медициналык Библия» деген ат менен студенттер үчүн окуу ку­ралы катары колдонулган. Ибн Сина (Авиценна) илимдин 29 тар­магында (анын ичинде медицина да бар) эмгек жазып, европалык­тарга илим жолун ачып берген.
Рази (864-925ж.ж) билими боюнча Ибн Синадан кем калыш­паган дарыгер болгон. Рази кээ бир изилдөөчүлөрдүн божомо­луна таянганда алгачкылардан болуп лихорадка жана ветряная оспа оорулары бар экендигин аныктаган жана алар тууралуу жазып калтырган.
Фатех Султан Михмеддин ус­таты жана мугалими Ахшамсад­дин (1389-1459ж.ж) микробдун пайда болушун аныктап чыккан. Кээ бир изилдөөчүлөр микроб ачылышын Ибн Синанын ысымы менен байланыштырат.
Камбур Весим (1761-жылы өлгөн) туберкуллез микробу бар экендигин ойлоп тапкан.
Ибн Хатиб (1313-1374ж.ж.) ха­лера оорусуна болжолдуу түрдө инфекциялык мүнөздөмө берген.
Мусулман дарыгерлери көз оору илимин изилдөө тармагын­да 100 жылдар бою алдыңкы орунду берген эмес.
Али Ибн Синанын «Гезкир» аттуу илимий эмгеги көз оору боюнча медицинада 100 жылдар бою жалгыз илимий булак болуп эсептелген.
Амар аттуу мусулман илимпоз 9 кылым мурун көзгө хирургия­лык операция жасаган.
Али Ибн Аббас (994-жылы өл­гөн) ракка хирургиялык опера­ция жасаган. Ал жасаган операция азыркы мезгилде жасаган опера­циялардан эч айырмасы болгон эмес. Ал жазган медициналык эн­циклопедия «Китабул Малики» бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготкон жок.
707-жылы Валид бин Абдул­малик халифатынын башкаруу доорунда эң биринчи оорукана ачылган. Ооруканага кеткен жал­пы чыгымдар мамлекет тарабы­нан каржыланган.
Чыгыш мусулмандары ушун­дай бийиктиктерди багынтып жатышканда, европалык дары­герлер буларды элге шарлатан катары көрсөтүшкөн, ал эми оору­каналарды шайтандар жайы деп эсептешкен. Хирургиялык опера­ция жасоого аракеттенген дары­герлерди куугунтукка алышкан.

Математика илими

Математика тармагында да мусулмандардын жетишкен ий­гилигин четке кагууга болбойт. Мунун мисалы катары чыгыш профессору Жак Рислер төмөндө­гүдөй ойду айткан: “Азыркы ма­тематика илиминин жаралуусу­на мусулмандар биринчилерден болуп көмөк көрсөтүшкөн”. Ал эми француз илимпозу Э. Гаутье сыймыктануу менен: “Европалык маданият (анын ичинде алгеб­ра жана анын башкы бөлүктөрү) мусулман илимпоздорунун или­минин негизинде ийгиликке же­тишти жана байыды, чындыгын­да азыркы математика илими бул алгачкы батыш эмес, Ислам мате­матикасынын уландысы катары эсептелет” деп айткан.
Алгебранын негиздөөчүсү Хо­резм (780-850ж.ж) биринчи жолу нөл цифрасын колдонгон. Ал ал­гебра боюнча «Аль-Джабр вал мугабим» деген китепти жазган. Аль Джабр деген китептин ата­лышын батыш окумуштуулары айтылышын өзгөртүп “алгебра” деп аташкан. Ошол мезгилден бү­гүнкү күнгө чейин биздин муун алгебра деп окуп келе жатышат.
Беттанни ( 858-929ж.ж.) ев­ропалык математиктер үчүн чоң үлгү болгон. Жак Рислердин ай­туусу боюнча, Беттани гана факт жүзүндө тригонометрияны не­гиздеген. Синус деген терминди математика илимине мусулман­дар киргизген. Мусулмандар си­нусту «сейб» деп аташкан.
Абу Вафа (940-998ж.ж.) три­гонометрияга тангенс, котангес, косиканс деген түшүнүктөрдү киргизген.
Насриддин Туси (1201- 1277ж.ж.) тригонометрия боюнча алгачкы эмгектин автору болгон. Ошондой эле тригонометрияда өзгөрүлмө формулалардын ачы­лышы Ибн Юнустун ысымына таандык.
Дифференциалдык эсептөө Ньютонго чейин Сабит бин Гур­ра тарабынан ачылган. Геомет­рияны көпчүлүк илимпоздор ой­логондой Декарт эмес, мусулман илимпоз Сабит бин Гурра негиз­деген.
Шпенглер (1880-1936ж.ж) функция деген тушунукту дуй­нолук маданиятта европалыктар гана биринчи жолу киргизгенди­гин айткан. Бирок, бул туура эмес маалымат болгон. Себеби алар­га чейин эле б.а. 100 жыл мурун функция деген түшүнүк Бируни тарабынан ачылгандыгын Му­хаммед Игбал чечкиндүү түрдө белгилеп кеткен.
Гаясиддин Жаммид (1429- жылы өлгөн) алгачкылардан бо­луп ондук системаны эсептөөнү ачкан жана ушул темага арналган илимий эмгек жазган.

Астрономия

Мусулман илимпоздорун кызыктырган дагы бир илимий тармак астрономия болгон. Ислам өлкөлөрүнүн чоң шаарларында обсерваториялар иштеп, анда ачылган илимий ачылыштар Джордано Бруно, Коперник, Галилей сыяктуу окумуштууларга негизги булак катары кызмат кылган. Тармждеги Ислам институтунун мурунку профессору Жак Рислер мусулман илимпоздорунун батыш илимине берген таасири жөнүндө: «Мусулман астрономдору биздин батыш илиминин жаралуусуна математик илимпоздору сыяктуу таасир берди» деп айткан. Мусулмандар “Устурлаб” деген инструментти ойлоп чыгаруу менен жылдыздардын жайгашуу абалын аныктап жана бири-биринен болгон алыстыгын ченеп чыгышкан. 1029-1087 жылдары өмүр сүргөн Зеркали аттуу окумуштуу ошол доордун өзүнө туура келген, ыңгайлуу астрономияны ойлоп тапкан. Мусулман окумуштуулары европалыктарга чейин эле жердин шар формасында экенин жана өз огу менен күндү айланып чыгарын аныкташкан. Аалым илимпоз Бируни илимий изилдөөлөрүн Индияга жакын орун алган Нандана шаарында жүргүзгөн. Ал жердин аянттын үстүртөн эсептеп чыккан. Европада бул метод Бирунинин эрежеси деген ат менен белгилүү. IX-X кылымдарда бир тууган Мусалар жердин айлануу огунун узундугун эсептеп чыгышкан. Астрономия тармагында Фергани аттуу илимпоздун эмгектери 700 жыл бою Европада окуу курал катары кызмат кылган. Фергани күндүн бетинде тактардын бар экенин айткан. Ал эми бүт өмүрүн илимге арнаган Улугбек (1394-1499 ж.ж.) Самаркандга чоң обсерватория курган.

Физика

Ахмед бин Муса “Укмуштуу системалар” деген чыгармасында автоматтык регулировка системасынын миңге жакын приборлорунун планын түзгөн. Абул-Изз Исмаил Аль-жазари «Китабул Хиял» деген чыгармасында кибернетиканын негиздерине салым кошкон. Ал эми Ибн Хайсам (965-1051ж.ж) аттуу илимпоз оптиканын негиздөөчүсү болуп эсептелет. 870-950 жылдары Фараби жаратылыштагы физикалык үнгө мүнөздөмө берген. 950-1010 жылдары Исмаил Жавхери биринчи жолу учууну ишке ашырып, натыйжада өзү курман болгон. IV кылымдагы Мураддын мезгилинде жашаган Лагари Хасан Челеби ракета сымал аппаратты ойлоп чыгарган жана аны учурууну ийгиликтүү ишке ашырып атагы чыккан. Ибни Фирнанас аттуу мусулман окумуштуу 880 жылы биринчи жолу аэропланга окшогон аппаратты конструкциялаган. Ал констукциясына тыгыз кездемени жана куштун канатын колдонгон. Бул анын абада көпкө учуусуна жана жерге жеңил конуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Батышта аэроплан менен учууну Орвилла Райт деген бир туугандар 1903-жылы гана ишке ашырган. Ислам окумуштуулары Ньютонго чейин эле Разиден баштап Бируни жана Хазиниге чейин жердин тартылуу күчүно кызыгышып, ойлорун айтышкан. Бул илимий чындык Ньютонго чейин эле жердин тартылуу кучун мусулмандар ачкандыгын аныктап отурат. Хазини «Музанул Хикмет» аттуу илимий эмгегинде салмак жөнүндөгү түшүнүктү физика илимине киргизген жана ал ар бир заттын өзүнүн уделдик салмагы бар экендигин айткан. Бируни көрөгөчтүк менен 18 заттын уделдик салмагын тапкан. Бул ойлоп табуу азыркы физика илиминде да маанисин жоготкон жок. Хазини Торичелиге чейин эле абанын тыгыздыгын аныктаган, жана абанын тыгыздыгы менен абанын ылдамдыгы бири-бирине көз каранды экенин изилдеп чыккан. Химиянын атасы Жабир бин Хаяйн (721-805ж.ж) зор энергия жөнүндөгү түшүнүктү тапкан жана ал атомдун ичинде орун алып, анын сыртка бөлүнүп чыгуу касиетине ээ экендигин, мындай бөлүнүп чыгуунун негизинде пайда болгон күч Багдадды талкалаганга жарарын айткан. Насирдин Тусинин шакирти Гутбеддин Ширази Декартка чейин 300 жыл мурун күн желеси деген жаратылыштык кубулушка так түшүнүк берген.

Биология

life-1Биология илиминде мусулман окумуштуулары маанилүү прогресске жетишкен, өзгөчө ботаника илимий сферасында багбанчылыкты өнүктүрүү боюнча жогорку жетишкендиктерге ээ болушкан. Зоологияда орто кылымдагы мусулмандар ат үйрөтүү боюнча азын-оолак эмгектерин жазышкан. Абу Убайда 100 дөн ашык китеп жазган, анын ичинен 50сү атты үйрөтүүгө арналган. Аль Данири 1405-жылы Каирдеги эң мыкты зоолог болгон. Анын ж а н ы б а р л а р д ы н жашоосу тууралуу китеби зоология илиминде энциклопедия катары кызмат өтөгөн. Испаниялык Мусулмандар Диоскарид деген ботаникке чейин эле грек гербарийинин 2000 түрүн ботаника илимине киргизишкен. Кордова, Багдадда, Каирде жана Фецеде атайын ботаникалык бактар ачылган. Анын максаты ботаникалык эксперименттерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү болгон. Абу Закирия Яхья ибн Мухаммед ибн Аль-Авван Испанияда жашаган мыкты ботаник болгон. Ал «Китаб аль Уиллалах» деген китебинде орто кылымдагы агрономия боюнча маанилүү трактаттарды жазган. Китепте 585тен ашык өсүмдүктүн түрлөрү жана 50 мөмө берүүчү дарактардын түрлөрү жазылган. Бул эмгекте өсүмдүк оорулары жана аларды дарылоо жолдору да айтылган.

Социология

93376d65Абдурахман ибн Халдун (социологиялык концепциялардын алгачкы автору) жөнүндө тарыхчы жана философ Арнольд Тайнби минтип айтат: “Адамзат тарыхында Ибн Халдун биринчи жолу тарыхтын философиясын ойлоп тапкан жана формулировкалаган. Анын эмгектери эч күмөнсүз улуу болуп бааланып, кийинки пайда болгон Монтескья, Макиавелли, Викондун эмгектери менен катарда турат”. Ал өзү 1332-жылы Тунисте төрөлгөн. Ибн Халдун 16 жашынан эрте жетим калгандыктан Тунистин султанына жазмачы болуп кызмат кылган. Кийин Фес аттуу султандын оздук катчысы болуп иштеген. Акырында Буж султандын кеңешчиси болуп кызмат кылган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында жогорку соттун судьясы болуп, о.э. Аль-Азхар университетинде мусулмандар укугу боюнча сабак берген. Ибн Халдун акыркы жылдары Темирланга да кызмат кылган. Анын «Чон тарыхка киришүү» деген аталыштагы эмгеги өз мезгилиндеги социалдык-экономикалык жана саясий турмушту сүрөттөгөн энциклопедия болуп эсептелет.
Оморзак Абдусомад

//

The post Мусулман аалымдарынын дүйнө цивилизациясына кошкон салымы appeared first on FORMULA.KG.

September 14, 2015 at 11:30AM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button