alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
ВидеоРубрикасыз

Бишкекте азиз киши капчыгын түшүрүп алганда, көзү көргөндөрдун мамилесине таңгаласыз

Бишкекте “азиз” киши капчыгын түшүрүп алууга байланышкан социалдык эксперимент ошол көзү көрбөгөн адамдын ролун ойногон Каныбек Бейшенбековду абдан таң калдырды. Өзгөчө эл кайнаган Ош базарындагы мекендештерибиздин жасаган мамилеси башкача болду.

Бишкекте “азиз киши капчыгын түшүрүп алды” деп аталган социалдык эксперимент жасап, анда көзү көрбөгөндөргө соо кишилердин мамилесин текшерип көрдүк.
Эксперимент 22 жолу жасалып, анда бир да кишинин “түшүп калган капчыкты” алып койгонун кезиктирген жокпуз. Тескерисинче, “азиздин” артынан чуркап келишип, колуна карматып жатышты.Журналисттер капчыкка 100 сом эмес, эми 1000 сомду чети көрүнгөндөй кылып салып, дагы эксперимент жасашты.
“Окуя” алгач, шаардын борборунда, андан кийин эл кайнаган Ош базарында болду. Баары бир эч ким “азиздин” акчасын акырын алып койгон жок. “Акчасын жоготкон” Каныбек Бейшенбеков буга абдан таң калгандыгын билдирди. Баары бир жакшы адамдар арабызда аз эмес.

Sputnik Кыргызстан

//

The post Бишкекте азиз киши капчыгын түшүрүп алганда, көзү көргөндөрдун мамилесине таңгаласыз appeared first on FORMULA.KG.

September 17, 2015 at 12:13PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button