30.1 C
Bishkek
14.06.2025
МакалаларРубрикасыз

Орозонун организимге болгон пайдасы

Орозо – бул тамак-аштан гана чектелүү эмес.Орозо-руханий жактан бүтүндөй тазалануу да болуп саналат. Бир жылдын ичинде организмде топтолгон ар түрдүү илдеттерден, эски ооруулардан да кутулууга эбегейсиз чоң салымын кошот. Америкалык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча ар бир айдын башында, биринчи күнү (дүйшөмбү күнү) бир күн орозо туткан (ачка жүргөн) адам жүрөк кан-тамыр ооруусуна чалдыгуусун 40 пайызга чейин азайтуусуна, астма приступун төмөндɵшүнɵ, рак оорууларын алдын-алууга жана организмдеги иммунитеттин көтөрүлүшүнө жардам берет дешет. Анда эмесе Ыйык Рамазан айындагы орозонун илимде далилденген пайдасы тууралуу билип алыңыз.
Ашказанга эртеден кечке чейин тамак кирбеген соң организм тамак сиңирүү функциясын ордуна башка милдетин б.а. денедеги бүткүл жаман илдеттерди чыгаруу, тазалануу функциясын ишке салат. Орозо убактысы 12-14 саат – бул тамактын ооздон кирип, жоон ичегиге жеткенге чейинки убакыт болуп эсептелет. Ушул убакыттын ичинде ашказан, ичегилер толугу менен эс алат. Ашказандагы кислотанын азайышынын натыйжасында жара (язва) ооруларынын пайда болуу ыктымалы да азаят;
Орозо убагында боордун иштеши он эсеге көбөйүп, организмдеги ууларды чыгуусун тездетет. Мисалы, орозо убагында организмден аммиактын чыгуусу 100 эсеге көбөйөт экен;
Тамактын жоктугунан организм өзүндөгү ашыкча майларын жоготууга, ар түрдүү илдеттерди, эми башталып келе жаткан рак илдетин да жоготуп салууга күчү жетет экен;
20-35 жаштагы аялдарда болсо орозо убагында кандагы пролактин деген гормон 80% азаят! Ошондуктан, окумуштуулар төрөгөн аялдарга орозону токтотуусун буюрган. Себеби, бул гормон энедеги сүттү иштеп чыгаруу фунциясына ээ. Ал эми боюнда болбой жүргөн аялдарга болсо пролактиндин азайышы алардын балалуу болушуна зор мүмкүнчүлүк жаратат. Анткени, төрөбөгөн аялдардын канында пролактиндин аябагандай ɵсүп кетүүсү байкалган;
Кошбойлуулук — бул медициналык ооруга кирбейт. Бирок, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айткан: “Балалуу жана кошбойлуу аялдар орозо кармабасын, себеби, Аллах жаш баланын же эненин ичиндеги наристенин кыйналышын каалабайт”!
Адамдын терисиндеги майда ооруулар (кожные заболевания) орозо убагында организмдеги суюктуктун азайышынын натыйжасында айыгып кетүүсү жана чоң тери ооруулардын жакшы жакка ɵзгɵрүүсү да далилденген;
Аллергия ооруулары орозо кармаган убакта кескин түрдө азаят, себеби, аллерголог дарыгерлер өздөрүнүн бейтаптарына оорууну айыктыруу үчүн биринчи кезекте эле аларды диетага отургузушат;
Орозо өттөгү жана бөйрөктөгү таштардын пайда болуусуна тосколдук кылат. Орозо кармоо заарадагы кальцийдин көбөйүшүнө, натрий менен калийдин азайышына шарт түзүп берет;
Сөөк-муун оорулары менен ооруган бейтаптарга орозо жана андагы таравих намазын окуу чоң пайдасын тийгизет. Орозо бүткɵн соң мындай ооруулар 1 жылга чейин стационарга жатуу муктаждыктарынан кутулушат.

Related posts

Дин маданиятынын тарыхы 5-класстан баштап окутулат

Улуу Жараткан Алла Тааланын 99 ысым-сыпаты

admin

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев алгачкы иш сапарын Кара-Суу районунан баштады

2 комментарий

xpfhag 14.10.2023 at 17:00

[url=https://mtw.ru/colocation]размещение сервера[/url] или [url=https://mtw.ru/priceunix]хостинг центр москва[/url]

https://mtw.ru/registraciyadomenov хостинг центр москва

Reply
Gagogrofe 07.11.2024 at 18:40

He must rush to meet can blood pressure pills cause blurry vision this envoy before the other tribes, so as to win the healthy habits strictionbp favor of the envoy and prevent the fate of being merged by the seven colored deer priligy and cialis together

Reply

Leave a Comment