alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:02 | alternatetextАср: 17:56 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Макалалар

Бейиш жана анын сыпаттары

Бейиш жана анын сыпаттары

🕌Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

📍 БЕЙИШ ЖАНА АНЫН СЫПАТТАРЫ

🖇БИЙИК ДАРАЖАДА БОЛУУЧУЛАР

✍Бейиште даражасы бийик
болуучулардын бири — шейиттер.
Найим бин Хаммар риваят кылган хадисте, Пайгамбар {ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун}:

“Шейиттердин эң мыктылары — биринчи сапта согушкандар. Алар өлгөнгө чейин жүзүн артка бурушкан эмес. Алар бейиштин бийик бөлмөлөрүндө жыргашат. Аларга Раббиң күлөт, эгерде Раббиң өзүнүн кайсы бир пендесине күлсө, ага эсеп-кысап болбойт”- деп
айткан. (Ибн абу Аасим, 229).

📍Кедей-кембагалдарга жана жесирлерге жардам берген адамдардын даражасы да Алла жолунда согушкан адамдын даражасы сыяктуу болот. Бул тууралуу Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар {ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун}:

“Жесирлерге жана кедей-кембагалдарга жардам берген адам Аллах жолунда согушкан адам сыяктуу. Ошондой эле ал түндөсү
чарчабастан нафил намаз окуган жана көп нафил орозо туткан адам сыяктуу болот” – деп айткан. (Муслим, 2982).

📍Жетимди кепилдигине алып, багып чоңойткон адам да Пайгамбар(с.а.в)дын жанында болот. Бул туурасында, Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбар {ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун}:

“Жетимди
кепилдигине алган адам, мейли ал жакын тууганы болсун, мейли чоочун болсун, баары бир ал экөөбүз бейиште ушундай жакын болобуз” – деп, сөөмөйү менен ортонун бириктирип көрсөткөн. (Муатта, 1700).

📍Баласынын дубасы себептүү
атанын даражасы көтөрүлөт.
Бул жөнүндө, Абу Хурайра (р.а) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (с.а.в)
минтип айткан:

“Аллах Таала бейиште момун пенденин даражасын көтөрөт,
ошондо ал:

— “Оо, Аллах, эмне үчүн
менин даражам көтөрүлдү? – деп
сурайт. Алла таала:

“Сенин күнөөлөрүң үчүн Менден кечирим сураган балаңдын дубасы себептүү даражаң көтөрүлдү” деп жооп берет. (Ахмад, 10618).

📘 «Бейиш гезити»

👳 Даярдаган: Ахунов Акжол

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG
https://www.instagram.com/p/CBuMFlqhl03/?igshid=10jla4x3laa70

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button