alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 20:00 | alternatetextКуптан: 21:48
РубрикасызТарбия

Туура тарбия

Алыскы айылдардын биринде, калкка кадырлуу, акылман карыя жашай турган. Ал балдарды өтө жакшы көргөндүктөн, дайыма алар менен ойноп, аларга ар кандай белектерди берип турчу. Бирок ал берген оюнчуктар дайыма жука жана өтө назик боло турган.

Балдар алар менен көпкө ойной алышчу эмес, себеби бат эле сындырып алышчу. Ыйлап келген балдарга карыя андан дагы батырак сына турган, назик оюнчук берчү. Канчалык аракет кылышпасын, балдар аларды да көп өтпөй эле сындырып алышчу. Бир күнү балдардын ата-энелери карыяга мындай дешет:
“Биз сизди абдан сыйлайбыз. Сиз биздин балдарыбызды жакшы көрөсүз, бирок дайыма аларга назик, бат эле сынып кала турган оюнчуктарды бересиз. Балдар аларды бат эле сындырып алышкандыктан, ызаланып ыйлап жатышат. Сиз берген оюнчуктар аябай сонун болгондуктан, ойногулары келсе дагы коркуп, ойной албай жатышат”,—дешет. Ошондо карыя:
“Бир аз убакыт өткөндө балдар чоңоюшат. Ошондо бирөө аларга жүрөгүн тартуулай турган учур келет. А мен балдарыңар андай назик, кымбат нерсени сындырбай уруна билүүгө азыртан үйрөнүп, кийин жашоодо кыйналышпасын деп жатам”.—деп жооп кайтарат.
Демек балдарыбызга кичинесинен баштап чоң турмушка карай туура багыт берүү абдан маанилүү. Себеби алар—биздин эртеңки келечегибиз.
“Балдарды чын дилден сүйүп, аларды коргоо—тозоктон сактанууга себеп болот”. (Хадис)
“Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт”. (Эл нускасы)
“Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”. (Макал).

December 28, 2015 at 04:48PM

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button