alternatetext Багымдат: 04:33 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:50 | alternatetextШам: 19:50 | alternatetextКуптан: 21:34
Макалалар

Уурулук

Адам баласынын негизги кол тийбестик акы-укуктары бар. Булардан бири – мал-мүлккө ээ болуу укугу. Адам баласы өз аракети менене эмгек кылып мүлк топтойт. Бирөөнүн мал-мүлкүнөн уруксатсыз алууга эч кимдин укугу жок. Ошондуктан уурулук чоң күнөө. Уурулук – бул бирөөнүн мал-мүлкүн ээсинин ыраазылыгысыз же уруксатысыз алуу. Бул деген адамдын негизги акы-укуктарынын бирине, мал-мүлкүнө карата жасалган кол салуу. Азирети Пайгамбарыбыз бул багытта: «Мусулмандын жаны, мал-мүлкү жана намысы (адамдык кадыры) мусулманга арам» деген. Башкача айтканда, эч ким бирөөнүн жанына, ар-намысына зыян келтирүүгө, бирөөнүн мал-мүлкүн уруксатсыз алууга укуктуу эмес. Уурулук коомдо башаламандыктын жаралышына эң иридеги себептердин бири десек эч жаңылышпайбыз. Эгер уурулукка карата коомдук чаралар көрүлбөсө, элдин мал-мүлкү да, адамдардын өмүрү да ар дайым коркунучта болот. Мунун мисалдарын бүгүнкү күнү күнүмдүк турмушубузда көп эле кездештирип жүрөбүз. Уурулуктун айынан канчалаган адамдар мал-мүлкүнөн ажырап, канчалаган адамдар бөөдө көз жумуп жатышат?! Уурулук кылуу — чоң күнөө, арам. Куранда: «Уурулук кылган эркек же аял кишинин колун кескиле! Бул – Алланын жазасы. Алла – Мартабалуу, Даанышман! Ким зулумдук кылган соң тооба кылып жакшылык иштерди жасаса, Алла аны кечирет. Чындыгында Алла – Кечиримдүү, Боорукер!» (Маида сүрөсү, 38-39) деп буюрулат.

Уурдалган мал-мүлктү биле туруп сатып алууга болбойт. Себеби мунун өзү да арам болуп эсептелет. Ислам дини адамды уурулук кылууга түртпөй турган шарттардын түзүлүшүн даярдоого буйуруп, бул багытта негизги талаптарды койгон. Мусулман адам бирөөнүн мүлкүн уруксатсыз алуунун арам жана адам укугу болгондугун билет. Бирөөнүн акысына сугу өтүп шыпшынбайт. Ал адал-арам дегенди түшүнөт. Мына ушул түшүнүгүнөн улам ал ар дайым бул багытта өтө аяр, кылдат мамиле жасайт.

Мусулман баласы эмгекчил болушу керек. Ал өзүнүн да, өз карамагындагы адамдардын да материалдык муктаждыктарын камсыз кылуунун өзүнчө ибадат болгондугун жакшы билет. Ал жалкоолуктан жаа бою качат. Иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок адамдын муктаждыгы эң жакын туугандардын мойнундагы милдет. Аны жалгыз таштап койуу адамгерчиликке да, шариятка да жатпайт. Асыресе, Ислам дини бай адамдардан мал-мүлкүнүн 2,5 пайызын зекет иретинде алып, аны кедейлеркембагалдарга, жарды-жалчыларга, карызы барларга, жолдо калгандарга жардам катары берет. Исламда жардамдашуу муну менен гана чектелүү эмес. Алла Таала мусулмандарды зекеттен тышкары кембагалдарга, муктаж адамдарга өзүнчө жардам берүүгө, кайыр-садага берүүгө, карыз акча берүүгө чакырат. Ошону менен бирге мамлекет же коом муктаж адамдарды жолго таштабашы керек. Ардактуу Пайгамбарыбыз: «Кошунасы ач отурган чакта, ток жаткан адам момун эмес» (Хаким, II, 15) деген. Мына ушундай түшүнүктөр менен жашаган мусулман коомчулугунда арийне, эч ким уурулукка барууга аргасыз болбойт. Ошентсе да муктаждыктары баары жайында боло туруп уруулукка барган адамга оор жаза колдонулат. Бул жаза адам укуктарынын корголушу үчүн абадай зарыл.

Абдуррахман Хачкалы, Теология илимдеринин доктору

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button