alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:02 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
МакалаларТарбияЭне жөнүндө

КУЙРУЧУКТУН АЯЛЗАТЫ ТУУРАЛУ АЙТКАНДАРЫ

«Аял — эне. Аял — жашоо башаты. Аял — үйдүн куту, ырыскынын шам чырагы». «Уул жаман болсо муун кетет, аял жаман болсо конок кетет». Аялзатын илгеркилер жалпы жонунан он экиге бөлөт. Бул тууралуу Байзак ажыдан укканым бар. Эмесе, мен дагы кеп салып берейин. Силер дагы айта жүргүлө, бизден кийинкилер да билип алышсын муну — деп кайран Куйручук айтчу экен.

АЛТЫН СОГОНЧОК, ЖЕЗ ШЫРГЫЙ

Аялзатынын эң мыктысы. Көрк-келбетин, шыңга боюн жез шыргыйга теңеп, кадырлап барктап, ызаат кылышкан. Ак уул, кызыл кыздын энеси болгондугу алтын согончок деп бааланган. Илгери эл эгеси ордо үйгө башы ача, аземдүү жез бакан тиреп койгон. Аны менен ак ордонун түндүгүн көтөргөн. Мунусунда да купуя маани бар. Жез шыргый үйгө көрк берип турган. Демек, мыкты аял жез шыргыйдай үй көркү, үйүңдүн тиреги дешкени

АРКАР ЭМЧЕК, АКЫЛГӨЙ ТАРАЗ

Бала-бакырлуу болсо дагы келишимдүү тараз бою, келин сыны кетпейт. Керилген сымбатынан жазбайт. Ошондон улам мындай ургаачыны кайберендин ыйыгы аркарга теңеген. Аллатаала зайыпзатына бөлгөн акыл-эске да ашыгыраак эгедер болгондон улам акылгөй атанган. Адеби адам баласына жагат. Элге, ага-тууганга мамилеси дайыма адамкерчиликтүү.

АК КӨРПӨ ЖАЙЫЛ

Жүрүм-туруму айыпсыз, ала жипти аттабайт. Баш кошкон эрин абыдан кадырлайт. Күйөөсүн күкүктүн баласындай багат. Өзү оор басырыктуу, келбеттүү келет. Ата салтын, каада, үрпадатты жакшы билет. Үйүнө кадырбарктуу коноктор көп келет. Эри дайыма зайыбы менен акылдашып иш кылат. Ошондуктан эринин иши ар дайыма алга жылат.

АК ЖООЛУК ДЕЛБИР

Ашкере чырайлуу, сулуу. Жарык маңдайы, жаңырган айдай каштары, узун кирпиктүү бото көздөрү, кырдач мурду, ак жуумал жүзү, кызыл гүл эриндери, койкогой мойну бирине-бири төп келет. Төгүлгөн узун чачы, кыргый куш мүчөсү сымбатын оголе арттырып турат, келбетинен кемитке таппайсың. Дайыма жарашыктуу кийинип жүрөт. Үй оокатка тың, бүйрө.

ЖАЙЫЛ ДАСТОРКОН

Колу ачык, пейили кенен, бардар. Ушунусу менен элге жагат. Казаны оттон түшпөйт. Дасторкону дайыма жайылуу, аштамагы жайнап турганы турган. Келимкетими көп. Саймачы, оймочу да болушат. Ушакайыңга кызыкпайт. Абысындары урматташат.

ЖАБЫЛУУ КАРА ИНГЕН

Көп сүйлөбөйт, кишиге катуу айтпайт. Арбын убактысын үйтиричилиги менен алпурушуп өткөрөт. Бала бакыралуу, карапайым келет. Текебер, кесир дегенди билбейт. Элге да, эрге да бирдей мамиледе болот. Эрдин табылгасына көтөрүлбөйт. Бар болсо мактанбайт, жок болсо чүнчүбөйт. Кенен оокатка да, тартыш оокатка да бүйрө. Ийнеси баш болгон бактылууга жолугат.

БАШ КОЙКОҢ

Койкоңдоп эл бийлөөгө катышат. Өңдүүтүстүү келет. Тил табышып сүйлөшө билгенге кыйын. Кыял—жоругу, жүрүм-туруму эркек мүнөздүү. Эрин да, үй-бүлөсүн да теске салып башкарат.

ДҮНҮЙӨКӨЙ ТОТУ

Табылганын зайыбы. Илгеркилер чүпүрөк зайып да дешкен. Эски-уску, керексиз чүпүрөксапыракты дүнүйө көрөт. Аларды көзү кыйбайт. Ал эми табылганын зайыбы дегени, эрдин колунан бакдөөлөт тайыса жүдөп калат. «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген. Ошол төө мингендин гана зайыбы. Жөө жүргөнгө — жүк!

ДҮР КАБАК ЧАБДАР

Дайыма кабагы бүркөө, урушка жакын. Дитине бирдеме жакпаса итатайы тутулуп, кайырын чайыр кылат. Эрдин да, балабакыраньш да сазайын берет. «Кыялыңа өз атаң, тууган энең гана чыдабаса» — деп айтайын десең ак уул, кызыл кызды төрөп койгон. Уул-кызы чоңоюп, энесин кой дегиче кайрадан эрди карып кылат.

АЙ ЧЫРАЙЛУУ, АЧА ТИЛ

Алла-таала ага чырайды аянбай берген. Бирок, кемиткесин тилинен чыгарып, акылын бас кылган. Колунан түзүк иш да, аш да келбейт. Тилинин заары кара чаар жыландын тилин калпый кесип, желимдеп алгандай эле бар. Туугантуушканга, коңшуколоңго да тили тиет. Бир эрди өмүрүнчө карып кылат.

ЭЧКИ САН ТЫЙТАК

Түтүндү түрө кыдырган айылчы, узун кулак ушакчы. Эчки сымал эрбең-сербең, жаны жаялбайт, жалакай. Сырт келбети дагы жагымдуу болбойт, көзүң тойбойт. Эки айылды эриктирбейт, бир айылды бириктирбейт. Этегин үзө басып, түтүн чыккан үйлөрдү аңдыйт.

СУУ МУРУН СӨПӨК

Аты эле айтып турат, болгону ургаачы эле… Ушакчылыгы, айылчылыгы жок. Бирок, дайыма жүдөмүш. Үйжайын, казан аягын ирээттүү, таза кармай албайт. Кир коогу жуулбайт. Тамак-аш даярдаганды жөндүү билбейт. Өз боюна да жакшы карабайт.

Куйручук” китебинен

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button