alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарРубрикасыз

Баткен шаарындагы 54 жетим балага 4 миң сомдон жардам берилди.

Жетимдин чачынан сылап коюнун өзү эле эсепсиз сооп- сыйлыкка татыктуу иш. Ал эмес жетимди кепилдигине алып, жардам берген адам өзү сөөмөй менен ортондой жакын болорун да пайгамбарыбыз (ﷺ) айтып өткөн. Мына ушул хадиске таянып бүгүн, 2-аперлде Бүтүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Баткен облустук казыяты менен биргеликте Баткен шаары жана районундагы 54 жетим балага кезектеги кайрымдуулук жардамын берди. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.

Бир топ жылдан бери уланып келе жаткан кайрымдуулук жардамда ар бир балага 4000 сом акчалай жана ар кандай таттуларды белек кылышты. Эскерте кетсек, 6 жылдан бери Бүтүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын көмөгү менен Баткен шаар жана районундагы 54 жетим балага ай сайын 4000 сом өлчөмүндөгү акчалай жана кошумча ар кандай пайдалануучу буюмдар кайрымдуулук жардамы катары берилип келет.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button