alternatetext Багымдат: 04:14 | alternatetextКүн чыгуу: 06:00 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:57 | alternatetextШам: 20:01 | alternatetextКуптан: 21:49
МакалаларТарбия

АЯЛЗАТЫН БАРКТАЙ БИЛ

«Силердин эң жакшыңар,аялдарына жакшы мамиле кылганыңар»  (Тирмизи)

✍ Сөзүбүздү Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алейхи васаллам) хадиси менен баштасак: Элибизде: «Аял жакшы, эр жакшы», «Алганың жакшы болсо — жакаң агарат, алганың жаман болсо — сакалың агарат» ,-деген сыяктуу баалуу сөздөр бар. Айтса, айтпаса да аялдын орду, мейли үй-бүлөдө болсун, мейли коомдо болсун орду абдан жогору. Ал эми өзүнүн өмүрлүк жарына кандай мамиле кылуу керектигин Исламдан издесек, чыныгы жашоонун тартибин, чыныгы адамгерчиликти таба алабыз. Адам жашоосунда бактылуу болуусу үчүн биринчи кезекте жакшы аял менен бирге туруусу керек.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Бактылуулук төрт нерседе: ыймандуу аял, кенен турак жай, жакшы кошуна жана татыктуу улоо»  — деп айткан. Мына ушул адам баласына эң зарыл болгон төрт нерсенин биринчиси — ыймандуу аял. Аллах Таала Куранда минтип айтат:  «Анын белгилеринен — алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып, араңарга сүйүү жана ырайымдуулук берип койду. Чынында бул нерселерде акылын иштеткендер үчүн чоң белгилер бар».  Аятта Аллах Таала «Алар менен тынчтанып жашооңор үчүн» деп айтып жатат. Демек, эркек аялга үйлөнгөндөн кийин жашоосун аны менен бирге тынчтыкта өткөрө алат.

?Эркектерге 10 насаат:  Аялды бактылуу кылуу үчүн сүйүктүү экенин дайыма сездире билүү зарыл. Мырзанын колдоосу болбосо, айым соолуган гүлгө окшоп калат. Жолдошунун мээрими, махабаты, эркелетиши аял затына суу сыяктуу зарыл. Демек бул, гүлдүн ар дайым ачылып туруусу үчүн төмөнкүлөрдү эске ала жүрүңүз:

1⃣. Эркек аялга аны жакшы көрөрүн билдирип туруусу керек. Аялдардын табиятында, эгер алар жакшы көрсө тили менен айтып турат. Ал эми эркек жакшы көрсө, аны амалы менен билдирип турат. Аялына жакшы белектерди берип, жакшы мамиле кылуусу — анын сүйүүсүн далилдеп турат. Белек берип турууну унутпаңыз. Муну менен үй-бүлөдөгү жашоо бекем болот. Ошол эле учурда акырет үчүн да сооп-сыйлык топтолот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) айткан:

«Кыяматта, аялына берген нафака таразага биринчи салынат».

2⃣. Жумуш убагында телефон чалып, ал-абалын сурап туруу ашыктык кылбайт.

3⃣. Балдарды тарбиялоодо жардамыңызды эч качан аябаңыз. «Ким адал ырыскы издеп, чарчап келип уктаса, ал күнөөлөрү кечирилген абалда уктайт». Ал эмес дасторкондун үстүндө турган даяр тамактын бир тиштемин алып аялыңыздын оозуна салып койсоңуз да садака болот.

4⃣. Жубайыңыздын урматын бир туугандардын алдында ордуна коюңуз. Элдин алдында кагып-силкип, жалгыз калганда жакшы сүйлөө туура эмес. Тескерисинче, элдин көзүнчө көңүлүн алып, жалгыз калганда кемчиликтерин оңдоону талап кылыңыз.

5⃣. Үй тиричиликке керектүү буюмдар менен о.э жубайыңыздын материалдык муктаждыктарын мүмкүнчүлүгүңүздүн жетишинче камсыздаңыз. . Эркек биринчи кезекте аялын тамак-аш менен камсыз кылуусу керек. Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир адам: эркектин аялга кандай милдети бар? — деп сураганда, ал:

«Өзүң тамактанганда, аны да тамактандыр, өзүң кийингенде, аны да кийиндир» — деп жооп берген.

Дагы бир хадисте:

«Аллах жолунда берген динарыңдан да, кедейлерге берген динарыңдан да, кулдарга берген динарыңдан да өз аялыңа берген динарың жакшыраак болот» — деп айтылган. Аялыңды, бала-чакаңды ачка отургузуп коюп, башкаларга садака бергенден, өз үй-бүлөңө сарптаганың жакшыраак болот.

6⃣. Жылына эки жолу жубайыңызды дем алууга алып чыгыңыз. Мында балдарды туугандарга тыштап эс алуу сунушталат.

7⃣. Жаңы кийим алса же кандайдыр бир өзгөрүү жасаганда өз пикириңизди айтууну унутпаңыз. 8⃣. Балдарыңыздын алдында жубайыңыздын кадырлуу экенин көрсөтүп туруңуз. Алар да урматтап сыйласын.

9⃣. Эч качан кыянаттык кылбаңыз. Бир минөттүк нерсе, бир өмүрлүк үй-бүлөнүн бузулушуна себепкер болбосун. . Аллах Таала айтат:

«Алар (аялдар) силерге, силер (эркектер) аларга кийимсиңер».

Бул аяттын мааниси — аял эркексиз, эркек аялсыз жашоого болбойт, алар бири-бирин жаап жашырып, кемчилигин толуктап турат.

10⃣. Ар дайым жубайыңызды жакшы көрөрүңүздү билдирип туруңуз. Айрым учурда “сени сүйөм”, “жашоодогу тирегимсиң” сыяктуу сөздөрдү ачык айтып туруу керек. …

Айша энебиз Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрылып:

«Мага болгон сүйүүң кандай?» — деп сураганда, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун): «Аркандын түйүнүндөй» — деп жооп берет. «А түйүн бошой элекпи?» — деп сурайт Айша энебиз кайра. — «Түйүн өз абалынан өзгөрө элек» — деп, жооп берет Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун). Мына ушундай үлгүлөрдү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өз үммөтүнө сабак кылып таштап кетти. Ал акыркы сөздөрүндө да: «Аялдарыңарга жакшылык кылгыла», «Аялдар силерге аманат» деп айтып өткөн.

Ким анын жолу менен жашаса бактылуу, ким анын жолунан чыкса бактысыз. Ким Пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) үлгү алып, аялы менен ал көрсөткөндөй жашоо кечирсе, алар бакыттын даамын бирге татышат. Ким үлгүнү башкадан издесе, татыктуу үлгүнү таппайт жана бакыт даамын тата албайт…

Сиздерге үй-бүлөлүк бакыт,бекем ден-соолук каалап,терең урмат-сыйыбыз менен «Бактылуулук Формуласы” эмгек жамааты!…

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button