«Кимде -ким дасторконго түшкөн ушактарды жесе,ал ар дайым мол ырыскы менен жашайт».
«Эгер силердин бирөөңөрдүн жеп жаткан тамагы жерге түшүп кетсе, аны алып,ага жуккан кирди тазалап,ал тамакты жегиле жана аны шайтанга калтырбагыла! »(Бул хадисте айтылган амал текеберчиликти сындырат) .
«Кимде ким тамак жеп жаткан учурда дасторконго түшкөн тамакты кайрадан алып жесе,ал түшкөн тамак бейиште хур кыздардын махыры (калыңы) болот жана Аллах Таала аны,үй -бүлөөсүн пес,жиндилик жана шал оорусунан сакайтат»(Канзул Ибаад) .
«Тамактануудан мурда жана тамактангандан кийин колун сүннөт деп (түшүнүп) жууган адам.Аллахтын каалосу менен эч качан кедей болбойт».
Берекелүү дасторкон үчүн окулуучу дубалар.
Мааниси: «Оо,биздин Робб! Бизге дүнүйө жана акыретте жакшылык бер жана бизди тозок отунан сакта! ».
Мааниси: «Оо Роббим! Менин илимимди көбөйткүн! ».
Мааниси: «Оо,Роббим! Мен Сенин мага берген жакшылыгыңа муктажмын».
Мааниси: «Оо,биздин Робб! Бизге амандан дастаркон түшүр! Ал бизден мурдакыларга жана бизден кийинкилерге сүйүнүч болсун жана Сенин кудуретиңдин белгиси болсун! Сен бизге ырыскы бер! Сен эң жакшы ырыскы Берүүчүсүң! ».
Мааниси: «Оо,Аллах! Менин акымды сактаган динимди дурус кыл! Мен кайтып бара турган акыретимди дурус кыл! Ар бир жакшылыкта өсүүмө бул жашоону себеп кыл! Өлүмдү ар бир жамандыктан кутулуп ыракатка жетүүмө себеп кыл! ».
Дастаркон адеби
Ислам, мусулмандын жашоосунун ар бир минутасында адептүү, тартиптүү жана жумшак болуусун каалаган дин. Адептүү болуп жашоо адамдардын арасында сый-урматты жана сүйүнүчтү жаратат.
Күнүмдүк жашообузга байланыштуу Пайгамбарыбыздын риваят кылган хадистеринин көпчүлүгү тамак адеби тууралуу. Пайгамбарыбыз ар бир ишти кылаардан мурун «бисмилла» деп айтып баштоону жакшы көрөөр эле жана тамактануудан мурун колун жууну эч качан унутпайт эле.
Сахабалардан бири:
«Эй Алланын элчиси! Тамак жеп-ичип жатабыз, бирок курсагыбыз тойбой жатат.» — деп сураганда, Пайгамбарыбыз: «Балким өзүнчө-өзүнчө жеп жатасыңар» дегенде «Ооба» деп жооп берет. Пайгамбарыбыз: «Чогуу жегиле, «Бисмилла» деп айткыла, тамагыңар берекелүү болот» — деп айткан (Абу Дауд, Имаара 20).
Тамактануу адебинде колго алына турган кээ бир жагдайлар төмөнкүлөр:
— Оозундагы тамакты жеп жатканда башка бирөө менен сүйлөшпөө;
— Башкалардын табитин буза турган иштерди жасабоо;
— Табакка бата тургандай эле тамак куйулуусу жана ысырапчылыктан алыс болуу;
— Ортого коюлуп чогуу жегенде өзүнүн алдынан гана алуу;
— Чүчкүргүсү келсе жана оозунан бир нерсе чыгара турган болсо башын сол жагына же болбосо оъ жагына буруусу;
— Тамактанып бүткөндөн кийин «Алхамду лиллаа» деп айтуу;
— Тамактангандан кийин сөзсүз колун жакшылап жуусу жана тишин щётка менен же болбосо мисвак менен тазалоосу керек.