alternatetext Багымдат: 04:16 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
Макалалар

Эркек аялына жагуу учун эмне кылуусу керек?

✨Бисмиллаахир рохмаанир рохиим…

Аллах Таалага чексиз шугурлор болсун! Пайгамбарыбыз (с.а.у.)га салават-саламдар болсун!

Откон сабакта биз аялдар жонундо бир аз кеп кылганбыз. Ал жакта аялдын эркекке болгон мамилеси, куйоосун озуно тартуусу боюнча, анын милдеттери боюнча бир аз айтылган эле. Бул макалада биз эркектер тууралуу да соз кылалы дедик…

❓Эмне, аялдар эле баарын кылыш керекпи?

❓Аял бардык ишти кылып, куйоосун дагы багыш керекпи?

❗Аялдын эле милдеттери барбы?! Эркектерди ушинтип эле коколотуп салабызбы?!!!

Жогорудагы суроолор копчулук аялдарда бар. Туура айтасыз, аялдын да, эркектин да уй-було алдындагы милдеттери бар. Эркек аялына жагуу учун эмне кылуусу керек?

💠Аялынызга жакшы мамиле кылыныз. Ага да ар дайым сый-урмат корсотунуз. «Эркектердин эн мыктысы- аялына жакшы мамиле кылгандар»- деген Пайгамбарыбыз (с.а.у )дын созун унутпаныз!☝🏻

💠 Ал сиз учун оз уй-булосун таштап келгенин унутпаныз. Муну эстен чыгарбастан ага ар дайым ыракмат айтып турунуз.

💠Аялынызды тушуно билиниз! Анын эркелегенин которо билиниз. Жакшылап ойлонунузчу, ал сизден башка кимге эркелеши мумкун?!

💠Аялыныз менен тен тайлашып урушпаныз. Анткени, эки аял бир уйдо жашай албайт. Ооба, сиз келсениз аялыныз ачууланып, кыйкырышы мумкун. Бул учурда бир аз сабыр кылыныз. Жарым саат, бир саат убакыттан сон ал кайра сизге жакшына суйлоп, мурункусундай эле эркелеп баштайт. Аны менен кучонуп айтышканыныз, сиздин эркектик сыпатыныздын жоголуп бара жатканын тушунунуз. Балким, аялыныз туура эмес айтып жаткандыр. Аны ошол кыйкырып жатканда айтуу маанилуу эмес. Качан ал тынчтанып озуно келип калганда гана жакшы, кооз создор менен ага тушундуруу. «Жаан, негизи мен мындай дейин дегем, экообуз биргеликте ушуну мындай деп чечсек, кабылдасак жакшы болот го дейм?!»…
Кээ бир учурда аял менен кенешуу сизге зыянын алып келбейт. Бул да болсо ортодогу суйууну, балким, уй-булону сактап калуусу мумкун (ин шаа Аллах).

💠Ар дайым жумушка бара жатканда аялыныздын жузунон суйуп (ооп) коюнуз. Жана жумуштан кайтып келгенде да муну кайталаныз.

💠Жумуш учурунда сиз да ага смс жонотунуз. Аны катуу суйоорунузду эскертип турунуз. Ооба, эркектер сезимдерин коп билдире бербейт. Бирок, аялдар эркектердин оз сезимдерин бат-баттан арнап туруусун каалайт. «Сен менин асылзатым, балдарымдын суйуктуу, кен пейилдуу апасы, мен азыр сени канчалык сагынып турганымды билсен кана?!»

Бооолду…

Ушул соз эле аялды канчалык бактылуу кылаарын билесизби?! Ал «куйоом мени аябай жакшы корот» деп кимге мактанышын да билбей калат. Бир сиздин смсиниз аялыныздын сизге болгон суйуусун дагы да кучотуп коерун унутпаныз! Анткени, аял, суйуктуу болууну каалайт!

💠Жумуштан уйго келгенде, сиз алгачкы кадамды таштаганда эле балдарынызга АТА, жубайынызга КУЙОО болуп кириниз. Жумушта жетекчи, орун басар, мугалим болсонуз, ошол боюнча уйго кирип барбаныз. Аялга жетекчинин кереги жок. Ага суйуктуу болгон куйоосу керек. Ал эми балдарынызга атасы керек.

💠Уй иштеринде аялдарынарга жардамдашкыла. Бул да болсо ортодогу суйууну бекемдейт. Аялыныз тамак жасап жатса, чайын коюшунуз. Балдарыныз менен ойногончо ага комок корсотунуз. Уй жыйнап жатса, сиз да кол кабыш кылыныз. Бул суннот экенин унутпаныз.

Биздин учурда аялына жардам берген эркектерди эмне дейт? «Подкоблучник» дейт ээ, озун кыйын сезген, кур намыс эркектер, достор. Мына ошолордун уйундогу абалын каранызчы, аялга деген урматты, суйууну коро алат бекенсиз?!

💠Аялынызды эле куник дей бербей, озунузду бир кузгудон да карап коюнуз ээ?! Чын эле аялыныз куникпи же сизби?
Аялым куник деп коюшат. Озунуз аялынызга ченеп акча берсениз, анын да эсебин сурап турсаныз …

Аялды эч качан озунузго салыштырбаныз. Сизге чачынызды тараганга эле бир нерсе алсаныз жетиштуу. А аялга канчалаган нерселер керек болот. Косметика алып, салондорго барып, кичине сулуу болоюн десе «койчу» деп койгон мырзалар да бар. Акчаны сиз бербесениз ал каяктан алат???

💠Озунуздун уй-булодогу, аялыныздын алдындагы милдеттеринизди билиниз, уйронунуз.

Ар дайым аялынызды камсыздап турунуз. Унутпаныз, ал сизге Аллахтан берилген аманат. Аны кийим-кече, тамагы учун, жана башка нерселери учун сиз жооптуусуз. Эн алгач уй-булонузго шарт тузуп бериниз, кийин башка иштер планы менен аткарылсын. Аялды бешиктен кабырга чейин эркектер камсыздоосу керек.

Азыркы учурда, айрым эркектер уйундо олтурушат. Ал эми аялдар базарда, кочолордо соода менен алек. Буга да ыраазы болбогон кээ бир эркектер: «Бугун ушунча эле таптынбы?!» дегенине айран-тан каласын! Эй, аялын иштетип, озу уйундо жаткан инсан!!! Сен эркек деген атынды да, затынды да жоготуп жатканынды билесинби?! Эртенки куну келе турган Эсеп Кунунон, сурак бере турган Кундон, Аллахтан корк!!! Аманатка кыянат кылба! Мунун жазасы кандай болорун сен элестете да албайсын. Сен оз милдетинди аткар!

Аял куйоосунун алдындагы милдеттерин, куйоосу аялынын алдындагы милдеттерин качан гана толук аткарганда, мына ошондо бактылуу уй-було пайда болот.

Аллах Таала эн жакшы Билуучу! Кимге эмне жакшы экенин Эн Жакшы Билет!

🌼Аллах Таалам баарыбыздын журокторубузго бекем ыйман берсин! Оз милдеттерибизди толугу менен аткарууну насип кылсын! Уй-булобузго береке, туболуктуу суйууну насип кылсын! Уул-кыздарыбызга улгулуу ата-эне болууну насип кылсын! Аллахым Озунун суйуктуу, берекеси жааган уй-булодон болуубузду насип кылсын!

👤Нуриза Кармышакова.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button