15.1 C
Bishkek
12.07.2025
Ырлар

АКЫР ЗАМАН – Туяк акын (1856-1912)

Акыр заман болоордо

Угуп койбой атасын.
Уулу кетет Урумга.
Кызмат кылбай энеге
Кызы кетет Кырымга.

Кыянат кылган кишинин
Кыңыр иши бат болот.
Мээнет кылбай пул табып
Миңгени темир ат болот.

Оомал төкмөл заманда
Окуганы кат болот.
Береке турбайт үйүндө
Бир туугандар жат болот.

Жокчулук келип жылоолоп
Зыгыра наны кант болот.
Алдаган киши көбөйүп
Айткан бир сөзү ант болот.

Аялы укпай сөзүнү
Бетине кара так болот.
Ыймандан чыгып каары-жаш
Ыдырап кеткен чак болот.

Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.

Адамдардын ичинен
Асылдары аз чыгат.
Желмогуздар көбөйүп
Жер астынан газ чыгат.

Күйөөгө чыкпай кыздары
Үйүндө төрөп олтурат.
Бойго жеткен балдары
Болбогон ишти болтурат.

Кан төгүлөт жөндөн жөн
Күндө айылда чуу болуп.
Ичкичтер өтө көбөйүп
Арак агат суу болуп.

Жата калып ичишет
Жакпаса да уу болуп.
Атасынан баласы
Өтүп турат куу болуп.

Акыр заман болоордо
Темирди жиптей өрөсүң.
Отуруп алып очойуп
Ааламды үйдө көрөсүң.

Жамандар менен бир басып
Жакалашып жүрөсүң.
Кой-ай деген кожоң жок
Өзүңө өзүң төрөсүң.

Арам-ариш нерсени
Арамдыгын сезбейсиң.
Уят-сыйыт жоголуп
Катып калган бездейсиң.

Базарга кетет аялың
Кайсы жерден издейсиң.
Кайда бардың катын деп
Калп эле аны тилдейсиң.

Катынды үйдө сакташтын
Жол-жобосун билбейсиң.
Айтып турса аалымдар
Айтылган сөзгө кирбейсиң.

Акыр заман болоордо
Эркектен кубат, күч калат.
Очойуп үйдө олтурат
Катындар чыгып иш кылат.

Береке пайиз жоголуп
Бемаза жолго туш кылат.
Кара далы кыздарың
Көчөдө кетип бараткан
Жигитти көрсө ышкырат.

Билмексен болуп калп эле
Бир динди бекем тутпайсың.
Билип алдым көптү деп
Бириңди бириң укпайсың.

Ынтымагың ыдырап
Ыгын тапсаң муштайсың.
Өзүңдү ойлоп өзгөнү
Балекетке туштайсың.

Акыр заман болоордо
Шарыят билбейт жакының.
Сойкоңдоп барып ар жерде
Сойкулук кылат катының.

Оруска кетет ой берип
Табам деп үйдүн татымын.
Арам тамак жеп-ичип
Ажырайт эстен акылың.

Жанталашып бийликке
Жалганды чындай сүйлөйсүң.
Акылы аздар деп коюп
Аалымдар менен жүрбөйсүң.

Кембагал өлсө капилет
Жаназа окуп кирбейсиң.
Өлүктү жууп кепинди
Өлсөң да аны билбейсиң.

Акыр заман болоордо
Тараза таштан алдашат.
Арамдан таап жегенде
Айыкпас илдет жармашат.

Болбогон ишке чырдашып
Бирини бири каргашат.
Кусурга калып акыры
Караңгы көргө жайлашат.

[mks_separator style=»solid» height=»2″]

Туяк Эрназар уулу — ойчул жана заманист акын болжол менен 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айылында туулган. Атасы Эрназар Пум айылындагы Төөлөс уруусуна караштуу Карынчы уругунан чыккан.

Related posts

БЕШ УБАК НАМАЗ!

admin

Акылдуу келин

admin

Аялын үйдө эч иш кылбайт деген күйөөлөргө.

admin

33 комментарий

Атанаев Жыргал 12.04.2017 at 23:44

Акыры заманда жашап жатабызбы?Айтылгандардын баары эле дал келиптир го.

Reply
Акжол таиров 14.04.2017 at 13:00

Оа дал ошондой бир тууганым эртерээк ойгонгун

Reply
сумая умарова 18.04.2017 at 11:47

Бул бизде болгондор башталышы элего

Reply
Туратбек 13.04.2017 at 05:02

Тообо ушундай да дал келуу болобу

Reply
Умар Токтожумаев 13.04.2017 at 13:26

Ассалааму алайкум бир тууган бул адамдар оулия адамдар болгон.(Аллахтын ээн жакындары)
Ошондуктан алардын кылымдар мурун айткандары биздин заманда ачык корунуп жатат.
Ал улуу акыл парасаттын ээлери болгон адамдар оз оюнан эмес, аян же кандайдыр бир белги келген Аллах тараптан ошол нерсени бизге ыр менен мурас кылган.

Reply
Мансур Нуруллоев 13.04.2017 at 14:30

Акыр заман болоордо
Көзү ачыктар көп чыгат.
Көп жерлерди күйгүзүп
Жерден жайнап өрт чыгат.

Озгочо ушул саптары аябай ушул жылдарданы окуяларга окшошупжатабы?

Reply
Алтынбек 14.04.2017 at 11:39

Башка акындар дагы ырдашкан. Жеңижок, Арстанбек Буйлаш уулу, Калыгул олуя сыяктуулар.

Reply
Чолпонай 14.04.2017 at 15:12

Туура айтасынар! Олуялык касиет Алланын бир озунон болот!!!Азыркы кундордо дагы аян белги алгпндарды козу ачык деп атап жатпайбы, динге тура келбейт деп..Кыргыз Эли Нурдан буткон эл экен…Озгочо олуялык кастет элибизде бар экен!!!

Reply
Аноним 15.04.2017 at 19:14

Көзү ачыктарды олуяларга тенебеш керек. Көзү ачыктар өз кызыкчылыктары үчүн акча таап жүргөндөр да. Олуяларда андай нерсе жок. Олуялар Алланын достору.

Reply
Дастан 15.04.2017 at 21:36

Созунузго кошулам

Reply
Аноним 04.05.2017 at 22:41

Жок андай эмес азыркылар козу ачык а бул акындар чыныгы мусулмандар . азыр эптеп эле акча табуу болуп калбадыбы

Reply
Илимбек 29.05.2017 at 13:04

Туура биток

Reply
Maxa 14.04.2017 at 03:11

Bul yrchynyn aty nege tuyak atalyp kalganyn kim bilet. Internetten izdep jatyp uwul jaka kelip kaldym. Keniri maalymatty kaidan alsam bolot?

Reply
Аноним 14.04.2017 at 12:34 Reply
Аноним 14.04.2017 at 14:36

Алла озун ыйман сабыр бере кор.

Reply
Авазханов Саякбай 15.04.2017 at 13:11

Ностордамус, Ванга жана Месин олуялардан,биздин Туяк бабыз эмнеси кем. Бул кудай берген оомат да. Бирок ушуга окшогон улуктарыбызды дуйного тааныта билишибиз керек.

Reply
Аскарбек Керимакун. 16.04.2017 at 04:17

Жер астынан газ чыгат? Ошол заманда газ деген соз бар беле?
Бирок Ким жазса да жакшы жазган. Азыркы заман.

Reply
Аноним 18.04.2017 at 09:24

Дагы жакшы нефть деп кошуп коюшпаптыр.

Reply
Адилет Ахматов 19.04.2017 at 15:52

Бул киши 1856-жылы туулган деп турат. Орустар келген алгачкы жылдары газ болгон. Демек ошол замандагы газды көрүп, анын келечекте кеңири колдоно турганын көргөн болушу мүмкүн.

Reply
Аноним 09.09.2017 at 23:40

🤣🤣🤣🤣🤣😋😋

Reply
Баатырбек Исираилов 28.04.2017 at 00:59

Коргчтугно 200% бал берем бир кылым мурда биздин жашону катасыз суртогон

Reply
Эмирхан Асылбеков 13.05.2017 at 09:37

Укмуш экен азыркы заманды ошол убактын ойчул каятан билген .Эн сонун адымды акылына келтире турган ыр экен азыркы заман ушундай эле болуп жатат.Элибизге тынчтык эле каалайм.

Reply
Жамшитбек жумошович 01.07.2017 at 21:41

Ошол замандын адамдары ушунчалык пакиза таза адамдар болгон.аллахым аларга аят аркылуу белги берип турса керек деп ойлойм.ото дал келип турганына.

Reply
Аноним 06.07.2017 at 07:15

Чг

Reply
Эльмира 11.07.2017 at 01:07

Газ жонундо билиптирби??

Reply
Жаш акын мс Мукан 11.09.2017 at 01:28

Ну билгендир

Reply
Аноним 21.07.2017 at 21:01

Азыркы замандын жаны акындары жазганго ырды, создору кобунчо жаны создор.

Reply
Аноним 10.09.2017 at 14:08

Кунгойундо кумуш бар тескейинде дилде бар Акылман айкол элим бар деген сыяктуу азыркы бийликтегилер ачып сатабыз дегнн алтын кнндер жонундо да айткандары бар бул акындын

Reply
О Ее 25.07.2017 at 02:06

Нот

Reply
Айнуска 26.07.2017 at 19:53

Акыр замандын озундо жашап же жашабай атканыбызды бир кудай билет бирок ырдын мазмуну азыркы биз жашап коруп угуп жургон болуп аткан иштер.

Reply
Сабыр 03.09.2017 at 17:58

Ким туяк акын атынан :акыр заман:ырын жазган,жазардан мурун ойлонбойбу,сага эмне кыргыздар лох беле ишене бергидей..оо дуйно жонундо,аалымдарды жазыпсын.ж.о.с.Сен аферист кудайдан коркподунбу?Туяк эмес Нострадамус айта алган эмес.Кудай гана коро билип точ в точ айтпаса,дуйнодо бир инсан жок и болбойт алдын айта турган.Хватит дурачит людей,просто раздражает вашы идиотский поступки.Кыргыздар жинди эмес сага;Аферист

Reply
Sherbol 16.10.2017 at 23:26
Reply
www.zuqiuya.com 29.06.2025 at 16:23

TG 速查TG 速查

Reply

Leave a Comment